Загрузка документа…
Бишкек.ш,Өкмөт Үйү
2008-жылдын 17-июнундагы №309
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Архив документтеринин сырын ачуу боюнча ведомстволор
аралык комиссия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2000-жылдын 28-апрелиндеги №244 токтомуна өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын
13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 16-мартындагы
№ 96 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу боюнча уюштуруу
чаралары тууралуу" Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын
айрым мамлекеттик органдарынын кадрдык курамындагы жана түзүмүн-
дөгү өзгөрүүлөргө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
токтом кылат:
1. "Архив документтеринин сырын ачуу боюнча ведомстволор аралык
комиссия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын
28-апрелиндеги №244 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Архив документтеринин
сырын ачуу боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жободо:
бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик
архив кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Маданият
жана маалымат министрлигинин алдындагы Мамлекеттик архив агенттиги"
деген сөздөр менен тиешелүү жөндөмөлөрдө алмаштырылсын;
6 - пункттагы "Премьер-министрдин Аппараты" деген сөздөр
"Өкмөттүн Аппараты" деген сөздөргө, "Улуттук коопсуздук министр-
лиги" деген сөздөр "Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети"
деген сөздөргө алмаштырылсын;
- (Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын
13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын
13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
2. "Архив документтеринин сырын ачуу боюнча ведомстволор аралык
коммисия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын
28-апрелиндеги № 244 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 11-декабрындагы
№ 770 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 17-июнундагы № 309
токтомуна тиркеме
Архив документтеринин сырын ачуу боюнча ведомстволор
аралык комиссиясынын курамы
Абыкеев Ч.А. - Кыргыз Репсубликасынын Маданият жана маалымат министр-
лигинин алдындагы Мамлекеттик архив агентигинин дирек-
тору, комиссиянын төрагасы,
Имакеев М.К. - Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министр-
лигинин алдындагы Мамлекеттик архив агентигинин дирек-
торунун орун басары, комиссиянын төрагасынын орун
басары,
Романова Е.А.- Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинин
директорунун орун басары, комиссиянын жооптуу катчысы,
комиссиянын мүчөлөрү:
Азизов Ж.М. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин
секретариатынын начальниги,
Абдрисаева Б.Д.- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуз-
дук комитетинин бөлүм начальниги,
Бекбулатов К.Э.- Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын Башкы
штабынын бөлүм начальниги, Бекиев Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун
басары,
Биялиева С.Б. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим
берүү,маданият жана спорт бөлүмүнүн эксперти,
Боталиева А.З. - Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат
министрлигинин региондордо маданиятты өнүктүрүү
боюнча башкармалыгынын начальниги,
Джумабаев К.Д. - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети-
нин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча),
Джумалиев С.Р. - Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат
министрлигинин алдындагы Мамлекеттик архив агентти-
гинин башкы адиси,
Жакыпаев Б.Т. - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана
отун ресурстары министрлигинин бөлүм начальниги,
Жылкелдиев Э.Т.- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин бөлүм
начальниги,
Соловьева Н.А. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана
соода министрлигинин бөлүмүнүн башкы адиси.
Өкмөттүн Аппарат
жетекчиси-министр М.Исмаилов