Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
1995-жылдын 13-январы № 12
Аскер кызматкерлерине, прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, өрттүн алдын алуу жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын жазык-аткаруу системасынын, баңги заттарды контролдоо боюнча органдын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-декабрындагы № 779, 2000-жылдын 20-январындагы № 36, 2002-жылдын 20-августундагы № 572, 2003-жылдын 11-мартындагы № 113, 2004-жылдын 13-июлундагы № 528, 2005-жылдын 16-июлундагы № 296, 2005-жылдын 9-декабрындагы № 568, 2005-жылдын 21-декабрындагы № 599, 2006-жылдын 20-январындагы № 32, 2006-жылдын 23-октябрындагы № 745, 2007-жылдын 11-майындагы № 171,2008-жылдын 14-июлундагы № 376, 2011-жылдын 13-июнундагы № 305, 2012-жылдын 12-январындагы № 23, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, 2016-жылдын 15-июнундагы № 322, 2016-жылдын 30-июнундагы № 369, 2025-жылдын 5-августундагы № 470 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Эскертүү: КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-августундагы № 470 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр расмий тилиндеги редакциясына киргизилди.
Кыргыз Республикасынын "Аскер кызматындагыларды пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы № 369 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аскер кызматкерлерине, прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, өрттүн алдын алуу жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын, баңги заттарды контролдоо боюнча органдын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндөгү Жобо бекитилсин (тиркелет).
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 9-декабрындагы № 568, 2006-жылдын 23-октябрындагы № 745, 2012-жылдын 12-январындагы № 23, 2016-жылдын 15-июнундагы № 322, 2016-жылдын 30-июнундагы № 369 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ички иштер, улуттук коопсуздук, жазык-аткаруу системасынын маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча 1995-жылдын 1-майына чейин аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын, баңги заттарды контролдоо боюнча органдарынын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө жеңилдетилген шартта пенсия чектөө үчүн иштеген жылдарын эсептөөгө, укук берген кызмат өтөөнүн Кыргыз Республикасындагы жерлердин тизмесин аныктасын.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 9-декабрындагы № 568, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, 2016-жылдын 30-июнундагы № 369 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Коргоо, ички иштер, жазык-аткаруу системасынын, баңги заттарды контролдоо боюнча, финансы полициясынын, улуттук коопсуздуктун, транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын байланыш кызматынын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар өздөрүнүн актыларын "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Жобого ылайык келтиришсин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы № 369 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр | А. Жумагулов |