Бишкек шаары, Өкмөт үйү2008-жылдын 1-июлу № 355 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сарай жана Савай айылдык округдарынын калктуу конуштарынын аймактарын кењейтүү үчүн жерлерди которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сарай жа-на Савай айылдык округдарынын аймактарында жайгашкан айылдардын тургун-дарынын социалдык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз РеспубликасынынЖер кодексинин 4 жана 20-статьяларына, "Жерлерди бир категориядан баш-касына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформацияло-онун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 19 токтомуна ылайык Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация-сынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык ко-миссия менен макулдашылган, Ош облусунун Кара-Суу районунун Айыл чарбажерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 92,6 га сугат айдоосун, анын ичиндеСарай айылдык округунун аймагында жайгашкан 40,0 га жана Савай айылдыкокругундагы 52,6 га жерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясы-нан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө сунушукабыл алынсын. 2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация-сы: - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син; - бөлүнгөн участоктор үчүн шаар куруу документтерин иштеп чыгуунукаржылоо маселесин чечсин; - төмөнкүлөрдү камсыз кылсын: жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта за-рыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар менен камсыз кылуунуэске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыгууну; Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сарай жа-на Савай айылдык округдарынын аймактарында жайгашкан айылдык калктууконуштарынын чегараларын белгиленген тартипте бекитүүнү. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министри И.Чудинов