Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2013-жылдын 8-апрелиндеги № 178 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2010-жылдын 25-ноябры №304
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы №327 "Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы №327 "Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү жөнүндө жободо:
II бөлүмдүн 1-пунктунун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы № 327 "Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 472 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2008-жылдын 6-октябрындагы № 372 жана 2009-жылдын 11-мартындагы № 98 буйруктары.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | Р.Отунбаева |
Тиркеме
Кыргыз Республикасы менен Казаксган Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ
Искандаров К.А. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Адми-
нистрациясынын чек араларды делимитациялоо
маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы, делега-
циянын жетекчиси;
Цурков В.Е. - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар
министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картог-
рафиялык-геодезиялык кызматынын директору;
Касмалиев А.К. - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар
министрлигинин алдындагы "Кыргызгипрозем" жер
жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо
институтунун директору;
Момбеков А.А. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Адми-
нистрациясынын чек араларды делимитациялоо
маселелери боюнча бөлүмүнүн эксперти;
Токтомамбетов Ы.Д. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана комму-
никациялар министрлигинин алдындагы Жол чар-
басы департаментинин директору;
Асаналиев Э.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрли-
гинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси;
Сүйөркулов З.К. - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар
министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картог-
рафиялык-геодезиялык кызматынын директорунун
орун басары;
Касымов Ч.К. - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар
министрлигинин алдындагы "Кыргызгипрозем" жер
жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо
институтунун директорунун орун басары;
Алышбаев К.К. - Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация
башчысынын биринчи орун басары;
Тургуналиев А.Ж. - Талас облусунун мамлекеттик администрация
башчысынын биринчи орун басары;
Осмонкулов А.Б. - Чүй облусунун мамлекеттик администрация баш-
чысынын орун басары;
Миңбаев А.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрли-
гинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо
боюнча тобунун биринчи катчысы;
Камбаралиев Б.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук
коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин
Башкы штабынын чек араны кайтаруу жана коргоо
бөлүмүнүн делимитациялоо жана демаркациялоо
боюнча улук офицери;
Мамбеткожоев Ш.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мам-
лекеттик бажы кызматынын бажы күзөтү башкар-
малыгынын башкы инспектору;
Мандычев Н.И. - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар
министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картог-
рафиялык-геодезиялык кызматынын экспедициясы-
нын начальниги;
Санников В.П. - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар
министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картог-
рафиялык-геодезиялык кызматынын делимитация-
лоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн башкы адиси.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын аймагында жыйындарды жана жолугушууларды өткөрүү жөнүндө жана Өкмөттүк делегациянын мүчөлөрүн Казакстан Республикасына командировкага жиберүү тууралуу чечимдер Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен аныкталат.