Бишкек ш, Өкмөт Үйү2008-жылдын 9 июлундагы № 367 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районундагы жерлерди которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 20-статьяларына,"Табийгый кырсыктан жабыркаган калкты турак жай менен камсыздоо,Кыргыз Республикасынын аймагында табийгый кырсыктардын алдыналуу жана локалдаштыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-августундагы № 359 токтомуна ылайык, үй-бүлөлөрдү коркунучтуу зоналарданкөчүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администра-циясынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча респуб-ликалык комиссия менен макулдашылган, Кыргыз РеспубликасынынОш облусунун Өзгөн районунун аймагында жайгашкан 82,0 га жердикоторуу жөнүндө сунуш кабыл алынсын, анын ичинде: - Жылалды айылдык округунун аймагында жайгашкан Өзгөн токой чарбасынын 55,0 га жерин "Токой фондунун жерлери" категориясынан"Калктуу конуштардын жерлери" категориясына; - Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 27 га айдоосун,анын ичинде Жалпак-Таш айылдык округунун аймагында жайгашкан22,0га кайрак ойдоону жана Куршаб айылдык округунун аймагында жайгашкан 5,0 га сугат айдоону "Айыл чарба багытындагы жерлер"категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына. 2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган Өзгөн токой чарбасынын55,0 га жеринин ордуна Кыргыз Республикасынын Ош облусунунӨзгөн районундагы Заргер айылдык округунун аймагында жайгашкан15,0 га ургалдуу жайыт жерлери "Айыл чарба багытындагы жерлер"категориясынан "Токой фондунун жерлери" категориясына которулсун. 3. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администра-циясы: - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин; - төмөнкүлөрдү камсыз кылсын: жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сырттажайгашкан зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникацияларменен камсыз кылууну эске алуу менен шаар куруу документтериништеп чыгууну; Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районундагы Жылалды,Жалпак-Таш жана Куршаб айылдык округдарынын аймагында жайгашканайылдык калктуу конуштардын чегараларын белгиленген тартипте бекитүүнү. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылыштыпайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр И.Чудинов