Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-июну № 386
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 16-июлундагы № 418 "Кыргыз Республикасынын жарандарын милдеттүү медициналык камсыздандыруу жөнүндө" токтомунун 4-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 7-июлундагы № 440 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 7-июлундагы № 443 "Кыргыз Республикасында милдеттүү медициналык камсыздандырууну киргизүү концепциясы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-ноябрындагы № 858 "2005-2015-жылдарга карата Улуттук токой программасын бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 20 "2008-2011-жылдарга Кыргыз Республикасында жашы жетелектердин эмгегинин эң оор түрлөрүн жоюу боюнча социалдык өнөктөрдүн аракеттеринин мамлекеттик программасы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы № 188 "2010-2015-жылдарга Кыргыз Республикасында безгекти элиминациялоо боюнча программаны бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-майындагы № 237 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнү реформалоонун 2011-2015-жылдарга карата концепциясы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 572 "2011-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигин өнүктүрүү жана потенциалын жогорулатуу программаларын бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 599 "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чаралардын 2011-2015-жылдарга карата комплексин бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-октябрындагы № 666 "Үй-бүлөнү жана энени колдоо жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 690 "Жеке менчик медицинаны жана секторлор аралык келишимдик мамилелерди өнүктүрүүнү эске алуу менен саламаттык сактоо системасын өркүндөтүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-мартындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын текстиль жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата программасы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-мартындагы № 133 "Кыргыз Республикасынын иштетүүчү өнөр жайын өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата программасы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-майындагы № 277 "2014-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын тарамын оптималдаштыруу Концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |