Бишкек ш,Өкмөт Үйү2008-жылдын 1-июлундагы №354 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районундагы Жањы-Жер айылдык округунун калктуу конуштарынын аймактарын кењейтүү үчүн жерлерди которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Ляйлек районундагы Жањы-Жер айылдык округунун аймагында жайгашкан айылдардын тургундарынын социалдык маселелерин чечүү максатында, КыргызРеспубликасынын Жер кодексинин 4 жана 20-статьяларына, "Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөнбашкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын № 19 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, КыргызРеспубликасынын Баткен облусунун Лейлек облусундагы Жањы-Жерайылдык округунун аймагында жайгашкан 119,8 га жерди, аныничинде 83,8 га сугат айдоону жана 36,0 га көп жылдык өсүмдөктөрбаскан жерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан"Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндөсунушу кабыл алынсын. 2. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы: - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдүкиргизсин; - бөлүнгөн участоктор үчүн шаар куруу документтерин иштепчыгууну каржылоо маселесин чечсин; - жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегиненсыртта зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар менен камсыз кылууну эске алуу менен шаар куруу документтериништеп чыгууну камсыз кылсын. 3. Бул токтом аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр И.Чудинов