Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-июлундагы № 435 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2009-жылдын 21-февралы № 135
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Соода жана транспорт чөйрөсүнө
көмөк көрсөтүү боюнча улуттук кењешин түзүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 29-январындагы № 29 токтомуна
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе"
принцибин киргизүү концепциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-июнундагы № 315 токтому менен бекитилген Кыр-
гыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин
киргизүү концепциясын ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын инвести-
циялык климатын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ток-
том кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Соода жана транспорт чөйрөсүнө көмөк
көрсөтүү боюнча улуттук кењешин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-январындагы № 29 токтомуна төмөнкүдөй
өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- аталган токтом менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Соода жана
транспорт чөйрөсүнө көмөк көрсөтүү боюнча улуттук кењешинин курамы ушул
токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Соода жа-
на транспорт чөйрөсүнө көмөк көрсөтүү боюнча улуттук кењеши жөнүндө жо-
бодо:
1-пунктта "экспорттук-импорттук жол-жоболорду жөнгө салуу
чөйрөсүндөгү" деген сөздөр "экспорттук-импорттук жол-жоболорду
жөнөкөйлөтүү жана Кыргыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндө "бир-
диктүү терезе" принцибин киргизүү долбоорун (мындан ары - БТ долбоору)
ишке ашыруу боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Улуттук кењештин төрагасы Кыргыз Республикасынын экономикалык
өнүгүү жана соода министри, төраганын орун басарлары - Кыргыз Республи-
касынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы (бажылык жол-жоболор ма-
селелери боюнча) жана Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуника-
циялар министри (транспорттук жол-жоболор маселелери боюнча), Улуттук
кењешинин секретариаты - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жа-
на соода министрлиги болот.";
5-пунктта:
- төртүнчү абзацы "экономикалык иштин" деген сөздөрдөн кийин "жана
БТ долбоорун ишке ашыруунун" деген сөздөр менен толукталсын;
- бешинчи абзац алып салынсын;
- алтынчы абзацтагы "Дүйнөлүк соода уюмунун," деген сөздөр алып
салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы-сегизинчи абзацтар менен толуктал-
сын:
"- БТ долбоорун ишке ашырууга көмөктөшүү жана БТ долбоору боюнча
жумуштарды ишке киргизүүнү жана аткарууну жалпы контролдоо;
- "Кыргыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү тере-
зе" принцибин ишке ашыруу жана жылдыруу борбору" мамлекеттик ишканасы-
нын (мындан ары - "БТ борбору" МИ) ишине жалпы контролду жана стратеги-
ялык башкарууну жүргүзүү;
- тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принциптерин киргизүү,
"БТ борбору" МИнин ишин жакшыртуу жана тышкы соода операциялары менен
байланышкан администрациялык жол-жоболорду андан ары жөнөкөйлөтүү, анын
ичинде уруксат берүүчү документтердин санын кыскартууну киргизүү масе-
лелери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;";
6-пунктта:
- экинчи абзацы "Кыргыз Республикасында соода (экспорт, импорт)
жана транспорт" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле БТ долбоорун ишке
ашыруу боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү-бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"- БТ долбоорун башкаруучу топту жана БТ долбоорун ишке ашыруу ме-
нен байланышкан маселелер боюнча эксперттик топторду түзүүгө, ошондой
эле алардын жетекчилерин дайындоого;
- Улуттук кењештин иши үчүн мамлекеттик органдардын жана башка ме-
кемелердин тиешелүү адистерин белгиленген тартипте тартууга;
- Улуттук кењештин алдында турган маселелерди чечүү үчүн зарыл
болгон башка аракеттерди жүргүзүүгө;";
төмөнкүдөй мазмундагы 9-1-пункт менен толукталсын:
"9-1. Өзүнүн компетенциясынын чегинде Улуттук кењеш кабыл алган
чечимдер Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик башкаруу органдары
тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө
жүктөлсүн.
Премьер-министр И.Чудинов
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 29-январындагы
№ 29 токтомуна
тиркеме
Кыргыз Республикасынын Соода жана транспорт
чөйрөсүнө көмөк көрсөтүү боюнча улуттук кењештин
КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри,
Улуттук кењештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы,
Улуттук кењештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри,
Улуттук кењештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Инновациялык кењеш-
тин секретариатынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, ту-
ризм жана ишкердик бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай
министри;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жа-
на технологиялар мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук инсти-
тутунун директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык эконо-
микалык кызматташтык департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (ма-
кулдашуу боюнча);
"Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын
башкы директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы
(макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Экспедиторлор ассоциациясынын президенти
(макулдашуу боюнча);
"КыргызАСМАП" Эл аралык автомобилдик ташуулар ассоциациясынын
төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргызстандын Базарлар, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү
чөйрөсү ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз тоолор ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу бо-
юнча);
Кыргыз Республикасынын Ишкерлер союзунун президенти (макулдашуу
боюнча);
Кыргызстандын Нефти соодалоочулар ассоциациясынын президенти (ма-
кулдашуу боюнча);
Эл аралык ишкерлер кењешинин аткаруучу директору (макулдашуу боюн-
ча);
"Сustoms Сагgо Sеrviсе" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору
(макулдашуу боюнча);
Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү
(кењеш берүүчү добуш укугу менен);
Техникалык кызматташтык боюнча Герман коомунун программасынын улук
кењешчиси (кењеш берүүчү добуш укугу менен);
"Кыргызстанда ЮСАИД долбоору" долбоору боюнча менеджер (кењеш
берүүчү добуш укугу менен).".
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр Н.Айтмурзаев