Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 21-июну № 238
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз аккредитациялоо борборунун маселелери
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 30-майындагы № 257 токтомунун,
2010-жылдын 12-февралындагы № 91,2010-жылдын 5-мартындагы №128
2013-жылдын 18-февралындагы № 86, 2014-жылдын 9-январындагы № 8,
2015-жылдын 8-октябры № 694, 2021-жылдын 17-февралындагы № 47 редакцияларына ылайык)
"Техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасы-
нын Мыйзамын, "Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча орган-
дарды аккредитациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 токтомун ишке ашыруу жана Кыргыз акк-
редитациялоо борборунун иштешин камсыздоо максатында Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз
аккредитациялоо борборунун кызматкерлеринин сандык чеги 15 штаттык бир-
дик санында (тейлөөчү персоналды кошпогондо);
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин алдын-
дагы Аккредитациялоо борборунун кызматкерлеринин кызматтык маяналары № 1 тир-
кемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз
аккредитациялоо борборунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарына иштеген
жылдары үчүн үстөк № 2 тиркемеге ылайык;
(Мыйзамдын редакциясына 2008-жылдын 30-майындагы №257,
2010-жылдын 5-мартындагы №128 токтомунун редакцияларына ылайык алынып салынды)
2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин алдындагы
Аккредитациялоо борборунун кызматкерлерине төмөнкүлөр төлөнөт:
- календардык жылдын аягында эмгек акы фондунун орточо айлык өлчөмүндө
он үчүнчү эмгек акы;
- отпускага чыгууда ден соолугун чындоого эмгек акы фондунун эки айлык
өлчөмүндөгү пособие.;
(Мыйзамдын редакциясына 2008-жылдын 30-майындагы №257, 2010-жылдын 5-мартындагы №128 токтомунун редакцияларына ылайык)
2-1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз
аккредитациялоо борборунун директоруна жыл ичинде эмгек акы фондунун
үнөмдөлгөн каражаттарын кызматкерлерине эмгектин жогорку жана сапаттуу
натыйжалары, кесипкөй жана чыгармачыл демилгелерди көрсөткөндүктөрү үчүн
дем берүүчү төлөөлөргө жумшоого укук берилсин.
Аталган дем берүүчү төлөөлөр жыл үчүн иштин жыйынтыгы боюнча кызматкер-
лердин эки орточо айлык эмгек акысынан ашпаган өлчөмдө жүргүзүлөрү белгиленсин.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 8-октябры № 694 токтомдун редакциясына ылайык)
3. "Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды
аккредитациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын
16-ноябрындагы № 795 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун 9-пунктундагы "саны 11 адамдан турган штаттык бирдик"
деген сөздөр жана сандар "саны 15 адамдан турган штаттык бирдик" деген
сөздөргө жана сандарга алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын
Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору
жөнүндө жобонун 16-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"16. кызматкерлеринин кызматтык маяналары Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү тарабынан белгиленет. КАБдын түзүмүн жана штаттык санын директор
бекитет."
(2010-жылдын 5-мартындагы №128 токтомунун редакциясына ылайык)
4. (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы № 91 токтомуна ылайык
күчүн жоготту)
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы-экономика башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 21-июнундагы
№ 238 токтомуна
№ 1 тиркеме
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы
Кыргыз аккредитациялоо борборунун кызматкерлеринин
КЫЗМАТТЫК МАЯНАЛАРЫ
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январындагы № 8 ,
2021-жылдын 17-февралындагы № 47 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Кызматтын аталышы | Кызматтык маяналары, сом менен |
1 | Директор | 18000 |
2 | Директордун орун басары | 17000 |
3 | Бөлүм башчы | 16000 |
4 | Башкы адис (башкы бухгалтер) | 15000 |
5 | Башкы адис | 12000 |
6 | Жетектөөчү адис | 11000 |
7 | 1-категориядагы адис | 10000 |
8 | Программист | 10000 |
9 | Жеңил автомобилдин айдоочусу | 8500 |
10 | Кызматтык жайды тазалоочу | 5000 |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 21-июнундагы
№ 238 токтомуна
№ 2 тиркеме
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы
Кыргыз аккредитациялоо борборунун кызматкерлеринин
кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн
ҮСТӨК
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
-----------------------------------------------------------------------
| Стажы | Үстөк % |
|---------------------------------|-----------------------------------|
| 1-3 жыл | 5 |
|---------------------------------|-----------------------------------|
| 3-5 жыл | 10 |
|---------------------------------|-----------------------------------|
| 5-10 жыл | 15 |
|---------------------------------|-----------------------------------|
| 10-15 жыл | 20 |
|---------------------------------|-----------------------------------|
| 15-20 жыл | 25 |
|---------------------------------|-----------------------------------|
| 20-25 жыл | 30 |
|---------------------------------|-----------------------------------|
| 25 жылдан жогору | 40 |
-----------------------------------------------------------------------
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов