Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-июлундагы № 419 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 11-июлу № 374 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Озонду бузуучу заттарды колдонууну токтотуу жөнүндө "Озон катмарын коргоо жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасында тышкысоода ишмердигин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасы-нын мыйзамдарына ылайык, Монреаль протоколу боюнча Кыргыз Республикасы-нын милдеттенмелерин аткарууну андан ары камсыздоо максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. 2008-2010-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасында озонду бузуу-чу заттарды колдонууну токтотуу боюнча Мамлекеттик программа (2-фазасы)бекитилсин. 2. Озонду бузуучу заттарды колдонууну токтотуу боюнча Мамлекеттикпрограмманы ишке ашырууга байланыштуу иштерди координациялоо боюнча Ве-домстволор аралык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн. 3. Төмөнкүлөргө тыюу салуу киргизилсин: - 2008-жылдын 1-июнунан тартып - колдонуунун өзгөчө түрлөрүнөн(жарандык авиация, аскердик техника) сырткары галлондорду жана галлон-дорду камтуучу жана/же колдонуучу жабдууларды импорттоого; - 2008-жылдын 1-сентябрынан тартып - продукцияларды карантиндиктазалоо жана аны ташуунун алдында тазалоо үчүн колдонуудан тышкарыбромдуу метилди импорттоого. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнүкоргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республи-касында озонду бузуучу заттарды колдонууну токтотуу графигин бардык та-ламдаш юридикалык жана жеке жактарга чейин жеткирсин. 5. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жана Кыргыз Республи-касынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт өчүрүүнүн альтернативдүү сис-темаларына өтүү максатында галлондорду колдонуучу өрт өчүрүү системала-ры үчүн Өрт өчүрүүнүн заманбап методдору боюнча методикалык рекоменда-цияларды иштеп чыгышсын. 6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги КыргызРеспубликасында альтернативалуу, озон жагынан коопсуз медициналык дози-ровкаланган ингаляторлорго өтүү Стратегиясын иштеп чыксын жана бекит-син. 7. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги КыргызРеспубликасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасыбоюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте озон катмарын сактоо пробле-малары жана калкты жогорку ультракызгылткөк нурлануудан коргоо методдо-ру жөнүндө коомчулукка маалымдоону камсыз кылсын. 8. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги КыргызРеспубликасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасы-нын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги жана КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мам-лекеттик агенттик менен бирдикте гидрохлорфтордуу кычкылтектер жана жа-ратылыштык муздатуучу агенттер менен иштөөчү муздатуучу жабдууларды оњ-доо жана тейлөө боюнча адистерди окутуу жана сертификациялоо система-сын, ошондой эле уулуу препараттар, альтернативалуу бромдуу метил менеништөөгө адистерге жол берүү системасын колдонууга киргизсин. 9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министри И.Чудинов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 374 токтому менен бекитилген Озонду бузуучу заттарды колдонууну токтотуу боюнча Мамлекеттик программаны жүзөгө ашыруу менен байланышкан иштерди координациялоо боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ Давлеткельдиев А.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чар- басы боюнча мамлекеттик агенттиктин директо- ру, комиссиянын төрагасы; Жолчиев Б.Д. - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар ми- нистринин орунбасары, комиссиянын төрагасы- нын орунбасары. Комиссиянын мүчөлөрү: Муканбетов С.Т. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орунбасары; Каратаев М.М. - Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министринин орунбасары; Кенжебаев Д.Б. - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жа- на кайра иштетүү өнөржай министринин орун- басары; Асангулов К.К. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орунбасары; Иванников А.Г. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орунбасары; Аскаров Н.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Боотаев Т.Е. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин бажы контролун уюштуруу баш- кармасынын начальниги; Исмаилов И.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты- нын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн эксперти. Эскертүү: Комиссиянын мүчөлөрү башка жумушка өткөндө алдардын кызмат орунда-рына дайындалган мамлекеттик кызматчылар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-нүн тийиштүү чечимисиз эле ошол комиссияда өз ишин жүргүзө берет.