Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 29-январындагы
№ 29 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Соода жана транспорт чөйрөсүнө
көмөк көрсөтүү боюнча улуттук кењеши жөнүндө
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 21-февралындагы № 135 токтомунун
редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Соода жана транспорт чөйрөсүнө көмөк
көрсөтүү боюнча улуттук кењеши (мындан ары - Улуттук кењеш) министрлик-
тердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жа-
на аткаруу бийлигинин башка органдарынын экспорттук-импорттук жол-жобо-
лорду жөнөкөйлөтүү жана Кыргыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндө
"бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү долбоорун (мындан ары - БТ дол-
боору) ишке ашыруу боюнча иштерин координациялоочу коллегиялуу орган
болот.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 21-февралындагы № 135 токтомунун редак-
циясына ылайык)
2. Улуттук кењешти Кыргыз Республикасынын Өкмөтү түзөт. Улуттук
кењештин жекече курамын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республи-
касынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин сунушу боюнча
аныктайт.
3. Улуттук кењеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына,
Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына, Кыргыз Республи-
касында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашууларга
жана ушул Жобого таянат.
4. Улуттук кењештин төрагасы Кыргыз Республикасынын экономикалык
өнүгүү жана соода министри, төраганын орун басарлары - Кыргыз Республи-
касынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы (бажылык жол-жоболор ма-
селелери боюнча) жана Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуника-
циялар министри (транспорттук жол-жоболор маселелери боюнча), Улуттук
кењешинин секретариаты - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жа-
на соода министрлиги болот.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 21-февралындагы № 135 токтомунун редак-
циясына ылайык)
5. Улуттук кењештин негизги милдеттери:
- Кыргыз Республикасында соода (экспорт, импорт) жана транспорт
жол-жоболорун жөнгө салуу маселеси боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясат-
ты иштеп чыгууга көмөктөшүү;
- мамлекеттик органдардын соода (экспорт, импорт) жана транспорт
жол-жоболоруна байланыштуу маселелер боюнча иштерин координациялоо;
- ыйгарым укуктуу органдар үчүн Кыргыз Республикасында соода жана
транспорт жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү, тышкы экономикалык иш жүргү-
зүүнүн жана БТ долбоорун ишке ашыруунун ыњгайлуу, кардарларга багыттал-
ган инфраструктурасын түзүү, Экономикалык иштин субъекттеринин мамле-
кеттик бирдиктүү маалымат базасын түзүү боюнча рекомендацияларды иштеп
чыгуу;
- Борбордук Азиялык региондук экономикалык кызматташтык уюмунун
жана башка эл аралык уюмдардын алкактарында көп тараптуу жана эки та-
раптуу сүйлөшүү процесстеринде Кыргыз Республикасынын позициясы боюнча
сунуштарды иштеп чыгуу;
- БТ долбоорун ишке ашырууга көмөктөшүү жана БТ долбоору боюнча
жумуштарды ишке киргизүүнү жана аткарууну жалпы контролдоо;
- "Кыргыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү тере-
зе" принцибин ишке ашыруу жана жылдыруу борбору" мамлекеттик ишканасы-
нын (мындан ары - "БТ борбору" МИ) ишине жалпы контролду жана стратеги-
ялык башкарууну жүргүзүү;
- тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принциптерин киргизүү,
"БТ борбору" МИнин ишин жакшыртуу жана тышкы соода операциялары менен
байланышкан администрациялык жол-жоболорду андан ары жөнөкөйлөтүү, анын
ичинде уруксат берүүчү документтердин санын кыскартууну киргизүү масе-
лелери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 21-февралындагы № 135 токтомунун редак-
циясына ылайык)
6. Улуттук кењеш төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- тышкы соода ишмердигинин майнаптуу жүргүзүлүшүн камсыздоо макса-
тында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасында соода (эк-
спорт, импорт) жана, ошондой эле БТ долбоорун ишке ашыруу боюнча транс-
порт жол-жоболорун оптималдаштыруу боюнча сунуштарды белгиленген тар-
типте киргизүү;
- БТ долбоорун башкаруучу топту жана БТ долбоорун ишке ашыруу ме-
нен байланышкан маселелер боюнча эксперттик топторду түзүүгө, ошондой
эле алардын жетекчилерин дайындоого;
- Улуттук кењештин иши үчүн мамлекеттик органдардын жана башка ме-
кемелердин тиешелүү адистерин белгиленген тартипте тартууга;
- Улуттук кењештин алдында турган маселелерди чечүү үчүн зарыл
болгон башка аракеттерди жүргүзүүгө;
- Улуттук кењештин жыйындарында министрликтердин, мамлекеттик ко-
митеттердин, администрациялык ведомстволордун жана Кыргыз Республикасы-
нын аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызмат адамдарын соода жана
транспорт жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү маселеси боюнча угуу.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 21-февралындагы № 135 токтомунун редак-
циясына ылайык)
7. Улуттук кењеш өзүнүн ишин бекитилген регламентке жана ар жылдык
иш пландарга жараша уюштурат.
Улуттук кењештин жыйындары зарылдыгына жараша, бирок үч айда бир
жолудан кем эмес өткөрүлөт.
8. Улуттук кењеш өзүнүн жыйынына Улуттук кењештин мүчөлөрүнүн үч-
төн экисинен кем эмеси катышса чечим кабыл алууга укуктуу.
9. Чечимдер Улуттук кењештин жыйынына катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй
көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тењ экиге бөлүнүп калган
учурда Улуттук кењештин төрагасы добуш берген, ал жок болсо - төраганын
орун басары добуш берген чечим кабыл алынат.
9-1. Өзүнүн компетенциясынын чегинде Улуттук кењеш кабыл алган че-
чимдер Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик башкаруу органдары та-
рабынан аткаруу үчүн милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 21-февралындагы № 135 токтомунун редак-
циясына ылайык)
10. Улуттук кењештин төрагасы:
- жыйындын күн тартибин аныктайт;
- Улуттук кењештин жыйындарын башкарат;
- Улуттук кењештин жыйындарынын чечимдерине жана протоколдоруна
кол коет;
- тийиштүү эл аралык уюмдар менен мамиледе Улуттук кењештин атынан
чыгат;
- Улуттук кењештин ишине байланыштуу башка милдеттерди аткарат.
11. Улуттук кењештин секретариаты Улуттук кењештин ишин уюшту-
руу-методикалык жактан камсыздайт.
12. Улуттук кењештин ишине кењеш берүү добушу менен Кыргыз Респуб-
ликасынын Жогорку Кењешинин депутаттары, ынтызар мамлекеттик органдар-
дын, бизнес субъекттеринин, коомдук жана башка уюмдардын өкүлдөрү каты-
ша алышат.