КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт үйү2008-жылдын 13-июну № 303 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Баткен облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын, шаарларынын мэрияларынын аткаруу комитеттеринин коллегияларынын заседаниелеринде социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелерин кароо практикасы жана кабыл алынган чечимдердин аткарылышын контролдоону ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Баткен облусунун жергиликтүү мамле-кеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарыКыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарында, Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн токтомдорунда баяндалган социалдык-экономикалык милдет-терди чечүү боюнча кыйла иштерди жүргүзгөндүгүн белгилейт. Ушул милдеттерди аткаруу менен облустун жетекчилиги кадр иштеринөркүндөтүү, социалдык-экономикалык проблемаларды чечүү үчүн жетекчилер-дин жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча чараларды көрүшкөн. Кадрлар менеништөөдө социалдык жана экономикалык милдеттерди чечүүгө алардын жооп-керчилигин жогорулатуучу чыгармачыл демилгесин козгоочу жана жеке тие-шелүүлүк сезимин тарбиялоочу методдор менен ыкмалар толук колдонулабаштаган. Кызматчылардын сапаттык курамы жакшырды - жергиликтүү мамле-кеттик администрациялардын жана Кызылкыя, Сүлүктү шаарларынын мэрияла-рынын аппараттарында жогорку билимдүү адистердин саны 90 проценттенашуунду түзөт, алардын тењинен көбү - экономикалык, техникалык, айылчарбалык жана юридикалык билими бар адистер. Айыл өкмөттөрүнүн аппарат-тарында жогорку билимдүү адистердин саны аны үчтөн бирин, бүтпөгөн жо-горку билимдүүлөр - 16 проценттен ашыкты түзөт. Гендердик саясатка кө-бүрөөк көњүл бурула баштады, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар-дын, шаарлардын мэрияларынын жана айыл өкмөттөрүнүн адистеринин арасын-да дээрлик үчтөн бирин аялдар түзөт. Өздөрүнүн практикалык иштеринде облустук, райондук мамлекеттик ад-министрациялар жана шаарлардын мэриялары социалдык-экономикалык милдет-терди чечүүгө дайыма көњүл бурушат. Бул маселелер алардын иш-планындачагылдырылып, коллегиялардын жана аткаруу комитеттердин заседаниелерин-де каралат. Жыл сайын Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын коллеги-яларынын заседаниелеринде 30га чейинки ири маселелер, райондук мамле-кеттик администрациялардын жана шаарлардын мэрияларынын аткаруу коми-теттеринде - орточо 25ке чейин маселе каралат. Облустун, шаарлардын жа-на райондордун социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыктары талдоогоалынып, квартал сайын коллегиялардын жана аткаруу комитеттердин заседа-ниелеринде каралат. Соњку эки жылда жана ушул жылдын төрт айында облуска Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн 546 токтому жана буйруктары келген. Аларданөздүк чечимдерди кабыл алуу аркылуу 137си же 25 проценти ишке ашырыл-ган, алардын дээрлик жарымы контролго коюлган. "2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясы жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-мартындагы N 84
токтомун ишкеашыруунун чектеринде жана облустун жетекчилигинин тапшырмасы боюнчаконкреттүү милдеттерди аныктоо максатында "2008-2010-жылдарга Баткеноблусун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы" иштелип чыккан,анда бул Программанын иш-чараларын жүзөгө ашырууга тартылуучу каражат-тарды баалоо наркы 8909,4 млн. сомду түзгөн. Бул Программанын иш-чараларынын планында облусту социалдык-эконо-микалык өнүктүрүүнүн маанилүү багыттары чагылдырылган. Райондордун, ша-арлардын аймактарынын, ошондой эле айрым поселоктук жана айылдык кењеш-тердин дењгээлинде социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн өздүк Программа-лары иштелип чыккан. Лейлек райондук депутаттар кењешинин 2007-жылдын 4-мартындагы №4/1 чечими менен бекитилген, Лейлек районунун чегара жанындагы айылда-рын 2007-2010-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасыкөњүл бурууга арзыйт. Анда артыкчылыктуу багыттар: чегара жанындагыайылдардын калкын ичүүчү таза суу жана газ менен камсыздоо, бир катаринвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, айыл чарбасында - айыл чарбапродукцияларын кайра иштетүү боюнча чакан өндүрүштөрдү түзүү, сугатсистемаларын реабилитациялоо, жүзүм өстүрүү боюнча кооперативдерди уюш-туруу, жањы жумуш орундарын түзүү, калктуу конуштардын инфраструктура-ларын өнүктүрүү жана көптөгөн башка иштер аныкталган. Кадрлардын жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча облустун, райондордунжана шаарлардын жетекчилиги кабыл алган турмуштук маанилүү милдеттероблустун социалдык-экономикалык абалына оњ таасир тийгизүүдө. 2007-жылы облустун экономикасынын бардык негизги секторлорундаөсүштүн дурус темптерине жетишилди. Алсак, мисалы 5648,8 млн. сомгоайыл чарба продукциясы өндүрүлдү, өндүрүш көлөмдөрүнүн өсүшү 1,9 про-центти түздү, арпанын, жүгөрүнүн, тамекинин, картошканын, жашылчанындүњ жыйымы көбөйдү. Өнөр жай өндүрүш продукцияларын өндүрүү, соода жанакалкка акы төлөтүүчү кызматтарды көрсөтүүнүн көлөмүнүн өсүшү камсыздал-ды. Облустун чакан жана орто ишканалары өндүргөн продукциялардын көлөмү406,8 млн. сомду же облуста өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын жалпыкөлөмүнүн 28,8 процентин түздү. 2007-жылы капиталдык салымдардын көлөмү460,5 млн. сомду түзүп, 29,0 мињ кв. метр жеке турак үй колдонууга бе-рилди. 2007-жылы облустагы миграциялык процесстерди турукташтыруу мак-сатында 8,2 мињ жумуш оруну түзүлдү. Облустун экономикасындагы өзгөрүүлөр облустун бюджетинин кирешебөлүгүн ийгиликтүү аткарууга өбөлгө болуп, 2007-жылдын жыйынтыгы боюнчаал 2006-жылдын көрсөткүчүнөн 25 процентке ашып кетти. Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы ишкердикти андан арыөнүктүрүү үчүн чараларды көрүүдө, атап айтканда облустук жана Лейлекрайондук мамлекеттик администрациялардын алдында Инвестициялар боюнчаборборлор түзүлгөн, алар "бирдиктүү терезе" режиминде ишкердик иш-ара-кеттин керектүү уруксат берүү документтерин тариздөө боюнча иштөөгө ба-гытталган. Мындан тышкары, соњку эки жылда облустун экономикасына 54,8 млн.АКШ доллары өлчөмүндө чет өлкөлүк инвестициялар тартылган. Атап айткан-да, Дүйнөлүк банк тарабынан каржылануучу "Ички чарбалык сугат" долбоо-рунун көмөгү менен жалпы наркы 134,9 млн. сомдук Суу пайдалануучулардын6 ассоциациясындагы (СПА) объекттерди реабилитациялоо бүткөрүлгөн, ушулжылдын биринчи кварталында "Кайыњды-Охна" СПАсында 14,7 млн. сомөздөштүрүлгөн. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары "АРИС" долбоо-ру менен биргеликте Кызылкыя, Сүлүктү жана Баткен шаарларында суу мененжабдуу системаларын реабилитациялоо жана реконструкциялоо боюнча иштер-ди жүргүзүүдө. Германия техникалык борборунун долбоорунун колдоосу ме-нен Баткен шаарында "Мол түшүм" айыл чарба кооперативи түзүлгөн, анынЛейлек жана Кадамжай райондорунун райондук борборлорунда филиалдарыбар. Кооперативде 80 топко бириккен 1500 мүчө бар, кооперативдинмүчөлөрүн сапаттуу үрөн, уулуу химикаттар, ветеринардык препараттар,чачыраткыч жана башка каражаттар менен жењилдик шарттарда камсыздоо ма-селелери кыйла натыйжалуу чечилүүдө. Шагыл төшөө аркылуу узундугу 49,9 км болгон Пүлгөн-Бүргөндү айлан-ма жањы автожолун курууда 95,8 млн. ашуун сом өздөштүрүлгөн. Жолдун ай-рым участоктору облустун жашоочуларынын активдүү катышуусу менен ашарыкмасында курулган, мындан тышкары калктан 3,6 млн. сом суммасында акчакаражаттары тартылган. Жергиликтүү маанидеги иштерди чечүүдө калкты тартуу боюнча кыйлаиштер жүрүүдө. Облустун айыл өкмөттөрүндө жалпы саны 3612 адамдан тур-ган 451 жамаат (жамааттык уюмдар) иштейт, алардын жалпы капиталы 13,3млн. сомду түзөт. Лейлек районунда да дурус иштер жүрүүдө, мында 163жамаат иштейт. Жамааттар айыл өкмөттөрүнө көптөгөн социалдык-экономика-лык проблемаларды чечүүгө жардамдашат. Жамааттык уюмдар аркылуу жаран-дар аймактардын иштерин башкарууга катышат. Ошону менен бирге Баткен облустук, райондук мамлекеттик админист-рациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын изилден-ген маселе боюнча иштеринде жетишпестиктер жана кемчиликтер орун алган. Айрым жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынын уюштуруу иштеринин дењгээли учурдагыталаптарга толук жооп бербейт. Мамлекеттик администрация башчылары, ша-арлардын мэрлери жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары өзүнүн ишмердигинөркүндөтүүгө тийиштүү көњүл бурулбайт, коллегиялардын жана аткаруу ко-митеттеринин жергиликтүү ресурстарды жана мүмкүнчүлүктөрдү издеп табуужана пайдалануу боюнча сунуштарды жана иштеп чыгуу, социалдык-экономи-калык милдеттерди кыйла натыйжалуу аткаруу боюнча ыйгарым укуктары алдаканча толук пайдаланылбайт. Ишти пландоодо олуттуу кемчиликтер бар. Айыл өкмөттөрүнүн ишин пландоодо кыйла кемчиликтер орун алууда,алардын көпчүлүгүндө социалдык-экономикалык өнүктүрүү, жогору турганоргандардын токтомдорунун жана өзүлөрүнүн чечимдеринин аткарылышынконтролдоо, иштердин абалы, аткаруучулук тартипти бекемдөө үчүн адис-тердин жоопкерчилигин катуулатуу маселелери каралбай калууда. Иштердинпланынын мазмуну боюнча айыл өкмөттөрүнүн ишмердигинин багытын аныктоокыйын. Атап айтканда Лейлек районунун Кулуњду айыл өкмөтүндө жыл ичиндепландаштырылган 15 маселенин ичинен социалдык-экономикалык өнүктүрүүгөтиешелүү бир да маселе жок. Коллегиялардын жана аткаруу комитеттеринин заседаниелериндегипландуу маселелер көп учурларда каралбай калат, ошол эле мезгилде план-дан тышкары көптөгөн маселелер талкууга алынат. Изилдөөгө алынган мезгилдин аралыгында жергиликтүү мамлекеттик ад-министрациялар жана шаарлардын мэриялары пландаштырылган 271 маселениничинен ар бир бешинчи маселеси каралбай калган, ар бир үчүнчүсү -мөөнөттөрүн бузууга жол берүү менен каралган. Ошол эле учурда коллегиянын заседаниелерине пландан тышкары 101маселе киргизилип, 37 процентти түзгөн, анын ичинде Баткен облусунунмамлекеттик администрациясы тарабынан - үчтөн бир бөлүгүнөн ашыгы, Лей-лек районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан - үчтөн эки бөлүгү.Кызылкыя шаарынын мэриясы тарабынан жыл сайын ар бир үчүнчү маселе ка-ралбай калат, 1.1 процентинен ашыгы - бекитилген мөөнөттөрүн бузуу ме-нен каралат. Ишти пландоодо олуттуу кемчиликтер Баткен жана Кадамжайрайондорунун мамлекеттик администрацияларында орун алган. Мисалы, облустук мамлекеттик администрациялардын коллегияларынынзаседаниелериндеги "Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, шаар-лардын мэрияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынынинвестицияларды тартуу жана калкка чакан кредит берүү боюнча иштерижөнүндө", "Ош-Баткен-Исфана автожол башкармалыгынын иши жөнүндө" сыяк-туу пландык иштер каралбай калган. Лейлек районунун мамлекеттик адми-нистрациясында "Социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестицияларды тартуу,жумуш орундарын түзүү, социалдык-маданий объекттердин жана медициначөйрөсүндөгү Аксуу айыл өкмөтүндө өткөрүлүүчү иштер жөнүндө" пландуумаселе каралган эмес. Кызылкыя шаарынын мэриясы тарабынан "Акбулак айылөкмөтүнүн жазгы-талаа иштерине даярдык көрүү боюнча жүргүзгөн иштерижөнүндө" маселе каралбай калган. Жогоруда турган органдардын токтомдору менен иштөөдө кемчиликтерорун алган. Баткен районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 19-январындагы № 15