Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт үйү2008-жылдын 7-июлу № 366 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Турак жай-коммуналдык чарбаны мамлекеттик башкарууну реформалоо боюнча чаралар жөнүндө Турак жай-коммуналдык чарба тармактарын мамлекеттик башкаруунуннатыйжалуулугун жогорулатуу жана уюштуруу-укуктук формаларын КыргызРеспубликасынын жарандык мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз турак жай коммуналдык чарба ишканаларынын, уюмдарынын,бирикмелеринин жана ассоциацияларынын мамлекеттик бирлиги (Кыргызтурак-жайкоммунсоюз) "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынаөзгөртүлүп кайра түзүлсүн. 2. "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Респуб-ликасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин ка-рамагына өткөрүлүп берилсин. 3. "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын директору"Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин,администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка орган-дарынын ведомстволук бөлүмдөрүн түзүү жана мамлекеттик ишканалардытүзүү маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын6-июнундагы № 211 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын өнөр жай,энергетика жана отун ресурстары министринин сунушу боюнча Кыргыз Рес-публикасынын Премьер-министри тарабынан, директордун орун басарлары -директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетикажана отун ресурстары министри тарабынан кызматка дайындала тургандыгыбелгиленсин. 4. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурста-ры министрлиги эки айлык мөөнөттө: - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамле-кеттик комитетинин катышуусунда "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттикишканасынын мүлкүнө инвентаризациялоо жүргүзсүн жана аны андан ары пай-далануу боюнча сунуш киргизсин; - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштерибоюнча улуттук агенттигинин катышуусунда "Кыргызтуракжайкоммунсоюз"мамлекеттик ишканасынын уставынын долбоорун иштеп чыксын жана белгилен-ген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө берсин; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алган чечимдеринушул токтомго ылайык келтирүү боюнча сунуш киргизсин; - өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнөжүктөлсүн. Премьер-министри И.Чудинов