Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы № 306 токтому менен бекитилген |
Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-сентябрындагы № 510 Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114, 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө бул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-статьясына ылайык иштелип чыккан.
2. Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлери - бонитетинин баллы төмөн жана арык, структурасыз топурак кыртыштуу, мелиорациялык жактан жакшыртуу үчүн көп чыгымды талап кылуучу айыл чарба жерлери.
3. Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерине төмөнкүдөй жерлер кирет:
- кайрак айдоодо, кысыр аңызда - бонитетинин баллы 20 дан ашык эмес, дан бирдигиңдеги түшүмдүүлүгү 5 ц/га жетпеген, топурак кыртышынын үстүңкү катмары бузулгандыктан деградацияланган, топурагы катуу эрозияланган, абдан туздуу жана шорлуу, абдан саздак, абдан таштак жерлер;
- көп жылдык өсүмдүктөр өскөн жерлерде - бонитетинин баллы 20дан ашык эмес, дан бирдигиндеги түшүмдүүлүгү 5,6 ц/га жетпеген, суу жана сугаруу булагы жок болгондуктан катып калган, абдан туздуу жана шордуу, бадалдуу, абдан таштак, мөмө-жемиш бербеген жерлер;
- чабындыларда - бонитетинин баллы 20 дан ашык эмес, тоют бирдигиндеги түшүмдүүлүгү 2,8 ц/га жетпеген, абдан таштак жана саздак, абдан туздуу жана шордуу, узак убакыт бою ашыкча нымдуу шартта болгон жерлер;
- (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-сентябрындагы № 510 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-сентябрындагы № 510 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүнүн максаты айыл чарба өндүрүшүндө пайдаланылчу жерлердин топурак кыртышын жакшыртууну, түшүмдүүлүгүн арттырууну, жаратылышта экологиялык тең салмакты сактоону көздөйт.
5. Өздөштүрүү объектилери - ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн, мамлекеттик менчикте турган (мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын жерлеринен башкалар) асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлери болот.
6. Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлери өздөштүрүүгө иштетилчү мезгилде айыл чарбалык өндүрүш жүргүзүү үчүн 7ден 10 жылга чейин убактылуу пайдаланууга берилет.
Жер пайдалануучу жер участокту өздөштүрүү боюнча курулуш жана мелиорация жумуштарын долбоордук-сметалык документтердин негизинде жүргүзөт.
7. Өздөштүрүлгөн жер участогу пайдалануу мөөнөтү бүткөндөн кийин ушул Жобонун талаптарына ылайык менчикке берилсе болот.
8. Өздөштүрүлүп, белгиленген тартипте менчикке берилген жер "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген инвестициялык макулдашуу бар жерлерди кошпогондо жердин башка категориясына которулбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Бул Жобонун нормалары Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине колдонулбайт.
II. Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин иштетүүгө берүү жөнүндө өтүнүчтү кароо
10. Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлеринен жер участогун айыл чарба өндүрүшү үчүн өздөштүрүүгө берүү жөнүндө өтүнүчтү Кыргыз Республикасынын жарандары жер участогу аймагына караган тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына беришет.
Өтүнүчтө жер участогун өздөштүрүүнүн негиздемеси көрсөтүлөт, арыз ээсинин ким экенин билдирүүчү документтин көчүрмөсү жана иштетүүгө сунуш жасалып жаткан участогунун планы тиркелет.
11. Каралып жаткан жер участогун берүү же башкаруу/тескөө компетенциясына кирген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, анын ичинде облустук маанидеги шаардын мэриясы жана жергиликтүү мамлекеттик администрация төмөнкүлөрдүн негизинде тийиштүү чечим чыгарат, алар:
- ошол жер участогунун укуктук абалы жөнүндө жергиликтүү каттоо органы берген маалымат;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишкананын (мындан ары - "Кыргызмамжердолбоорлоо") кыртыштардын бонитетинин жана чабындылардын түшүмдүүлүгүнүн сапаттык абалын балл менен текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча даярдалган жер участогунун күрдүүлүгүнүн төмөндүгү жөнүндө корутундусу.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-сентябрындагы № 510, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114, 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
12. Жер участокторун өздөштүрүүгө берүү жөнүндө чечимде төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
- негизи;
- жер участокторунун чегаралары жана жайгашуусунун сүрөттөмөсү, аянттары жана кадастрлык номерлери менен кошо;
- жер участогу айыл чарба жеринин кайсы түрү үчүн өздөштүрүлөөрү;
- арыз ээсине жер участогун өздөштүрүү боюнча долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жөнүндө тапшырма.
13. Жер участокторун өздөштүрүүгө берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кызыкдар жакка андай чечим чыгарылгандан кийин үч күндүн ичинде жиберилет.
14. Жер участокторун төмөнкүдөй учурларда өздөштүрүүгө берүүгө болбойт:
- Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык жер участокторун берүүгө чектөө коюлган же тыюу салынган учурда;
- айлана-чөйрөнү коргоо, өзгөчө кырдаалдар, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары терс корутунду берсе;
- өтүнүч айыл чарбалык өндүрүш үчүн өздөштүрүүдөн башкага берилсе;
- ал жерлер калктуу конуштардын башкы пландарына жана курулуш куруу пландарына ылайык алардын чегинин ичинде болсо.
15. Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн өздөштүрүү "Кыргызмамжердолбоорлоо" түзүүчү долбоордук-сметалык документтин негизинде жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
III. Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүнүн жана эксплуатациялоого кабыл алуунун тартиби
16. Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүү боюнча жумуштар ырааты менен эки этапта жүргүзүлөт (техникалык жана биологиялык иштетүү).
17. Биринчи этапта өздөштүрүлчү жерде пландоо, кыртышын сыйруу жана күрдүү кыртышты жана породаларды ташуу жана төгүү, сугат тармактарын, атайын гидротехникалык курулмаларды куруу жумуштары жана өздөштүрүүгө арналган башка иштер жүргүзүлөт.
18. Экинчи этапта жердин күрдүүлүгүн арттыруу боюнча агротехникалык жана фитомелиорациялык иштердин комплекси (биологиялык өздөштүрүү) жүргүзүлөт. Биологиялык өздөштүрүү боюнча негизги иштерге органикалык жана минералдык жер семирткичтердин керектүү дозаларын себүү, гипстөө, көп жылдык чөптөрдү, дан жана буурчак өсүмдүктөрдү себүү ж.у.с. жумуштар кирет.
19. Өздөштүрүлгөн асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин жергиликтүү мамлекеттик администрация, облустук маанидеги шаардын мэриясы дайындачу комиссия кабыл алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Комиссияны жергиликтүү мамлекеттик администрация, облустук маанидеги шаардын мэриясы жерди өздөштүрүүчү адамдан объекттин даярдыгы жөнүндө өздөштүрүү боюнча чыгымдарды далилдеген тийиштүү документтер тиркелген жазуу жүзүндөгү билдирүүсү алынгандан кийин беш күндүк мөөнөттүн ичинде дайындайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Өздөштүрүлгөн жерлерди өткөрүп берүү-кабыл алуу боюнча комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, облустук маанидеги шаардын мэриясынын, жергиликтүү аксакалдар сотторунун, жергиликтүү жер жайгаштыруу жана каттоо, айлана-чөйрөнү коргоо органдарынын, айылды суу менен камсыздоо жана суу чарба органдарынын, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн өкүлдөрү киргизилет.
Зарыл болсо комиссиянын ишине катышууга жерлерди өздөштүрүү долбоорлорун түзүүгө катышуучу уюмдардын адистери, эксперттер жана башкалар тартылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Өздөштүрүлгөн жерлерди өткөрүү-кабыл алууда комиссия төмөнкүлөргө милдеттүү:
- аткарылган техникалык жумуштардын бекитилген долбоорго шайкештигин текшерүүгө жана аларга баа берүүгө;
- өздөштүрүлгөн жерлердин кийинки пайдаланылышын тактоого.
23. Өздөштүрүлгөн жерлердеги эрозияга каршы, мелиорациялык жана башка курулмаларды сыноо, текшерүү боюнча бардык чыгымдар ал жерлер пайдаланууга берилген заказчынын каражаттарынын эсебинен төлөнөт.
24. Заказчы комиссияга төмөнкүдөй документтерди жана материалдарды берет:
- жерди убактылуу пайдалануу укугун күбөлөндүрчү документтер;
- айыл чарба жерлерин өздөштүрүү долбоору;
- "Кыргызмамжердолбоорлоо" жер участогунун асылдуулугу төмөндүгү жана айыл чарба жерлерин өздөштүрүү боюнча долбоорлонгон иштер аткарылганы жөнүндө корутундусу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Өздөштүрүлгөн жерлерди өткөрүү-кабыл алуу актысы үч нускада түзүлөт. Бир нускасы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын жергиликтүү органына, экинчиси жер пайдалануучуга, үчүнчүсү - жергиликтүү мамлекеттик администрацияга, облустук маанидеги шаардын мэриясына берилет. Актыга өткөрүп берилчү участоктун планы тиркелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114, 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
26. Өздөштүрүлгөн жерлерди өткөрүү-кабыл алуу актысы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында жана/же мамлекеттик администрацияда, облустук маанидеги шаардын мэриясында каралат, алар кароонун жыйынтыгы боюнча тийиштүү чечим чыгарышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомунун редакциясына ылайык)
27. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-сентябрындагы № 510 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
28. Айыл чарбасында пайдалануу үчүн өздөштүрүлчү жерлер күрдүүлүгү толук калыбына келгенге чейин жерди эсепке алуу документтеринин "Мелиорациялык даярдоо стадиясында турган жерлер" графасында эсепке алынат. Мелиорациялык даярдоо бүткөндөн кийин жер участоктор жерлердин тийиштүү түрлөрүнө белгиленген тартипте киргизилет.
29. Өздөштүрүлгөн жерлер айыл чарбада пайдаланууга жарактуу, пландаштырылган, күрдүү топурак кыртыш каптаган, зарыл болсо жолдор, коллектордук-дренаждык тармак жана долбоорго ылайык башка коммуникациялар менен камсыздалган болууга тийиш. Жер участоктор заманбап механикалаштырылган машиналарды колдонуп айыл чарба жумуштарын жүргүзүүгө ыңгайлуу, жер астындагы суулардын деңгээли өсүмдүктөр өсүшү үчүн оптималдуу шарттарды камсыздагыдай болууга тийиш.
30. "Кыргызмамжердолбоорлоо" долбоордук-сметалык документтер боюнча аткарылчу жумуштардын сапатына автордук көзөмөл жүргүзүлүшүн камсыздайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
IV. Өздөштүрүүгө берилген жер участогуна укуктун токтотулушу
31. Ушул Жободо каралган тартипте берилген асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлериндеги жер участокко убактылуу пайдалануу укугу төмөнкүдөй учурларда токтотулушу мүмкүн:
а) эгер жер пайдалануучу үч жылдын ичинде жер участокту өздөштүрүүгө киришпесе;
б) эгер жер пайдалануучу жүргүзүүчү иштер жанаша жер пайдалануулардын мелиорациялык абалы орчундуу начарлашына, жерлердин деградациясына, эрозиялык процесстердин күчөшүнө, жер көчкү процесстерине жана башка факторлорго дуушарлантышы мүмкүн болсо.
32. Эгер жер пайдалануучу өздөштүрүү үчүн берилген жер участокту убактылуу пайдаланчу мөөнөттө долбоордук-сметалык документтерде каралган иш-чараларды:
- жер пайдалануучуга көз карандысыз шарттардын айынан камсыздабаса, анда жер участогун убактылуу пайдалануу мөөнөтү 7ден 10 жылга чейин узартылышы мүмкүн;
- эгер толук баарын камсыздабаса, анда жер участогу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, облустук маанидеги шаардын мэриясынын карамагына кайра алынат жана белгиленген тартипте башка жактарга берилиши мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомунун редакциясына ылайык)