КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-майындагы УӨ № 33 Декрети менен колдонуу токтотулду Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 13-июну № 297 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун резервдик фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптерижөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-статьясына ылайык КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациябашчыларынын - облустардын губернаторлорунун резервдик фонду жөнүндөтиркелген жобо бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: - Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде жыл сайын жерги-ликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернатор-лорунун резервдик фонддору боюнча сарптоолорду караштырсын; - жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары облустардын гу-бернаторлору менен бирдикте Кыргыз Республикасынын республикалык бюдже-тин жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардынгубернаторлорунун резервдик фондунун каражаттарын бөлүштүрүү жана пай-далануу боюнча аткарууда ушул Жобону жетекчиликке алсын. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мони-торинг бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине тап-шырылсын. Премьер-министри И.Чудинов