Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 297
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун резервдик фонду жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор 1.1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациябашчыларынын - облустардын губернаторлорунун резервдик фонду жөнүндөбул Жобо (мындан ары - Жобо) "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укук-тун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына ыла-йык иштелип чыккан. 1.2. Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облус-тардын губернаторлорунун резервдик фонду (мындан ары - резервдик фонд)боюнча сарптоолор жыл сайын Кыргыз Республикасынын республикалык бюдже-тинде каралат. II. Резервдик фонддордун акча каражаттарын пайдалануу тартиби 2.1. Резервдик фонддордон бөлүнгөн бюджеттик каражаттар ушул Жобо-до каралган максаттарга, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы-нын - облустун губернаторунун буйругуна ылайык пайдаланылууга тийиш. 2.2. Резервдик фонддун каражаттарынын тескөөчүсү жергиликтүү мам-лекеттик администрация башчысы - облустун губернатору болот. 2.3. Республикалык бюджетте турган мекемелер да, жергиликтүү бюд-жеттерден каржыланчу мекемелер да резервдик фонддун каражаттарын алуу-чулар боло алышат. 2.4. Резервдик фонддор облуста жүргүзүлчү, Кыргыз Республикасынынреспубликалык бюджетин түзүүдө жана бекитүүдө эске алынбаган экономика-лык, социалдык-маданий жана башка иш-чараларга болжолдонбогон чыгымдар-ды жабуу үчүн түзүлөт жана төмөнкүдөй максаттарга пайдаланылат: - майрам күндөрдө расмий иш-чараларды өткөрүүгө; - Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана катышуучуларына,эмгек ардагерлерине жана облустагы калктын жакыр катмарларына бир жолкуматериалдык жардам көрсөтүүгө; - облустун аймагындагы социалдык-маданий объекттерди курууга,оњдоого жана материалдык-техникалык базасын жана инфраструктурасын жак-шыртууга финансылык жардам көрсөтүүгө; - облустун масштабында расмий даталарга арналган иш-чаралардыөткөрүүгө; - эмгек сињирген кызматкерлерди кесиптик майрамдарга байланыштуусыйлоого; - табигый кырсыктардын жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жанакесепеттерин жоюу боюнча маселелерди ыкчам чечүүгө; - облустагы калктын аз камсыз катмарларына финансылык жардамкөрсөтүү үчүн кайрымдуулук марафондорду өткөрүүгө; - спорттук иш-чаралардын катышуучуларына, ошондой эле илимдин жанамаданияттын ишмерлерине финансылык колдоо көрсөтүүгө; - Кыргыз Республикасынын гүлдөп-өнүгүшүнө орчундуу салым кошкон,ошол облустун аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын чыгаан инсанда-рына бир жолку финансылык жардам көрсөтүүгө. 2.5. Резервдик фонддун каражаттарын төмөнкүдөй пайдаланууга тыюусалынат: - коммерциялык максатка же киреше алып келүүчү ишмердикке; - коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдарды кармоого жана иштерин кам-сыздоого; - бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акыларынкөбөйтүүгө; - облуста болуучу мааракелерди, тойлорду жана облуста башкаоюн-зоок иш-чараларды уюштурууга. III. Кредиттердин тескөөчүсүнүн жоопкерчилиги жана резервдик фонддордун каражаттары боюнча отчет түзүүнүн жана берүүнүн тартиби 3.1. Каражаттардын тескөөчүлөрү жана каражаттарды алуучулар ре-зервдик фонддун каражаттарынын сакталышы, максаттуу жана натыйжалуупайдаланылышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жо-опкерчиликте болушат. 3.2. Резервдик фонддор боюнча акча каражаттардын эсеби каражаттар-дын башкы тескөөчүсүнүн жана алуучусунун өзүнчө казыналык эсебинде(бюджеттик каражаттар боюнча негизги сметадан бөлөк) жүргүзүлөт. 3.3. Резервдик фонддордун каражаттарын алуучулар ай сайын респуб-ликалык бюджетте турган мекемелердин сарптоолор сметасынын аткарылганыжөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2002-жылдын19-августундагы № 245/п "Бюджеттик мекемелердин жана уюмдардын жылдык,кварталдык жана айлык бухгалтердик отчетторун түзүү боюнча нускаманыбекитүү жөнүндө" приказы менен бекитилген № 2 форма боюнча жалпылоочуотчет түзүшөт жана тескөөчүлөргө беришет. 3.4. Каражаттардын тескөөчүсү резервдик фонддордун каражаттарынынпайдаланылышы жөнүндө облус боюнча № 2 формада отчет түзөт жана КыргызРеспубликасынын Финансы министрлигине берет. 3.5. № 2 форма боюнча отчет ушул Жобонун 3.3-пунктуна ылайык ре-зервдик фонддордон алынган каражаттар боюнча өз-өзүнчө түзүлөт жана бе-рилет. 3.6. Резервдик фонддордун каражаттарын эсепке алуунун,бөлүштүрүүнүн жана пайдалануунун жол-жоболору өзгөргөн учурда КыргызРеспубликасынын Финансы министрлиги бул Жобого тийиштүү толуктоолордужана өзгөртүүлөрдү киргизет. 3.7. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары - об-лустардын губернаторлору зарыл болсо резервдик фонддордун акча каражат-тарынын пайдаланылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кварталсайын (жылдык) отчетторду беришет.