Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 30-майы № 257
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы
№ 238 "Кыргыз аккредитациялоо борборунун маселелери"
жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 28-августундагы № 481 токтомунун
редакциясына ылайык)
Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жаатындагы
иштердин туруктуулугун жана көз карандысыздыгын камсыз кылууда жогорку
квалификациялуу адистерге эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү, матери-
алдык жактан дем берүү, кызыгууларын арттыруу максатында Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 238
"Кыргыз аккредитациялоо борборунун маселелери" жөнүндө токтомуна төмөн-
күдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттун бешинчи абзацы алып салынсын;
- 2-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз аккредитациялоо борборунун кызматкерлерине төмөнкүлөр
төлөнөт:
- календардык жылдын аягында эмгек акы фондунун орточо айлык
өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы;
- отпускага чыгууда ден соолугун чыњдоого эмгек акы фондунун эки
айлык өлчөмүндөгү пособие.";
- жогоруда аталган токтомго № 1 тиркеме ушул токтомго тиркемеге
ылайык редакцияга берилсин.
2. Кыргыз аккредитациялоо борборунун кызматкерлеринин кызматтык
маяналарынын жогорулашына байланышкан чыгымдарды каржылоо 2008-жылга 2008-жылдын
1-январынан тартып бекитилген бюджеттин чегинде жүргүзүлсүн.
(КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 28-августундагы № 481 токтомунун
редакциясына ылайык)
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө
жүктөлсүн.
Премьер-министри И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 30-майындагы
№ 257 токтомуна
тиркеме
Кыргыз аккредитациялоо борборунун кызматкерлеринин
КЫЗМАТТЫК МАЯНАЛАРЫ
-----------------------------------------------------------------------
|№ | Кызматтын аталышы |Кызматтык маяналары,|
| | | сом |
|--|---------------------------------------------|--------------------|
|1 |Директор | 16000 |
|--|---------------------------------------------|--------------------|
|2 |Директордун орун басары | 12000 |
|--|---------------------------------------------|--------------------|
|3 |Бөлүм башчы | 8000 |
|--|---------------------------------------------|--------------------|
|4 |Башкы адис (башкы бухгалтер) | 6400 |
|--|---------------------------------------------|--------------------|
|5 |Башкы адис | 5600 |
|--|---------------------------------------------|--------------------|
|6 |Жетектөөчү адис | 4800 |
|--|---------------------------------------------|--------------------|
|7 |1-категориядагы адис | 4000 |
-----------------------------------------------------------------------
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов