Бишкек ш, Өкмөт үйү2008-жылдын 17-июнундагы №305 "Аскер кызматчылыгына, ички иштер органдарынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын органдарынын, бањгизаттарын контролдоо боюнча органдардын катардагы жана жетекчилик курамдагы адамдарына жана алардын үй-бүлөлөрүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы №12 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын утуттук коопсуздук органдары жөнүндө" жана "Терроризмге каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, терроризмге каршы күрөшүүчү Кыргыз Республикасынын утуттук коопсуздук органдарынын аскер кызматчыларын социалдык жактан коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Аскер кызматчыларына, ички иштер органдарынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруучу системасынын органдарынын, бањгизаттарын контролдоо боюнча огандардын катардагы жана жетекчилик курамдагы адамдарына жана алардын үй-бүлөлөрүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана пособие дайындоонун жана тейлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы №12 токтому менен бекитилген Аскер кызматчыларына, ички иштер органдарынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын, жазык аткаруу системасынын органдарынын, бањгизаттарын контролдоо боюнча органдардын катардагы жана жетекчилик курамдагы адамдарына жана алардын үй-бүлөлөрүнү иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: - 3-пункттун "г" пункчасынын отуз төртүнчү абзацы "оперативдүү курам" деген сөздөрдөн кийин", ал эми терроризмге каршы күрөшүүчү улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин иштеген жылдары 1991-жылдын 31-декабрынан баштап эсептелет" деген сөздөр менен толукталсын. 2. Ушул токтомдун 1-пунктунан келип чыгуучу чыгымдарды каржылоо "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине каралган чыгымдардын бекитилген сметасынын чектеринде жүргүзүлсүн. 3. Бул токтом 1995-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Премьер-министр И.Чудинов