ТоктомКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 7-июлундагы № 366 «Турак жай-коммуналдык чарбаны мамлекеттик башкарууну реформалоо боюнча чаралар жөнүндө»токтом

Редакция07.07.2008 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

 

Бишкек шаары, Өкмөт үйү2008-жылдын 7-июлу № 366                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ          Турак жай-коммуналдык чарбаны мамлекеттик башкарууну                   реформалоо боюнча чаралар жөнүндө      Турак жай-коммуналдык чарба  тармактарын  мамлекеттик  башкаруунуннатыйжалуулугун  жогорулатуу  жана  уюштуруу-укуктук  формаларын КыргызРеспубликасынын жарандык мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Кыргыз турак жай коммуналдык чарба  ишканаларынын,  уюмдарынын,бирикмелеринин жана ассоциацияларынын мамлекеттик бирлиги (Кыргызтурак-жайкоммунсоюз)   "Кыргызтуракжайкоммунсоюз"   мамлекеттик    ишканасынаөзгөртүлүп кайра түзүлсүн.     2. "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы Кыргыз  Респуб-ликасынын Өнөр жай,  энергетика жана отун ресурстары министрлигинин ка-рамагына өткөрүлүп берилсин.     3. "Кыргызтуракжайкоммунсоюз"  мамлекеттик  ишканасынын  директору"Кыргыз Республикасынын министрликтеринин,  мамлекеттик комитеттеринин,администрациялык  ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка орган-дарынын ведомстволук  бөлүмдөрүн  түзүү  жана  мамлекеттик  ишканалардытүзүү  маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын6-июнундагы № 211 токтомуна ылайык  Кыргыз  Республикасынын  өнөр  жай,энергетика  жана  отун ресурстары министринин сунушу боюнча Кыргыз Рес-публикасынын Премьер-министри тарабынан,  директордун орун басарлары  -директордун  сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын өнөр жай,  энергетикажана отун ресурстары министри тарабынан кызматка  дайындала  тургандыгыбелгиленсин.     4. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурста-ры министрлиги эки айлык мөөнөттө:     - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамле-кеттик  комитетинин катышуусунда "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттикишканасынын мүлкүнө инвентаризациялоо жүргүзсүн жана аны андан ары пай-далануу боюнча сунуш киргизсин;     - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз  алдынча  башкаруу  иштерибоюнча  улуттук  агенттигинин  катышуусунда  "Кыргызтуракжайкоммунсоюз"мамлекеттик ишканасынын уставынын долбоорун иштеп чыксын жана белгилен-ген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө берсин;     - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда  кабыл  алган  чечимдеринушул токтомго ылайык келтирүү боюнча сунуш киргизсин;     - өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.     5. Бул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын энергетика  жана  минералдык  ресурстар  бөлүмүнөжүктөлсүн.      Премьер-министри                                    И.Чудинов