Загрузка документа…
КР Президентинин 2011-жылдын 21-январындагы ПЖ № 15 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2007-жылдын 16-марты ПЖ № 96
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча уюштуруу чаралары жөнүндө
(КР Президентинин 2007-жылдын 29-мартындагы ПЖ № 116, 2008-жылдын 10-июнундагы ПЖ № 200, 2010-жылдын 17-декабрындагы ПЖ № 304 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
2007-жылдын 6-февралындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун аткаруу жана мамлекеттик башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун өркүндөтүүгө жана жогорулатууга багытталган администрациялык реформаны андан ары жүзөгө ашыруу, ошондой эле аларды күтүүгө бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7- жана 42-статьяларын жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнө кирген аткаруу бийлик органдарынын тутумунда төмөнкүлөр иштей тургандыгы аныкталсын:
а) министрликтер:
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрилиги;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги;
б) мамлекеттик комитеттер:
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун мамлекеттик комитети;
Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети;
Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети.
2. Кыргыз Республикасынын жаңы жана кайра уюшулган министрликтери менен мамлекеттик комитеттеринин иштешин камсыз кылуу максатында:
а) төмөнкүлөр түзүлсүн:
соода, туризм маселелери боюнча функцияларды алып салуу жана энергетика маселелери боюнча функцияларды Кыргыз Республикасынын Антимонополиялык саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигинен алып салуу менен Кыргыз Республикасынын Өнөржай, соода жана туризм министрлигинин базасында Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин экономикалык маселелер боюнча жана Кыргыз Республикасынын Өнөржай, соода жана туризм министрлигинин соода маселелер боюнча функцияларын өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык стратегиялар Борборунун базасында Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын базасында Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын базасында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети.
б) төмөнкүлөр кайра түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине;
жаштар саясатынын маселелери боюнча функцияларды алып салуу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине;
экономикалык маселелер боюнча функцияларды алып салуу менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине;
кесиптик-техникалык билим берүү маселелери боюнча функцияларды алып салуу менен Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун мамлекеттик комитетине.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жана анын жетекчилиги астында төмөнкүдөй администрациялык ведомстволор иштей тургандыгы белгиленсин:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 10-июнундагы ПЖ № 200 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жана анын жетекчилиги астында иштеген жаңы жана кайра уюштурулган администрациялык ведомстволордун иштешин камсыз кылуу максатында:
а) төмөнкүлөр түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин туризм маселелери боюнча функцияларынын базасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигинен жаштар саясаты функцияларын өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин базасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин баштапкы кесиптик-техникалык билим берүү Башкармасынын базасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик;
б) төмөнкүлөр кайра түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын Антимонополиялык саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттикке.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 10-июнундагы ПЖ № 200 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
5. Аткаруу бийлик тутумунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген башка аткаруу бийлик органдары иштей тургандыгы аныкталсын, анын ичинде:
Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы;
Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматы;
Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттиги;
Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялоо комиссиясы;
(Жетинчи абзац КР Президентинин 2010-жылдын 17-декабрындагы ПЖ № 304 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту);
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы;
Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарга контролдук боюнча агенттиги;
Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы.
Аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындала тургандыгы белгиленсин.
(КР Президентинин 2008-жылдын 10-июнундагы ПЖ № 200, 2010-жылдын 17-декабрындагы ПЖ № 304 Жарлыктарынын редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген аткаруу бийлигинин башка өзүнчө органдарынын иштешин камсыз кылуу максатында төмөнкүлөр кайра түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөл жана отчеттуулук боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматына;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматына.
7. Тийиштүү чөйрөлөрдө бири-бирин кайталоону жоюу жана мамлекеттик саясатты натыйжалуу жүзөгө ашыруу максатында төмөнкүлөр кайра түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архив агенттиги Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине караштуу Мамлекеттик архив агенттигине;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Спиртти жана алкоголь продукцияларын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигине караштуу Спиртти жана алкоголь продукцияларын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттик агенттикке;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекция Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекцияга.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 29-мартындагы ПЖ № 116 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө:
- башкаруу схемаларынын жана жоболорунун долбоорлору Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизиле турган коргоо жана коопсуздук маселелерин тескеген органдарды кошпогондо, жогоруда аталган мамлекеттик органдардын башкаруу схемасын жана жоболорун иштеп чыксын жана бекитсин;
- мамлекеттик мекемелерди, уюмдарды жана ишканаларды натыйжалуу башкарууну чечсин жана зарыл болгон учурда анын уюштуруу маселелери боюнча сунуштарды киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын катышуусу менен мамлекеттик органдарды мамлекеттик имараттарды жана жайларды сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууну эске алуу менен аларга жайгаштырсын;
- ушул Жарлыктан келип чыккан финансылык, уюштуруу жана башка маселелерди чечсин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти мурда кабыл алган чечимдерди "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Жарлыкка ылайык келтирүү боюнча сунуш киргизсин;
- башкаруу схемасын жана мамлекеттик органдар жөнүндө жоболорду иштеп чыгууда жана бекитүүдө бошогон кызматкерлерди ишке орноштуруу маселесин жана алар үчүн башка социалдык маселелерди чечүү менен алардын штаттарын оптималдаштыруунун жана кыскартуунун максатка ылайыктуулугуна негизденсин; мамлекеттик кызматчылардын эмгек акысынын жаңы шарттарын белгилөө боюнча сунуш киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген аткаруу бийлигинин башка органдарынын статусун жана ишин уюштуруу тартибин жөнгө салган мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана кароого киргизсин;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
9. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жүктөлсүн.
10. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |