Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 386 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 22-январындагы
№ 20токтому менен
бекитилген
2008-2011-жылдарга Кыргыз Республикасында
жашы жетелектердин эмгегинин эњ оор түрлөрүн жоюу боюнча
социалдык өнөктөрдүн аракеттеринин
МАМЛЕКЕТТИК ПРОГРАММАСЫ
Киришүү
Кыргыз Республикасында азыркы учурда балдардын эмгеги коомдук жана
бүтүндөй мамлекеттик проблемага айланып отурат. Иштеген балдар салыш-
тырмалуу жакында эле пайда болгонуна карабастан, өлкөдө балдардын ден
соолугуна коркунуч же зыян алып келген жашы жетелектердин эмгегинин оор
түрлөрү жайылып кетти.
Балдардын эмгеги - балдардын укуктарын бузуу жана аларды эксплуа-
тациялоо менен коштолгон өтө терс социалдык көрүнүш. Балдардын эмгеги
тууралуу проблемага жана алардын бакубат жашоосуна Кыргыз Республика-
сында мамлекеттик дењгээлде өзгөчө көњүл бурулат.
Кыргыз Республикасы баланын укугун экономикалык эксплуатациялоодон
коргоону:
- анын ден соолугуна коркунуч туудурган;
- билим алуусуна тоскоол болгон;
- ден соолугуна, бой келбетинин, акылынын, рухий, моралдык жана
социалдык өсүүсүнө зыян алып келүүчү кандай иш болбосун аткарууга жол
бербөөнү караган балдар укуктары жөнүндөгү БУУнун Конвенциясын мындан
10 жыл илгери ратификациялаган.
Милдетине балдардын ар тараптан өсүүсүнө жана корголуусуна көмөк
көрсөтүү кирген Кыргызстандын балдарынын укуктарын жүзөгө ашырууга ба-
гытталган 2010-жылга чейинки "Жањы муун" биринчи мамлекеттик максаттуу
программада "Иштеген балдар" деген өзүнчө бөлүм бар.
Балдар эмгегинин эњ оор түрлөрүн жоюу жана аларга тыюу салуу багы-
тындагы чараларды керүүдө аткаруучу бийлик органдарын, жергиликтүү өзүн
өзү башкарууну, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн, жумуш-
чуларды жана жумуш берүүчүлөрдү активдештирүү жана координациялоо мак-
сатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-августундагы N
541 "Кыргыз Республикасында балдардын эмгегинин маселелери боюнча Коор-
динациялык кењеш жөнүндө" токтому менен Кыргыз Республикасында балдар-
дын эмгегинин маселелери боюнча Координациялык кењеш (мындан ары -
Координациялык кењеш) түзүлгөн.
2006-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл
алынган Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндөгү кодексине ылайык:
- мамлекет балдардын кесиптик даярдыктан өтүү укугун мамлекет 14
жашынан тартып баштапкы кесиптик билим берүүчү мекемелердин системасы
аркылуу камсыз кылат;
- менчиктин бардык түрүндөгү мекемелер, ишканалар жана уюмдар жу-
мушка жайгаштыруу кызматынын жолдомосу боюнча балдарды квоталуу жумуш
орундарына алууга милдеттүү. Балдарды иштен бошотууга баланын өзүнүн,
же үйбүлөнү жана баланы коргоо боюнча бөлүмдүн макулдугу, же соттун че-
чими менен жол берилет;
- Кыргыз Республикасында балдарды эмгектин эњ оор түрлөрүнө (зыян-
дуу жана коркунучтуу шарттагы эмгекке, жер астындагы иштерге, ошондой
эле ден соолугуна жана адеп-ыймандык жактан өсүүсүнө зыян алып келүүчү
иштерге: кумар бизнесине, түнкү клубдардагы иштерге, спирттик ичимдик-
терди, тамекини, бањги заттарын, токсикалык препараттарды өндүрүүчү,
ташуучу жана сатуучу иштерге, чектелген нормадан жогору оор жүктөрдү
көтөрүүгө жана ташууга ж.б.) тартууга тыюу салынат.
Кыргыз Республикасында Эл аралык эмгек уюмунун N 182 Кыргызстанда
балдар эмгегинин эњ сор түрлөрүнө тыюу салуу жана аларды жоюунун кечик-
тирилгис чаралары жөнүндөгү Конвенциясынын ратификацияланышы менен со-
циалдык өнөктөрдүн балдар эмгегин жоюу боюнча ишмердиги активдешип,
белгилүү алга жылуулар болду, бирок балдар эмгегин пайдалануунун дењ-
гээлинин азаюусунун туруктуу тенденциясы байкалбайт.
Мунун себептеринин бири иштеген балдардын саны, жынысы, жашы, кай-
сы жерде, кандай жумушту иштегендиги тууралуу так маалыматтын жоктугу
болуп саналат.
Билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык тейлөө системаларын
жогорку квалификациялуу адистер - социалдык педагогдор, социалдык пси-
хологдор, социалдык кызматкерлер менен камсыз кылуу маселеси курч бой-
дон турат.
Бул Программа Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын
20-январындагы N 24 "Кыргыз Республикасында балдардын абалын жакшыртуу-
нун кечиктирилгис чаралары жөнүндө" Жарлыгын аткаруу максатында бардык
социалдык өнөктөрдүн катышуусу менен иштелип чыкты. Программада "Кыргыз
Республикасында эмгек мамилелери жаатындагы социалдык өнөктүк жөнүндө-
гү" Мыйзамына ылайык социалдык өнөктүктүн негизги принциптери эске
алынды.
1. Кыргыз Республикасында балдар эмгегин пайдаланууга
карата кырдаалдык талдоо
Кыргыз Республикасында балдар эмгегин пайдаланууга карата кырдаал-
дык талдоо ЭЭУ/БЭЖБЭПтин, Эркин профсоюздардын эларалык конфедерациясы-
нын, Тамак-аш өнөр жайынын жана чектеш тармактын кызматкерлеринин эла-
ралык союзунун, Эларалык профсоюздук тармактын колдоосу менен өткөрүл-
гөн 2001-2002-жылдарда балдар эмгегинин Кыргызстанда жайылтылышы туура-
луу изилдөөсүнүн негизинде жасалды.
Кыргызстанда балдар чоњдор эмгектенген негизги чөйрөлөрдө - соода-
да, түрдүү тейлөө кызматтарында, айыл чарбасында, ошондой эле үйдө иш-
тешет.
N 1 таблица. Балдар тартылган иштердин негизги түрлөрү
(пайыз менен)
-----------------------------------------------------------------------
| Иштин түрлөрү | Тандоо чекити | Республика |
| |--------------------------|боюнча иштин |
| |Бишкек| Ош |Нарын|Карасуу |ар бир түрүнө|
| | | | | | тартылган |
| | | | | | балдардын |
| | | | | | жалпы % |
|----------------------------|------|----|-----|--------|-------------|
|Соода-сатык | 23,8 |48,1| 49,0| 26,0 | 32,4 |
|----------------------------|------|----|-----|--------|-------------|
|Товарларды жүктөө, ташуу, | 17,2 | 5,8| 16,3| 12,0 | 13,7 |
|түшүрүү | | | | | |
|----------------------------|------|----|-----|--------|-------------|
|Топтоо (алюминий, бөтөлкө- | 8,1 | 8,3| 2,0| 18,0 | 8,5 |
|лөрдү) | | | | | |
|----------------------------|------|----|-----|--------|-------------|
|Көмөкчү жумушчулар | 9,9 |12,8| 12,2| 12,0 | 11,0 |
|----------------------------|------|----|-----|--------|-------------|
|Тилемчилик кылуу | 10,5 | 0,6| 4,1| 12,0 | 7,5 |
|----------------------------|------|----|-----|--------|-------------|
|Бут кийим тазалоо жана оњдоо| 8,1 | 7,1| 4,1| | 6,8 |
|----------------------------|------|----|-----|--------|-------------|
|Машиналарды жууп, тазалоо | 8,7 | 3,2| 2,0| | 6,0 |
|----------------------------|------|----|-----|--------|-------------|
|Талаада иштөө | 3,2 | 6,4| 4,1| 10,0 | 4,7 |
|----------------------------|------|----|-----|--------|-------------|
|Сойкулук | 3,2 | 1,3| | 4,0 | 2,5 |
|----------------------------|------|----|-----|--------|-------------|
|Башка | 7,3 | 6,4| 6,1| 6,0 | 6,8 |
-----------------------------------------------------------------------
Айыл чарбасында балдар эмгегин тамеки, күрүч жана пахта өстүрүүдө
пайдалануу кењири жайылтылган. Алсак, Кыргыз Республикасынын агроөнөр-
жай комплексинин кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин
маалыматы боюнча бир гана Жалалабат облусунда сезон сайын айыл чарба
иштерине орго эсеп менен 125 мињ бала тартылат.
Изилдөө көрсөткөндөй, жумуш берүүчү менен баланын ортосундагы ма-
миле жазуу жүзүндөгү эмгек келишими менен жөнгө салынбайт. Адатта, бала
чоњдорго караганда өзүнүн эмгегин арзан баалайт. Өз кезегинде кээ бир
иш берүүчүлөр кедей үйбүлөлөргө кошумча киреше алууга мүмкүнчүлүк бе-
рет, анын ичинде балдарын ишке тартуу менен, бирок мындай учурда эмгек
мыйзамдарынын нормалары жана эмгекти коргоо эске алынбайт.
Балдардын көп бөлүгү өздөрүнүн үйбүлөсүнүн фермердик чарбасында
7-9 жаштагы курактан баштап (61,2%) эмгектенишет. 9 жаштан жогору ку-
рактагы балдар орточо 2 жылдан кем эмес эмгек стажына ээ болуп калыш-
кан.
"Ата-энеге жардам берүү" деген формалдуу түшүнүктөн алып караганда
балдардын ишмердигин эмгекке тарбиялоо десек болот, бирок 8 сааттан көп
иш күнүнүн узактыгы эмгекке тарбиялоо учурун балдардын керээли кечке
баш көтөрбөй, болгондо да эмгектин эњ оор түрү менен иштөөсүнө айлан-
тат.
Көпчүлүк балдар үйбүлөдөгү материалдык кыйынчылыктан улам мектепке
барышпайт. Статистикалык маалыматка караганда, Кыргыз Республикасында
мектептеги билим берүүгө балдардын дээрлик көп бөлүгү (97%) тартылганы-
на карабастан, мектепке барбай калган балдардын саны түрдүү себептерге
байланыштуу азайбай келет.
N 2 таблица. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика
комитетинин маалыматы боюнча мектепке барбай
калуунун себептери (мињ адамга)
-----------------------------------------------------------------------
| |2000/|2001/|2002/|2003/|2004/|
| |2001 |2002 |2003 |2004 |2005 |
| |жыл- |жыл- |жыл- |жыл- |жыл- |
| |дар |дар |дар |дар |дар |
|---------------------------------------|-----|-----|-----|-----|-----|
|Мектепте окубаган балдардын саны - | 3516| 2512| 1717| 1344| 2559|
|бардыгы: | | | | | |
|---------------------------------------------------------------------|
|Мунун ичинде мектепке барбай калуунун себептери: |
|---------------------------------------------------------------------|
|материалдык кыйынчылыктар | 201| 820| 677| 350| 721|
|---------------------------------------|-----|-----|-----|-----|-----|
|үйбүлөлүк шарт | 49| 331| 239| 222| 657|
|---------------------------------------|-----|-----|-----|-----|-----|
|ата-энелердин каалабагандыгы | 1477| 294| 169| 152| 217|
|---------------------------------------|-----|-----|-----|-----|-----|
|окугусу келбегендик | 43| 337| 250| 242| 336|
|---------------------------------------|-----|-----|-----|-----|-----|
|жайсыз үйбүлө | 25| 269| 152| 211| 209|
|---------------------------------------|-----|-----|-----|-----|-----|
|иштешет | 28| 305| 144| 53| 156|
|---------------------------------------|-----|-----|-----|-----|-----|
|тилди билбейт (качкындар) | 7| 58| 13| 10| 5|
|---------------------------------------|-----|-----|-----|-----|-----|
|башка себептер | 1686| 98| 73| 104| 258|
-----------------------------------------------------------------------
Изилдөө көрсөткөндөй, суралган балдардын 80% дан ашыгы мектепке
барат, бирок ошол эле учурда алардын ичинен тењинен көбү убактылуу жана
сезондук иштерде эмгектенишет. Иштеген балдар кайсы бир дењгээлде мек-
теп менен болгон байланышын жоготот, орто билим алуу процессин үзгүл-
түккө учуратат. Натыйжада балдардын көп бөлүгү квалификациясы жок жу-
мушчу күчүнүн рыногуна түшүп калат. Көбүнчө иштеген балдар өмүр бою са-
батсыз бойдон калышат.
Кыргызстанда иштеген балдарды профилактикалык текшерүүдөн өткөрүү
системасы иш жүзүндө жок. Иштеген балдар жеке тазалык жөнүндө жөнөкөй
эле билимди ала алышпайт. Иштеген балдардын тамактануусу алардын толук
өсүүсү, боюнун өсүшү, иммунитетинин чыњдалуусу үчүн ж.б. жетишсиз, эп-
теп эле курсак тойгузууга гана багытталган. Көбүнчө иштеген балдар аш-
казан-ичеги, нерв системасынын ооруулары жана дистрофия менен жапа че-
гишет. Дене боюнун өсүүсү жагынан да булар артта калган. Булардын не-
гизги себеби сапатсыз жана регулярдуу эмес тамактануу болуп саналат.
Балдар эмгеги тууралуу проблеманын пайда болуусунун себептерин
талдоо менен төмөнкүлөрдү эске алуу керек:
- көпчүлүк ата-энелер үйбүлөнүн бакубаттыгын кайсы бир дењгээлде
камсыз кылуу үчүн балдарын аргасыз жаш кезинен иштетүүгө мажбур болуша-
рын;
- ата-энелер балдарын иштетүү менен, иштегенин колдоп кубаттоо ме-
нен аларга чын дилден жакшылык жасап жатам деп ойлойт, ушул ишке байла-
ныштуу кандай тобокелдиктер болорун түшүнүшпөгөнүн;
- көптөгөн балдардын түрдүү иштерге тартылышынын чечүүчү факторло-
рунун бири балдар эмгегинин арзандыгы болуп саналарын;
- балдар эмгегинин келип чыгуусунун салттуу себептери менен катар
балдарды иштөөгө түрткөн социалдык-психологиялык мүнөздөгү жањы себеп-
тер балдардын эмгектенүүнү өмүрүнүн милдеттүү этабы, көбүнчө жашоо об-
разым деп кабылдоосу пайда болууда. Муну сурамжылоого алынган балдардын
43,5%ынын ата-энеси акча берип турган шартта да иштөөсүн уланта бергем
дегендиги көрсөтүп турарын.
Кырдаалдык талдоо бул Программа чечүүгө милдеттүү болгон төмөнкү
негизги проблемаларды бөлүп көрсөтүүгө мүмкүндүк берди:
- балдар эмгегин, анын ичинде эњ оор түрүн пайдалануунун жайылган-
дыгын;
- иштеген, мектепке барбаган балдардын саны тууралуу ишенимдүү так
маалыматтын жоктугун;
- коомдун балдар эмгеги тууралуу проблема жөнүндө начар маалымдуу-
лугун;
- балдар эмгегин пайдалануунун профилактикасы жана аны жоюуга ба-
гытталган өнөктөрдүн иш аракеттеринин жетишсиз координацияланышын.
2. Кыргыз Республикасында балдар эмгегинин проблемасын
чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору
Коюлган проблемаларды чечүү үчүн:
- социалдык өнөктөрдүн күч - аракеттерин координациялоо жана би-
риктирүү;
- жашы жетелектердин эмгеги чөйрөсүндө нормативдик укуктук базаны
өркүндөтүү, аны жүзөгө ашыруу жана аткарылышына контролдук кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрли-
гинин алдындагы Мамлекеттик эмгек инспекциясы тарабынан көзөмөлдүктүн
жана контролдун натыйжалуулугун жогорулатуу;
- жашы жетелектерди окуткан, кесипке даярдаган иш берүүчүлөргө
стимул берүү;
- балдарды эксплуатациялоону жоюу, аларды эмгектин эњ оор түрүнөн
бошотуу жана иштеген балдарды реабилитациялоо;
- иштеген балдарды билим алуу жана иштөөнүн альтернативалуу түрү
менен камсыз кылуу;
- балдардын эмгегинин эњ оор түрлөрү боюнча маалымат базасын тү-
зүү;
- коомчулуктун балдар эмгеги проблемасы тууралуу маалымдуулугун
көтөрүү зарыл.
2.1. Социалдык өнөктөрдүн күч - аракеттерин бириктирүү жана
координациялоо
Кыргыз Республикасында балдар эмгегинин маселелери боюнча Коорди-
нациялык кењештин ишмердиги бул Программаны жүзөгө ашыруунун чегинде
социалдык өнөктөрдүн өз ара натыйжалуу аракеттенүүсүнө өбөлгө түзөт.
2.2. Жашы жетелектердин эмгеги чөйрөсүндө нормативдик укуктук
базаны өркүндөтүү
Программанын нормативдик укуктук базасы төмөнкүлөргө негизделиши
керек:
- минималдуу жашка жетелек (14 жаш) балдарды жумушка алууда жумуш
берүүчүлөрдүн жоопкерчилигин катуулатууга;
- 18 жашка чейинки куракта балдар үчүн тыюу салынган оор иштерди
жана балдар эмгегинин эњ оор түрлөрүнүн тизмесин даана аныктоого;
- балдар эмгегинин эр оор түрлөрүнө тыюу салган, ошондой эле бал-
дарды мындай иштерге түрткөндөрдү жана аларга ортомчу болгондорду, би-
лип туруп жол бергендерди катуу жазалоону караган нормаларга.
2.3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү
министрлигине караштуу Мамлекеттик эмгек инспекциясы
(МЭИ) тарабынан көзөмөлдүктүн жана контролдун
натыйжалуулугун жогорулатуу
МЭИ органдары тарабынан балдар эмгегинин маселелери боюнча көзө-
мөлконтролдук жол-жоболорду ишке ашыруунун бирдей ыкмасын иштеп чыгуу
жана киргизүү текшерүүнүн сапатын жакшыртат жана балдар эмгегин мыйзам-
сыз пайдалануунун фактыларын ачууну жакшыртат. МЭИнин күчү менен өткө-
рүлгөн балдар эмгегин коргоо боюнча иш берүүчүлөрдү окутуулар мындай
фактылардын алдын алууга жана кыскартууга багытталат.
2.4. Жашы жетелектерди окутуу жана кесиптик даярдыктан өткөрүү
менен алектенген жумуш берүүчүлөргө колдоо көрсөтүү
Балдар эмгегинин эњ оор түрлөрүн жок кылуу жумуш берүүчүлөрдүн ка-
тышуусусуз мүмкүн эмес. Балдардын билим алуу, кесипке үйрөнүү, анын
ичинде насаатчылык системасы аркылуу мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылууда
социалдык енөктөрдүн биргелешкен аракеттери зарыл. Программанын алка-
гында жумуш орундарынын жана жамааттардагы кырдаалдын мониторинги жана
камсыздандыруу акысынын системасы аркылуу жашы жетелектердин коопсуз
эмгегин камсыз кылууга жумуш берүүчүлөрдүн кызыгуусун көтөрүү боюнча
механизмдерди түзүү каралган.
2.5. Балдарды эксплуатациялоону жоюу, иштеген балдарды эмгектин
эњ оор түрүнөн бошотуу жана аларды реабилитациялоо
Эмгектин эњ оор түрүнө тартылган балдарга социалдык жардам көрсө-
түү жана реабилитациялоого багытталган иш чаралар биринчи кезекте укук
коргоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан укуктук
колдоону жана коргоону, акысыз медициналык кечиктирилгис жардам көрсө-
түүнү, психологиялык жактан калыбына келтирүүнү, баланы адистештирилген
реабилитациялык мекемеге же багып алган үйбүлөгө орноштурууну өз ичине
камтыш керек.
Иштеген балдарды коргоонун профилактикалык чаралары ата-энелерге
балдарды эрте иштетүүнүн, айрыкча иштин оор түрүнө тартуунун ден соо-
лукка зыян экендиги, билим алуунун пайдалуу жагы тууралуу маалымат бе-
рүүгө багытталышы керек. Жумуш берүүчүлөр арасында да балдардын ден
соолугуна зыян алып келүүчү, психологиялык жана адеп-ыймандык өнүгүүсү-
нө кедерин тийгизген иштерге аларды тартпоо жөнүндө түшүндүрүү иштерин
жүргүзүү зарыл. Балдар эмгегинин зыяндуулугу жана баланын келечеги үчүн
билим алуудан артык нерсе жок экени тууралуу ата-энелердин маалымдуулу-
гунун дењгээлин көтөрүүгө, алардын көзүн ачууга бардык күч - аракеттер
багытталышы баарынан чоњ мааниге ээ.
2.6. Иштеген балдардын билим алууга жана иштин альтернативалуу
түрлөрүнө жетүүлөрүн камсыз кылуу
Билим алуу балдар эмгегине түздөн түз альтернатива болуп саналат.
Мектепке үзгүлтүксүз баруу балдарды мажбурлап иштетүүдөн, эксплуатация-
лоонун дагы башка түрлөрүн колдонуудан оолак кылат.
Билим алууга, анын ичинде кесиптик-техникалык билим алууга мүмкүн-
чүлүктү жогорулатуу жана анын натыйжалуулугун көтөрүү үчүн Программанын
алкагында төмөнкү милдеттер чечилиш керек:
- мамлекеттик структуралардын коомдук жана билим берүүнү колдогон
камкордук көрсөтүүчү фонддор менен өнөктөш болуу аркылуу айыл жеринен
келген окуучуларга даректүү жардам көрсөтүү;
- жалпы билим берүүчү мекемелерге тењеп кечки мектептердин, класс-
тардын тармагын кењейтүү;
- иштеген балдарды окутуу үчүн усулдук базаларды түзүү;
- кесиптик-техникалык билим алуу үчүн шарт түзүү;
- үйбүлөдөгү, айрыкча айылдык үйбүлөлөрдөгү балдар эмгегинин алдын
алуу.
Билим алууну камсыз кылууга багытталган чаралар үйбүлөлөргө, бал-
дарга социалдык билим берүү стипендияларын уюштуруу, окуу куралдарын,
ысык тамакты акысыз берүү сыяктуу материалдык жардам көрсөтүүлөрдү да
өзүнө камтыш керек. Ушул эле учурда кембагал үйбүлөлөрдө жашаган бал-
дардын эмгек мыйзамдарынын нормаларын сактап, жашы жетелектердин сөзсүз
түрдө орто билим алуусу тууралуу укугун бузбай, толук эмес иш күнүндө
иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берген альтернативалуу варианттары да табылышы
мүмкүн.
2.7. Балдар эмгегинин эњ оор түрлөрү боюнча маалымат базасын
түзүү. Коомчулуктун балдар эмгеги проблемасы тууралуу
маалымдуулугун жогорулатуу
Программанын бул багыты калктын бардык кызыкдар катмарын проблема-
ны түшүнүү үчүн зарыл болгон негизги маалыматтар менен камсыз кылууну
жана балдар эмгегинин бардык түрүн пайдаланууга каршы чараларды керүүнү
болжолдойт. Маалымат программаны контролдоого жана мониторинг жасоого
жана да зарыл болгон учурда тиешелүү жерин оњдогонго жардам берет.
Программаны жүзөгө ашыруунун жүрүшү жана анын жыйынтыктары туура-
луу элге, билим берүү органдарынын (баштапкы жана орто мектептер, ке-
сиптик баштапкы даярдык берүүчү мекемелер), социалдык коргоо, саламат-
тыкты сактоо мекемелеринин ж.б. өкүлдөрүнө маалымат берип туруу зарыл.
Программанын өз алкагында төмөнкү милдеттерди ишке ашыруу аркылуу
Кыргыз Республикасында балдар эмгегинин эњ оор түрлөрүн жоюу боюнча са-
лым кошуу болжолдонот:
- артыкчылыктарды аныктоо жана жыйынтыктарды баалоо үчүн зарыл
болгон маалыматтарды топтоо;
- Кыргыз Республикасында балдар эмгегинин эњ оор түрлөрү боюнча
маалымат базасын түзүү;
- коомдун, өнөктөрдүн жана бенефициарлардын маалымдуулугун жогору-
латуу;
- маалымат алмашуу, жакшы тажрыйбаларды Кыргыз Республикасында
жайылтуу;
- Кыргыз Республикасынын тажрыйбасын эл аралык дењгээлде жайылтуу.
3. Гендердик тењчиликти камсыз кылуу
Балдар эмгегинин эњ оор түрүн жоюу боюнча саясаттын негизи гендер-
дик экспертизадан өткөн нормативдик укуктук документтерге таяныш керек.
Балдар эмгегинин эњ оор түрлөрүн жоюу боюнча аракеттердин алкагында
уюштурулуучу изилдөөлөр, маалыматтык түшүндүрүү кампаниялары, окутуу
программалары, иштеген балдарды реабилитациялоо жана социалдык интегра-
циялоо гендердик аспекттерди эске алуу менен өткөрүлүшү зарыл.
4. Программаны жүзөгө ашыруунун механизми
Программа аткаруу милдети социалдык өнөктөргө бирдей дењгээлде
жүктөлгөн иш чаралардын комплексинен турат.
Программаны жүзөгө ашыруу боюнча иш аракеттерди жалпы координация-
лоону Координациялык кењеш жүргүзөт.
Программаны жүзөгө ашыруунун жүрүшүн баалоо жалпы кабыл алынган:
натыйжалуулук, жыйынтыктуулук, максатка ылайыктуулук, адилеттүүлүк кри-
терийлери боюнча, ошондой эле адистештирилген :
- балдар эмгегинин эњ оор түрүн жоюу боюнча процесске тартылган
балдардын жана ата-энелердин саны;
- калктын кењири катмарына багытталган балдар эмгеги тууралуу маа-
лыматтык - түшүндүрүү материалдарынын саны жана тизмеси;
- иштеген балдарга укуктук жана юридикалык жардам көрсөтүүчү соци-
алдык тейлөө борборлорунун болушу;
- балдар эмгегин пайдалангандыгы аныкталган учурлардын саны;
- иштин альтернативалуу түрүнө жана окутууга ж.б. киргизилген бал-
дардын саны боюнча да аныкталат.
5. Программаны жүзөгө ашыруудан күтүлгөн жыйынтыктар
Бул Программаны жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө өзүнүн мүнөзү жана шар-
ты боюнча балдардын ден соолугуна, коопсуздугуна жана адеп-ыйманына зы-
ян алып келүүчү иштердин тизмеси аныкталат.
2011-жылга карата Кыргыз Республикасында бул Программаны жүзөгө
ашыруу төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- балдар эмгегинин эњ оор түрүн жоюу боюнча улуттук мыйзамдар эл
аралык стандарттарга ылайыкташтырууга;
- балдар эмгегин, айрыкча анын эњ оор түрүн колдонуунун масштабын
кыскартууга;
- иштеген балдардын санын азайтууга;
- мектепте жана кесиптик-техникалык билим алган балдардын санын
көбөйтүүгө;
- иштеген балдарды жана алардын үйбүлөсүн социалдык тейлөө тарма-
гын кењейтүүгө;
- иштеген балдарды медициналык жактан текшерүүгө;
- жынысы, жаш курагы, ишинин түрү, экономикалык ишмердигинин тар-
магы тууралуу маалыматтар камтылган балдар эмгегинин масштабдары жана
мүнөзү жөнүндөгү маалыматтардын статистикалык базасын түзүүгө;
- социалдык кызматкерлердин, мугалимдердин, врачтардын, мамлекет-
тик кызматкерлердин жана муниципалдык кызматкерлердин балдардын эмгеги-
нин эњ оор түрүн жоюу боюнча дареметин бекемдөөгө;
- Кыргыз Республикасында балдар эмгеги маселелери боюнча Координа-
циялык кењештин алдында балдар эмгегинин эњ оор түрү тууралуу Маалымат-
тык-ресурстук борбор түзүүгө;
- кењири масштабдагы маалыматтык компанияны өткөрүүгө (радио, те-
левидение, басма жана электрондук ММК, буклеттер, плакаттар, конферен-
циялар, форумдар, тегерек столдор ж.б.), ал коомдун, ишетеген балдардын
жана алардын ата-энелеринин маалымдуулугун жогорулатууга жардам берет.
Корутунду
Эмгектин эњ оор түрүнө тартылган, базалык билимди ала албай калган
балдар дене боюнун өсүүсү, интеллектуалдык көрөњгөсү тарабынан чекте-
лүүгө кириптер болуп, сабатсыз жаранга айланып калышы мүмкүн. Мындай
балдар Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө жардам бермек турсун, өздөрү
бала кезден кабылган кедей чөйрөдөн чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүнө да ээ
эмес.
Программаны социалдык өнөктөрдүн биргелешкен күч - аракети аркылуу
жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасында мындан ары балдар эмгегин биротоло
жоюуга арналган иштерге негиз болот.
Негизги түшүнүктөр
Бул Программада төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
- гендердик тењчилик - ар башка жыныстагы адамдардын коомдогу бир-
дей социалдык абалы;
- гендердик экспертиза - улуттук мыйзамдарды, мамлекеттик програм-
маларды жана башка актыларды гендердик шайкеш келүүгө коомдук-укуктук
талдоо;
- балдар (бала) - он сегиз жашка чыга элек жеке жак;
- балдар эмгеги - психикалык, физикалык, социалдык жана моралдык
жактан балдар үчүн коркунуч туудурган жана балдарга зыян алып келүү ме-
нен аларды мектепте окуусунан оолактаткан, мектепте окугандан жана үй-
дөгү иштерден тышкары үйбүлөдөн алыс башка жакта иштөөнү моюнга илген
акы төлөнгөн жана төлөнбөгөн жумуш; баланын минималдуу куракка жетпей
туруп, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамына ылайык иш берүүчү менен
эмгек мамилесин түзүү үчүн бала тарабынан аткарылган жумуш.
- балдардын эмгегинин эњ оор түрлөрү:
мажбурлаган же милдеттүү эмгек, анын ичинде балдарды куралдуу чыр
чатактарга пайдалануу үчүн вербовкалоо аркылуу макулдатуу;
баланы порнографиялык продукцияларды чыгарууга, порнографиялык
көрсөтүүлөргө жана сойкулукка пайдалануу, анын ичинде вербовкалоо жолу
менен;
баланы туура эмес иштерге, вербовкалоо жолу менен аны көбүнчө бањ-
ги заттарын өндүрүүгө жана сатууга пайдалануу;
өзүнүн мүнөзү жана аткарылыш шарты боюнча балдардын ден соолугуна,
коопсуздугуна жана адеп-ыйманына зыян алып келүүчү жумуш;
- социалдык өнөктөштүктүн тараптары - кызматкерлер (алардын өкүл-
дөрү), жумуш берүүчүлөр (алардын өкүлдөрү), Кыргыз Республикасынын бар-
дык структураларынын мамлекеттик бийлик органдары ( профсоюздар жумуш
берүүчүлөр - өкмөт);
- социалдык өнөктүк - тараптардын өз ара аракеттенүүсүнүн парамет-
рлери мамлекет тарабынан аныкталган мамлекеттик органдардын, жумуш бе-
рүүчүлөрдүн бирикмелеринин жана профсоюздардын макулдашылган социал-
дык-экономикалык саясатты, эмгек мамилелери чөйрөсүндөгү саясатты,
ошондой эле жумуш берүүчүлөр менен профсоюздардын ортосундагы эки та-
раптуу мамилени аныктоо жана турмушка ашыруу үчүн өз ара аракеттенүүсү;
- баланын социалдык жактан ыњгайлашуусу - турмуштун оор кырдаалын
башынан кечирген баланын коомдогу кабыл алынган жүрүм-турумдардын эре-
желери менен нормаларына жигердүү көнүгүүсү, ошондой эле анын психоло-
гиялык жана моралдык жактан алган жараатынын залакаларын жењип чыгуу
процесси;
- социалдык реабилитациялоо - бала тарабынан жоготууга учураган
социалдык байланыштар менен функцияларды калыбына келтирүүгө, ошондой
эле анын жашоосун камсыз кылган чөйрөсүн толуктоого, ага карата камкор-
дукту күчөтүүгө багытталган мамлекеттик жана башка мамлекеттик эмес ор-
гандардын, уюмдардын, мекемелердин иш чараларынын комплекси;
- эмгекке тарбиялоо - ден соолугуна, өсүүсүнө зыяны тийбеген, жана
билим алуусуна тоскоол болбогон жумушту балдардын жана өспүрүмдөрдүн
аткаруусу.