КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 29-майы № 248 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Почта байланыш тармагына башкаруунун корпоративдик системасын кол-донууга киргизүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам-дарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Транспорт жана ком-муникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик иш-канасын акционердик коомго өзгөртүп кайра түзүү үчүн, Кыргыз Республи-касынын
Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. "Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өз-гөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбооружактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрибул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караганучурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. Премьер-министр И.Чудинов
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу 1-статья. "Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эр-кинтоо" газетасы, 2006-жылдын 27-июну, № 46) төмөнкүдөй өзгөртүү кирги-зилсин: 15-статьянын үчүнчү бөлүгү алып салынсын. 2-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 3-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти