Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-декабрындагы № 635 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-ноябры № 656
Мамлекеттик зайымдык каражаттарды бөлүүнүн, эсепке алуунун жана кайтарууну камсыз кылуунун механизмдерин өркүндөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан берилүүчү мамлекеттик зайымдык каражаттарды бөлүүнүн, эсепке алуунун жана кайтарууну камсыз кылуунун колдонуудагы механизмдерин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Мамлекеттик зайымдык каражаттарды бөлүүнүн, эсепке алуунун жана кайтарууну камсыз кылуунун тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-августундагы № 518 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген бюджеттик ссудаларды жана чет өлкөлүк кредиттерди жайгаштыруу механизмин өркүндөтүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 6-июлундагы № 320 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-августундагы № 518 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген бюджеттик ссудаларды жана чет өлкөлүк кредиттерди жайгаштыруу механизмин өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 147 "Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июнундагы № 258 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттерге карата заемдук каражаттарды кайтаруунун шарттарын өзгөртүү боюнча сунуштарды кароо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 308 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июнундагы № 258 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттерге карата заемдук каражаттарды кайтаруунун шарттарын өзгөртүү боюнча сунуштарды кароо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-июлундагы № 468 "Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 147 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-февралындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 147 "Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |