ТоктомКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июнундагы № 267» Шайкештиктин милдеттүү тастыктоосунан өткөн продукцияга шайкештиги жөнүндө берилген шайкештик сертификаттарынын жана катталган декларациялардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

                             КР Өкмөтүнүн          2014-жылдын 29-сентябрындагы № 550 токтомуна ылайык                             КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 2-июну № 267

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

        Шайкештиктин милдеттүү тастыктоосунан өткөн продукцияга

     шайкештиги жөнүндө берилген шайкештик сертификаттарынын жана

       катталган декларациялардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин

           жүргүзүү тартиби тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө

 

     "Кыргыз Республикасындагы  техникалык  жөнгө  салуунун   негиздери

жөнүндө"  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Продукциянын шайкешти-

гин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2005-жылдын 30-декабрындагы № 639 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасы-

нын Өкмөтү токтом кылат:

     1. Шайкештиктин милдеттүү тастыктоосунан өткөн продукцияга шайкеш-

тиги жөнүндө берилген шайкештик сертификаттарынын жана катталган декла-

рациялардын  Бирдиктүү  мамлекеттик  реестрин жүргүзүү тартиби тууралуу

Жобо бекитилсин.

     2. "Продукциянын  шайкештигин  милдеттүү  түрдө тастыктоо жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 639 ток-

тому  менен  бекитилген  Продукцияларды милдеттүү түрдө сертификациялоо

жүргүзүү эрежелери жана тартиби жөнүндө Жобого  төмөнкүдөй  өзгөртүүлөр

киргизилсин:

     - 4.6.6-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

     "Шайкештиктин милдеттүү тастыктоосунан өткөн продукцияга шайкешти-

ги жөнүндө берилген шайкештик сертификаттарынын жана катталган деклара-

циялардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү эрежелери жана тарти-

би Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат".

     3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-

тволор,  аткаруу бийлигинин башка органдары өздөрүнүн нормативдик укук-

тук актыларын ушул токтомго ылайык келтиришсин.

     4. Бул токтом расмий жарыяланган  күндөн  тартып  үч  айдан  кийин

күчүнө кирет.

     5. Бул токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз  Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика,  соода,  туризм жана ишкердик бөлүмүнө

жүктөлсүн.

 

 Премьер-министр                                              И.Чудинов