Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт үйү2008-жылдын 19-июну № 315 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү концепциясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы №464 "Тышкы соода чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өнүктүрүү жана экс-порттук-импорттук жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жар-лыгына ылайык, тышкы соодалык операциялар боюнча мамлекеттик кызматтар-ды көрсөтүүдө "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндө "бир-диктүү терезе" принцибин киргизүү концепциясы бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода ми-нистрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети, Кыргыз Рес-публикасынын кызыкдар министрликтери, мамлекеттик комитеттери, адми-нистрациялык ведомстволору жана бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү мененбирдикте эки айлык мөөнөттүн ичинде Кыргыз Республикасынын ӨкмөтүнөКыргыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" прин-цибин киргизүү концепциясынын "Тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү тере-зе" принцибин ишке ашыруу боюнча чаралар" деген VIII главасын ишке ашы-руу боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн. Премьер-министр И.Чудинов