Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-июлу № 419
2016-2020-жылдар мезгилинде озонду бузуучу заттарды пайдаланууну токтотуу боюнча программаны (3-фаза) бекитүү жөнүндө
Озон катмарын бузуучу заттар боюнча Монреаль протоколуна тийиштүү Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткаруу максатында, "Озон катмарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-2020-жылдар мезгилинде озонду бузуучу заттарды пайдаланууну токтотуу боюнча программа (3-фаза) (мындан ары - Программа) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги:
- Программаны ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык координациялык комиссияны түзсүн;
- Программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жыл сайын, 1-апрелден кечиктирбестен берип турсун.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-апрелиндеги № 263 "Озонду бузуучу заттарды пайдаланууну токтотуу боюнча Мамлекеттик программа жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 374 "Озонду бузуучу заттарды колдонууну токтотуу жөнүндө" токтому.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
Тиркеме
2016-2020-жылдар мезгилинде озонду бузуучу заттарды пайдаланууну токтотуу боюнча программа (3-фаза)
1. Жалпы жоболор
2016-2020-жылдар мезгилинде озонду бузуучу заттарды пайдаланууну токтотуу боюнча программа (3-фаза) (мындан ары - Программа) Озонду бузуучу заттар боюнча Монреаль протоколунун талаптарын (мындан ары - Монреаль протоколу) аткарууга багытталган, "Озон катмарын коргоо жөнүндө Вена конвенциясын жана Озон катмарын бузуучу заттар боюнча Монреаль протоколун ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасы анын тарабы болуп саналат.
Программа Кыргыз Республикасынын аймагында 2020-жылга карата бардык озонду бузуучу заттарды (мындан ары - ОБЗ) керектөөнү (өндүрүш, экспорт жана импорт) толук токтотууну караштырат.
2. Программанын максаттары жана милдеттери
Программанын максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- ОБЗнын жана парник газдарынын абага чыгарылышын кыскартуу;
- өндүрүштүк циклдердин энергиялык натыйжалуулугун жогорулатуу;
- мамлекеттик органдардын потенциалын жогорулатуу.
Программанын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- көбүк материалдар жана муздатуучу жабдуулар өндүрүшүндө гидрохлорфторуглероддорду (мындан ары - ГХФУ), көбүнесе ГХФУ-22, ГХФУ-141b жана ГХФУ-142b керектөөдөн чыгаруу;
- технологиялык операцияларда ГХФУну пайдаланган жана көбүк полиуретан изоляциясын (изоляцияланган түтүктөр, сэндвич-панелдер), турмуш-тиричилик, соода жана өнөр жайлык муздатуучу жабдууларды өндүргөн, ошондой эле муздатуучу жана климаттык техниканы оңдогон жана сервистик жактан тейлеген ишканаларды өркүндөтүүнүн алкагында инновациялык технологияларды берүү.
3. Учурдагы кырдаалды талдоо
1995-жылы Кыргыз Республикасында ОБЗны керектөө 104,02 тоннаны түзгөн. 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-апрелиндеги № 263 токтому менен бекитилген, Озонду бузуучу заттарды керектөөнү токтотуу боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруунун натыйжасында республикадагы ОБЗнын суммалык керектөө (ГХФУну эске албаганда) 32,7 тоннага чейин төмөндөгөн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-июлундагы № 374 токтому менен бекитилген, 2008-2010-жылдар мезгилинде озонду бузуучу заттарды керектөөнү токтотуу боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруунун натыйжасында (2-фаза) 2009-жылдын 1-январына карата галондорду жана бромдуу метилди керектөө, ал эми 2010-жылдын 1-январына карата ХФУну керектөө токтотулган. Ошол эле учурда ГХФУ-22ни жыл сайын керектөө 2010-жылга карата 75,2 тоннага чейин, ГХФУ-141b - 7,26 тоннага чейин, ГХФУ-142b - 3,0 тоннага чейин өскөн.
2013-жылы Кыргыз Республикасында ГХФУ-22ни керектөө 60,4 тоннаны, ГХФУ-141b - 0, ГХФУ-142b - 10,3 тоннаны түзгөн. Бул муздатуучу тармакта ГХФУ-12 муздатуучу агентти ГХФУ-22ге алмаштырууга жана көбүк изоляциялык материалдарды жасоодо ГХФУну кеңири пайдаланууга байланыштуу аткарылган.
2010-2013-жылдарда ОЗБны керектөө түзүмү 1-таблицада келтирилген.
Кыргыз Республикасында ОБЗны керектөө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан бериле турган лицензиялардын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын товарларды каттоонун статистикалык маалыматтарынын, негизги жана потенциалдуу керектөөчүлөрү менен карым-катыштын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органынын аймактык түзүмдөрүнүн маалыматынын негизинде жөнгө салынат.
Республиканын экономикалык абалынын ырааттуу өсүшүнүн натыйжасында ОБЗны керектөөнүн сөзсүз түрдөгү олуттуу өсүшүнө карабастан, негизги муздатуучу агенттерди озонду бузуучу жөндөмү аз өткөөл заттарга (мындан ары - ОБЖ) алмаштыруу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 374 токтому менен бекитилген 2008-2010-жылдар мезгилинде озон бузуучу заттарды керектөөнү токтотуу боюнча мамлекеттик программанын (2-фаза) алкагында тейлөөнүн заманбап практикасын киргизүү ОБЗны керектөөнү кыйла кыскартууга жана озон катмарына жана климаттын өзгөрүшүнө таасирин азайтууга жетишүүгө мүмкүндүк берди.
2013-жылдагы маалыматтар боюнча, республикада ОБЗны керектөөнүн эң ири тармагы болуп стационардык, ошондой эле транспортто орнотулган муздатуучу жабдууларды тейлөө саналат (60,4 тонна).
Изоляциялык материалдарды өндүрүү учурунда ОБЗны колдонуучу курулуш сектору калдыгы боюнча экинчи тармак болуп саналат (10,3 тонна).
Кыргыз Республикасында ОБЗны керектөө динамикасы 2-таблицада келтирилген.
1-таблица
2010-2013-жылдарда озонду бузуучу заттарды керектөө түзүмү
Жабдууларды колдонуунун категориясы | ГХФУну керектөө | |
Тонналар | ОБК тонналары | |
Муздатуучу кубаттуулугу 3000 ваттка чейинки коммерциялык муздатуучу жабдуулар | 11,80/8.08 | 0,649/0,444 |
Кубаттуулугу 3000 ваттан ашык коммерциялык/өнөр жайлык жабдуулар | 10,59/7.26 | 0,58245/0,400 |
Кондиционерлер | 16,10/11.03 | 0,8855/0,607 |
Авторефрижераторлор | 2,75/1.88 | 0,15125/0,103 |
Чогултулуучу жабдууларга тейлөө | 33,9/18.2 | 1,8678/1,001 |
Сервистик сектордогу бардык ГХФУ-22ни керектөө | 75,20/46.5 | 4,136/2,558 |
Өндүрүш: изоляциялоочу панелдер (ГХФУ-141b) | 7,26/0.00 | 0,7986/0,00 |
Өндүрүш: полиуретан (ГХФУ-142b) | 3,00/10,3 | 0,195/0,67 |
Өндүрүш: полиуретан (ГХФУ-22) | 0,00/13,9 | 0,00/0,764 |
Бардык өндүрүштүк керектөө (көбүктөр жана эриткичтер) | 10,26/24,2 | 0,9936/1,434 |
Бардык керектөө | 85,46/70,7 | 5,1296/3,992 |
2-таблица
Кыргыз Республикасында озонду бузуучу заттарды керектөөнүн динамикасы
ОБЗ | 1995 | 1996 | 1997 | 1998 | 1999 | 2000 | 2001 | 2002 | 2003 | 2004 | 2005 | 2006 | 2007 | 2008 | 2009 | 2010 | 2011 | 2012 | 2013 |
ХФУ-12, т ОБК (1) | 78,52 | 64,41 | 66,60 | 56,84 | 52,40 | 53,45 | 53,00 | 42,10 | 33,00 | 22,30 | 8,10 | 5,25 | 4,23 | 5,00 | 2,70 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 |
МБ*, м.т | 23,00 | 25,62 | 23,00 | 22,80 | 25,62 | 23,00 | 23,00 | 23,00 | 22,00 | 17,50 | 12,00 | 5,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 |
МБ*, т ОБК (0,6) | 13,80 | 15,37 | 13,80 | 13,68 | 15,37 | 13,80 | 13,80 | 13,80 | 13,20 | 10,50 | 7,20 | 3,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 |
ГХФУ-22, м.т | 2,50 | 2,40 | 2,45 | 3,10 | 2,55 | 2,90 | 3,40 | 5,20 | 6,36 | 12,9 | 12,6 | 15,1 | 24,88 | 37,0 | 61,7 | 75,2 | 53,8 | 52,9 | 60,4 |
ГХФУ-22, т ОБК (0,055) | 0,14 | 0,13 | 0,13 | 0,17 | 0,14 | 0,16 | 0,187 | 0,286 | 0,35 | 0,71 | 0,693 | 0,83 | 1,37 | 2,035 | 3,394 | 4,136 | 2,96 | 2,91 | 3,32 |
ГХФУ-141b, м.т | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 2,00 | 7,08 | 7,26 | 7,26 | 0,00 | 0,00 | 0,00 |
ГХФУ-141b, т ОБК (0,11) | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,22 | 0,779 | 0,799 | 0,799 | 0,00 | 0,00 | 0,00 |
ГХФУ-142b, м.т | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 2,5 | 3,0 | 3,0 | 0,00 | 0,00 | 10,3 |
ГХФУ-142b, т ОБК (0,065) | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,162 | 0,195 | 0,195 | 0,00 | 0,00 | 0,67 |
Галон-1211, м.т | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,70 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 |
Галон-1211, т ОБК (3,0) | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 2,10 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 |
Галон-2402, м.т | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,05 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 |
Галон-2402, т ОБК (6,0) | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,3 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 |
* МВны керектөө карантинге жана жүктөп жөнөтүү алдында тазалоого керектөөнү эске албастан келтирилди.
1-сүрөт. Озонду бузуучу заттарды керектөө динамикасынын графиги тонна менен
2-сүрөт. ОБКны эске алуу менен озонду бузуучу заттарды керектөө динамикасынын графиги тонна менен
3-сүрөт. Базалык деңгээли - 100% (2009 жана 2010-жылдарда ОЗБны орточо керектөөнүн базалык деңгээли) боюнча Монреаль протоколунун 5-беренесинин тарабы болуп саналган өлкөлөр (өнүккөн өлкөлөр) үчүн ГХФУну керектөөнү токтотуу графиги
4-сүрөт. ГХФУну керектөөнү токтотуунун тездетилген графиги
5. Озонду бузуучу заттарды импорттоо
Кыргыз Республикасы Монреаль протоколу тарабынан контролдонуучу ОБЗны, ОБЗны камтыган жабдууларды жана товарларды өндүргөн эмес, өндүрбөйт жана өндүрүүнү пландаштырбайт, бирок аларды таза түрүндө да, ошондой эле комплектөөчү буюмдар түрүндө да алып келет.
ОБЗны, ошондой эле ОБЗны камтыган жабдууларды жана товарларды алып келүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 594 токтому менен бекитилген Озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияны ташып келүүнү жана ташып чыгууну мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө жобого ылайык лицензияланат.
ОБЗнын белгилүү бир бөлүгү аларды мыйзамсыз импорттоонун натыйжасында келип түшүшү мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматтары боюнча, Монреаль протоколунун А, В, С жана Е тиркемелеринде көрсөтүлгөн бардык ОБЗ иш жүзүндө Россия Федерациясынан, Кытай Эл Республикасынан, Бириккен Араб Эмираттарынан, Индия Республикасынан жана Израиль Мамлекетинен импорттолот.
6. Программаны ишке ашыруу
Программаны ишке ашыруу үчүн ГХФУну керектөөнү токтотуу боюнча Монреаль протоколунун талаптарын төмөнкүдөй графикке ылайык аткаруу белгиленет:
- ГХФУну керектөө деңгээлин 2015-жылдагы базалык деңгээлге салыштырганда 10%га кыскартуу (ОБКнын 3,69 тонна деңгээлинде);
- ГХФУну керектөө деңгээлин 2016-жылдагы базалык деңгээлге салыштырганда 35%га кыскартуу (ОБКнын 2,665 тонна деңгээлинде);
- ГХФУну керектөө деңгээлин 2018-жылдагы базалык деңгээлге салыштырганда 67,5%га кыскартуу (ОБКнын 1,332 тонна деңгээлинде);
- ГХФУну керектөө деңгээлин 2020-жылдагы базалык деңгээлге салыштырганда 97,5%га кыскартуу (ОБКнын 0,102 тонна деңгээлинде);
- 2025-жылдан тартып ГХФУну керектөөнү толук токтотуу.
Ушуга байланыштуу төмөнкүлөр зарыл:
- тейлөөнүн, ретрофиттин азыркы тажрыйбасын колдоо жана муздатуучу жабдууларды пайдалануудан, анын ичинде пайда көрүүдөн же кайра циркуляциялоодон;
- акыркы пайдалануучулардын таламдарына таасир этүүнү эске алуу;
- ОБЗнын белгилүү бир запасын, түзүүнүн эсебинен жагымсыз таасирди азайтуу;
- ОБЗны мыйзамсыз сатуунун алдын алуу үчүн эл аралык кызматташтыкты чыңдоо;
- озон катмарын сактоо жаатындагы коомчулуктун маалыматтуулугун жогорулатуу боюнча аракеттерди улантуу;
- Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) башка мамлекеттин аймагына бир мамлекеттин аймагынан ОБЗны алып өтүүдө мыйзамсыз соода учурларын алып салуу үчүн муздатуучу жабдууларды тейлөө боюнча техниктерди жана дан запастарын фумигациялоо боюнча адистерди, ошондой эле бажы жана чек ара кызматтарынын, финансы полициясынын персоналын окутуу программасын жүргүзүүнү улантуу;
- ОБЗ колдонулуучу альтернативаларды пайдаланууга колдоо үчүн экономикалык стимулдарды киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароо;
- Программаны аткаруу боюнча аракеттерди башкаруу жана контролдоо үчүн институттук потенциалды колдоо жана чыңдоо.
Гидрофторуглероддорду (ГФУ - ысытуучу кыйла потенциалы бар муздатуучу агент) керектөөнү контролдоо жана аны керектөөнү кыскартуу боюнча чаралар, ошондой эле метил бромидди керектөөнү, анын ичинде продукцияны карантиндик тазалоо жана ташуу алдында тазалоо үчүн пайдаланууну толук токтотуу эл аралык макулдашуу боюнча чектөөлөр күчүнө киргенге чейин ишке ашырылышы мүмкүн болгон иштин кийинки багыттарынын бири катары каралат.
Программа боюнча аракеттер алардын тарабы болуп Кыргыз Республикасы саналган, белгиленген тартипте башка экологиялык эл аралык макулдашуулар (Коркунучтуу калдыктарды чек ара аркылуу ташууга жана аларды жок кылууну контролдоо боюнча Базель конвенциясы, Эл аралык соодада айрым коркунучтуу химиялык заттар жана пестициддер жагынан алдын ала негизделген макулдашуу жол-жобосу жөнүндө Роттердам конвенциясы, туруктуу органикалык булгагычтар боюнча Стокгольм конвенциясы, БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясы) менен координацияда аткарылат.
7. Программаны ишке ашыруу боюнча аракеттер планы
Аракеттер планы төмөнкүдөй үч негизги компоненттерден турат:
- ченемдик-укуктук аракеттерден;
- техникалык потенциалды чыңдоодон;
- инвестициялык иштен.
Ушул Программанын алкагында зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун, тармактык программаларды жана ал төмөнкүдөй маселелерди чечүүдө көмөктөшүүчү аракеттердин пландарын иштеп чыгуу белгиленүүдө:
- ГХФУнун импортун лицензиялоо жана квоталоо, бажы контролун күчөтүү;
- ГХФУну камтыган жабдуулардын импортуна тыюу салууну киргизүү;
- ГХФУну пайдалануудагы контролду уюштуруу;
- ири, ошондой эле катардагы объекттерде ГХФУну утилдештирүү;
- озон жагынан коопсуз муздатуучу агенттерди, анын ичинде аммиакты жана көмүр кычкыл газын пайдаланууну стимулдаштыруу;
- муздатуучу агенттер менен иштеген адистерди окутуу жана милдеттүү түрдө сертификаттоо.
Кыргыз Республикасы ГХФУну жана ГХФУну камтыган жабдууларды негизги өндүрүүчү болуп саналган Кытай Эл Республикасы менен чектеш экенин эске алганда, импортту контролдоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу негизги аракет болуп саналат.
Импортко лицензия берүүнүн жана ОБЗнын республикага иш жүзүндө келип түшүүсүнүн алдында Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын алдын ала негизделген макулдашуу жол-жоболорун киргизүү системаны жакшыртуу боюнча көрүлгөн чаралардын бири болуп саналат.
Азыркы учурда ГХФУну импорттоо жана жеткирип берүү Кыргыз Республикасына аларды алып келүүнү контролдоону татаалдаткан бир жолу колдонулуучу чакан контейнерлерде жүргүзүлөт. Ушул көйгөйдү чечүү үчүн ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүнүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык 2016-жылдан тартып муздатуучу агенттерди бир жолу колдонулуучу контейнерлерде алып келүүгө тыюу салууну киргизүү керек.
ГХФУну керектөөнү кыскартуу боюнча аракеттердин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн ГХФУну камтыган жабдуу үчүн кабыл алынган азыркы тажрыйбалар жана өнөр жайлык парник газдарын, тактап айтканда ГФУну пайдаланган жабдуулар үчүн тажрыйбаны колдонуу менен ири масштабдуу чогултуу чөйрөсүндө муздатуучу агенттерди башкаруу боюнча так эрежелерди кабыл алуу зарыл, бул чогултууну эсепке алуу системасын, каттоо журналын милдеттүү түрдө жүргүзүүнү талап кылат, журналда тейлөөнүн кең-кесири таржымалы жана жабдууну техникалык тейлөөнү жүргүзүү учурунда коюлуучу квалификациялык талаптар чагылдырылат.
Ошондой эле ГФУнун жана ГФУну камтыган жабдуунун импортуна контролду кеңейтүү жөнүндө маселеге жана алдыңкы өлкөлөрдүн технологиялык процесстерине ылайык ГФУну камтыган жабдууга карата муздатуучу агенттерди башкаруу эрежелерин колдонууну кароо керек.
Мурдагы программаларды аткаруу тажрыйбасына негизденип, ал кыйла натыйжалуу болуп чыккан импортту лицензиялоонун жана контролдоонун учурдагы системасынын бүтүндүгүн камсыз кылуу зарыл.
Мында бажы контролу менен камтылбаган мамлекеттик чек ара участокторунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын потенциалына колдоо көрсөтүү жана аны күчөтүү маселесине өзгөчө көңүл буруу зарыл.
Негизги талап болуп ГХФУ камтылган жабдуунун учурдагы банкын колдоо жана тейлөөгө тийиштүү мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу саналат. Муздатуучу техниканы тейлөөнүн азыркы ыкмаларына окутуу системасы муздатуучу агенттерди тейлөөдө жана калыбына келтирүү үчүн чыгып кетүүлөрдү кыскартууга мүмкүндүк берет.
Аракеттер планын ишке ашыруунун зарыл элементи болуп аны аткаруунун мониторинги саналат, анын мааниси аңы ишке ашыруунун жүрүшүнө жана ийгиликтерге жетишүүгө үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүп жана контролдоодо, айрым аракеттердин натыйжалуулугуна дайыма сереп салып, өткөрүү механизмдери боюнча кызыкдар болгон уюмдар менен мезгилдүү өз ара аракеттенүүдө Монреаль протоколунун талаптарына ылайык эсепке алуу, отчеттуулук боюнча маалыматтарды даярдоону билдирет.
ГФУны керектөөнү контролдоо жана аны керектөөнү кыскартуу чаралары муздатуучу сектордун айлана-чөйрөгө жана климаттын өзгөрүшүнө таасирин андан ары төмөндөтүү боюнча зарыл аракет катары каралат.
Озон катмарын сактоо жөнүндө Вена конвенциясы жана Монреаль протоколу боюнча эл аралык милдеттенмелерди аткаруу маселелери боюнча башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү окуу жайларынын студенттеринин, ошондой эле жалпы билим берүүчү орто мектептердин окуучуларынын экологиялык сабаттуулугун жогорулатуу чараларын жүзөгө ашыруу программасында каралган.
Программаны ишке ашыруунун алкагында ОБЗ менен иштеген адистерди милдеттүү сертификаттоо системасын түзүүдө, окуу пландарын иштеп чыгууда, окуу процессин камсыз кылуу үчүн окутуу программаларын жана окуу-методикалык комплекттерди даярдоодо жана азыркы демонстрациялык жана окутуу жабдуулары менен жабдылган окуу-өндүрүштүк борборду түзүүдө көмөк көрсөтүүлөр белгиленген.
ОБЗнын али кыйла запастарынын болушу муздатуучу агенттерге суроо-талаптардын туруктуу калдыктарын сактайт жана ошондон улам 2 негизги багытка бөлүүгө боло турган чараларды көрүү зарылчылыгын аныктайт:
- муздатуучу агенттерди бөлүп алуу жана калыбына келтирүү боюнча потенциалды күчөтүү. Азыркы учурда техникалык персоналдын 50%га жакыны талаптагыдай жабдылган жана утилдештирүү жол-жобосунда иштей алышат, ал үчүн санын 80%га чейин көбөйтүү зарыл;
- ГХФУ салынган импорттолуучу контейнерлердин көлөмүнө чектөөлөрдү киргизүүнү эске алуу менен муздатуучу агенттерди бөлүштүрүүнүн техникалык инфраструктурасын түзүү.
Программаны ишке ашыруунун алкагында муздатуучу жабдууларды жана көбүк материалдарын өндүрүүчүлөргө озон жактан коопсуз заттарды жана технологияларды пайдаланууга өтүү боюнча жардам көрсөтүү, көбүк материалдарын даярдоо үчүн компоненттердин озон жактан коопсуз рецептураларын иштеп чыгуу, адаптациялоо жана киргизүү боюнча 1-2 пилоттук ишканага техникалык көмөк көрсөтүү каралган.
Программа көбүк материалдарын өндүрүү секторунда ГХФУну (сэндвич-панелдерди жана алдын-ала изоляцияланган түтүктөрдү даярдоону) пайдаланууну токтотуусун болжолдойт.
ГХФУ-141b жана ГХФУ-22нин альтернативасы катарында циклопентанды колдонуу болжолдонууда, ошондуктан технологиялык конверсиянын ушул варианты колдо болгон жабдууну алмаштыруунун же өркүндөтүүнүн эсебинен сектордун 1-2 ишканасынын мисалында иштелип чыгат.
Ошондой эле ГХФУ-141b-нын альтернативасы катары углеводороддорду, суюлтулган көмүр кычкыл газды, сууну, метил-формиатты, б.а. экологиялык жактан коопсуз заттарды пайдалануу сунуш кылынат.
Муздатуучу (турмуш-тиричилик, медициналык жана соода) жана климаттык жабдууларды өндүрүш жана сервистик тейлөө секторлорунда ГХФУну пайдалануудан алып салуу муздатуучу жабдууларды өндүрүүчүлөр, "Экохолод" Республикалык коомдук бирикмеси жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын окуу борборлору менен өз ара аракетте жүзөгө ашырылат.
Ушул мезгилге чейин Кыргыз Республикасында ОБЗны камтыган бардык жабдуулар иштөө мөөнөтү аяктагандан кийин же иштен чыккандан кийин турмуш-тиричилик жана өнөр жай калдыктары чогултулган жерлерде контролсуз жайгаштырылып келген. Кийин бул жабдуулардын ОБЗ атмосферасына тарайт.
Программаны ишке ашыруунун алкагында ОБЗдан баш тартуу үчүн керектөөчүлөрдү стимулдаштыруу, ОБЗны чогултуу үчүн логистикалык схемаларды иштеп чыгуу боюнча жана ОБЗны утилдештирүүнүн жана регенерациялоонун экологиялык жактан коопсуз ыкмаларына окутуу боюнча чараларды иштеп чыгуу жана сунуштоо пландаштырылууда.
3-таблица
Программаны ишке ашыруу боюнча аракеттер планы
№ | Аракеттер | Аткаруу мөөнөттөрү | Жооптуу аткаруучулар |
1 | ОБЗнын пайдаланылышын контролдоо боюнча укуктук жана жөнгө салуучу камсыздоону өркүндөтүү | 2016-2020-жылдар | Экотехинспекция, Токой агенттиги |
2 | Калктын маалымдуулугун арттыруу | Дайыма | БИМ, СМ, Токой агенттиги |
3 | ОБЗны урунуунун мониторинги | 2016-2020-жылдар | Токой агенттиги |
4 | Мамлекеттик органдардын (бажы жана чек ара кызматтарынын, финансылык полициянын жана экотехинспекциянын) ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн окутуу | 2016-2020-жылдар | Токой агенттиги |
5 | Муздатуучу жабдууларды тейлөө боюнча техниктерди окутуу жана сертификаттоо | 2016-2020-жылдар | Экотехинспекция, БИМ, Токой агенттиги |
6 | Муздатуучу жана кайра иштетүүчү тармактардын адистерин даярдоо үчүн жогорку окуу жайларынын, орто жана башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын студенттерин окутуу | 2016-2020-жылдар | БИМ |
7 | Муздатуучу агенттерди бөлүп алуу жана кайра циркуляциялоо | 2016-2020-жылдар | Токой агенттиги |
8 | ГХФУну пайдаланууну кыскартууда жергиликтүү өнөр жай секторуна колдоо көрсөтүү | 2016-2020-жылдар | Экотехинспекция, Токой агенттиги |
9 | ОБЗны урунуу боюнча отчеттуулукту Монреаль протоколунун катчылыгына, Монреаль протоколунун көп тараптуу фондуна, ЮНЕПке, БУУӨПкө дайыма берип туруу | Жыл сайын | Токой агенттиги |
8. Программаны ишке ашыруу боюнча аракеттер планын каржылоо
БУУнун өнүктүрүү программасы (мындан ары - БУУӨП) тарабынан Монреаль протоколунун Көп тараптуу фондунун (мындан ары - МПКТФ) Аткаруу комитетинин 74-кеңешмесинин кароосуна алгачкы сунуш кылууга ылайык, жалпы суммасы 780560 АКШ долл болгон, 400000 АКШ долл. плюс БУУӨП үчүн мекемелердин эксплуатациялык чыгымдары түрүндө 28000 АКШ долларын жана 312000 АКШ долл. плюс Айлана-чөйрө боюнча БУУнун программасы (мындан ары - ЮНЕП) үчүн мекемелердин эксплуатациялык чыгымдары түрүндө 40560 АКШ долларын камтыган ГХФУ (НРМР) акырындап баш тартуу боюнча уюштуруу ишинин планынын II этабы сунуш кылынды.
НРМРдин 2-этабын ишке ашыруу ГХФУнун ОБКнын 3,08 тоннасынан баш тартууга мүмкүндүк берет жана 2020-жылга карата ГХФУдан толук баш тартууга көмөктөшөт.
4-таблица
Долбоорлордун кыскача баяндамасы
№ | Колдонулуучу тармак | Долбоордун аталышы | Башталышы, аякташы | Долбоордун наркы, АКШ долл. | Каржылоо булактары |
1 | Ишке тартылган бардык тармактар | Институттук бекемдөө жана уюштуруу потенциалын жогорулатуу | 2016- 2020-жылдар | 347500 | МПКФ |
2 | МБК, ЭТКМИ, ЭККМК | ОБЗны мыйзамсыз соодалоону четтетүү боюнча потенциалды жогорулатуу | 2016-2020-жылдар | 111000 | МПКФ |
3 | Экономиканын ишке тартылган бардык тармактары | Ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу | 2016-2017-жылдар | 96500 | МПКФ |
4 | Муздатуу жана кондициялоо тармактары | Техникалык потенциалды жогорулатуу | 2016-2020-жылдар | 104500 | МПКФ |
5 | Муздатуу жана кондициялоо тармактары | Муздатуучу агенттерди башкаруу системасын түзүү | 2016-2020-жылдар | 400000 | МПКФ |
Жыйынтыгы |
|
| 1059500 |
| |
5-таблица
ГХФУдан акырындап баш тартуу программасынын жалпы наркы
Сүрөттөлүшү | Уюм | Наркы, АКШ доллары |
ГХФУну контролдоо системаларын жаңылоо | ЮНЕП | 96000 |
Мыйзамсыз соодалоону контролдоо/четтетүү чөйрөсүндөгү потенциалды чыңдоо | ЮНЕП | 81000 |
Муздатуучу жабдуулар секторундагы потенциалды чыңдоо | ЮНЕП | 106000 |
Сервистик борборлор/жеке ишкерлер үчүн жабдуулар жана шаймандар | БУУӨП | 80000 |
Башталгыч кесиптик билим берүү уюмдары үчүн тейлөөгө жабдуулар жана шаймандар | БУУӨП | 120000 |
ГХФУну бөлүштүрүүнүн автоматташтырылбаган системасы | БУУӨП | 20000 |
Акыркы керектөөчүлөрдүн маалымдуулук компоненти жана аларды өбөлгөлөө | БУУӨП | 90000 |
Жергиликтүү чогултуунун алкагында альтернативдүү технологияларды демонстрациялоо | БУУӨП | 90000 |
Долбоорлорду башкаруу тобу | ЮНЕП | 29000 |
Жыйынтыгы |
| 712000 |
9. Программаны ишке ашыруу механизмдери
2016-2018-жылдар мезгилинде озон катмарын коргоо жаатында Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору иштелип чыгат.
2018-2019-жылдарда - ГФУну импорттоого жана пайдаланууга чектөөлөр киргизилет.
ЕАЭБдин мүчө өлкөлөрүнүн ортосунда бажы чек аралары жок болгондуктан, Кыргыз Республикасына жүктөрдүн кыймылына көз салуу системасын өзгөртүүгө, мыйзамдарга талаптагыдай өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, ОБЗны пайдаланууну эсепке алуунун бир түргө келтирилген системасын жана отчеттуулуктун бирдиктүү формасын киргизүүгө туура келет.
Укук коргоо органдары ГХФУ жүктөрүнө жана ГХФУнун негизиндеги жабдууларга байкоо жүргүзүү үчүн ишке тартылат.
Жөнгө салуу жаатында төмөнкүдөй чараларды ишке ашыруу белгиленүүдө:
- электрондук системаны иштеп чыгуунун жана киргизүүнүн, ошондой эле ЕАЭБдин жалпы маалымат базасын киргизүүнүн эсебинен импортко контролду андан ары күчөтүү;
- ГХФУну пайдалануучунун жабдууларды импорттоого жана массасы 13,6 кгдан аз муздатуучу агенттерди көп колдонулуучу контейнерлерди пайдаланууга тыюу салуу боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү;
- адистерден техниканы тейлөө практикасын (жабдууну тейлөө мөөнөттөрү, пайдаланылган муздатуучу агенттин көлөмү, аны алып таштоо жана кайра циркуляциялоо боюнча маалыматтар) милдеттүү жүргүзүү жана жүргүзүлгөн окутууну каттоо;
- озонду сактоочу муздатуучу агенттерди, анын ичинде аммиакты жана көмүр кычкыл газын пайдаланууга көмөктөшүү.
Бажы кызматтарынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин потенциалы окуу семинарларын өткөрүүнүн жана муздатуучу агенттеринин идентификаторлорун жеткирүүнүн эсебинен күчөтүлөт. ОБЗны потенциалдуу мыйзамсыз соодалоого байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн бажы лабораториялары жабдуулар менен куралдандырылат.
Мындан тышкары Программаны ишке ашыруунун жүрүшүндө ГФУнун импортуна жана ГФУнун негизиндеги жабдуунун импортуна жана аларды пайдаланууга контролдук кылууга ойдогудай көңүл бурулат.
10. Тейлөө секторунда потенциалды чыңдоо
Программаны ишке ашыруу этабында алдыңкы практикага техникалык адистерди окутууга, өрт коркунучу чоң жана уулуу муздатуучу агенттерди коопсуз урунууга өзгөчө көңүл бурулат.
Муздатуучу жабдууларды коопсуз пайдалануу жана тейлөө, ошондой эле өрт коркунучу чоң муздатуучу агенттерди урунуу боюнча Европа Бирлигинин стандарттарынын негизинде 2015-жылдан тартып ЕАЭБде жаңы эрежелер киргизилген, алар техникалык тейлөө боюнча адистерди кошумча окутууну талап кылат.
Программада коопсуздукту камсыз кылуу үчүн муздатуучу агенттер менен иштеген техникалык адистерди милдеттүү сертификаттоону киргизүү пландаштырылууда.
Программа ошондой эле техникалык адистер үчүн шаймандардын топтомун, тактап айтканда, рекуперация жана кайра циркуляциялоо боюнча орнотмолорду сатып алууну жана сервистик борборлордо жана жеке ишкерлердин арасында таратып бөлүштүрүүнү; утилдештирүү боюнча борборду түзүүнү; окуу жабдууларын башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарына жеткирип берүүнү караштырат.
Техникалык адистерди даярдоонун окуу планына энергияны керектөө системаларынын натыйжалуулугун жогорулатуунун жолдору; өрт коркунучу чоң же уулуу муздатуучу агенттерди коопсуз урунуу жөнүндө; ошондой эле жабдууларды иштеп чыгуу, даярдоо жана орнотуу учурунда коопсуздук стандарттарын киргизүү жөнүндө маалымат киргизилет.
Жабдуулардын ар кандай аспекттерин, колдонулуучу муздатуучу агентти жана тейлөөнү камтыган коопсуздук стандарттарын иштеп чыгуу жана киргизүү башталат. Тейлөө боюнча адистерди жана техниктерди, ишканалардын жетекчилерин жана имараттарды долбоорлоочуларды жана коопсуздук стандарттарын изилдөө боюнча архитекторлорду кайра даярдоо жүргүзүлөт.
11. Башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын потенциалын чыңдоо жана ГХФУну жөнгө салуу
Программада башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарын муздатуучу жабдууларды техникалык тейлөө боюнча адистерди даярдоо үчүн мультимедиялык каражаттар менен камсыздоо каралган.
Программада бир жолу колдонулуучу контейнерлердин импортуна тыюу салууну колдоо үчүн ГХФУ-22ни бөлүштүрүүнүн пилоттук системасын киргизүү пландалган. ГХФУну бөлүштүрүү/сатуу, көп жолу колдонулуучу чакан контейнерлер пайдаланылган атайын толтуруу станцияларында бирдиктүү борбор аркылуу жүргүзүлөт.
Программада ГХФУ-22ни бөлүштүрүү системасын эки борбордо уюштуруу белгиленүүдө, алар ГХФУну импорттогон ишканалардын тиешелүү талаптарына жооп берген тизмеден тандалып алынат.
Мындай система 2016-жылдан тартып чакан сыйымдуулуктагы контейнерлерде импорттоо болжолдонуп жаткан ГХФУнун мониторингин жакшыртат жана ОБЗны мыйзамсыз сатуунун потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүн кыскартат.
12. Альтернативдүү технологияларды демонстрациялоо
Учурдагы рыноктук баалар жана табигый муздатуучу агенттердин жеткиликтүүлүгү аларды өлкөдө өздөштүрүү үчүн шарттарды түзбөйт.
Программада озонду сактоочу муздатуучу агенттерди таратууга көмөктөшүү стратегиясын иштеп чыгуу пландаштырылган. Ошондой эле технологияларды Россия Федерациясынан алуунун потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрү бар, анда азыркы учурда ГХФУдан бара-бара баш тартуу процессинде ГФУну колдонууну четтетүү боюнча Глобалдык экологиялык фонддун (мындан ары - ГЭФ) жана Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча БУУнун (мындан ары - ЮНИДО) программасы ишке ашырылып жатат.
13. Климатты өзгөртүү таасири
Окутуунун жана атайын жабдууну колдонуунун эсебинен муздатуучу агенттерди алда канча натыйжалуу изоляциялоону камтыган тейлөө секторунда сунуш кылынып жаткан иш-чаралар жана башкалардын ичинде жергиликтүү чогултулган жабдууда ГЫП төмөн болгон муздатуучу агенттерди пайдалануу боюнча эки пилоттук программа муздатуучу жабдууну тейлөө үчүн колдонулуучу ГХФУ-22нин көлөмүн кыскартууну камсыз кылат. Муздатуучу жабдуу секторунда алда канча оптималдуу практиканын эсебинен абага учуп кетүүнү жокко чыгарган ГХФУ-22нин ар бир килограммы болжол менен 1,8 тонна эквиваленттеги көмүр кычкыл газын (СО2) кыскартууну камсыздайт.
Климатка таасир этүүнү эсепке алуу НРМРга киргизилбегенине карабастан, Кыргыз Республикасында пландаштырылып жаткан иш-чаралар, тактап айтканда, тейлөө практикасын өркүндөтүү, муздатуучу агентти кармоо жана аны кайталап пайдалануу боюнча чаралар ГХФУдан акырындап баш тартуу программасын ишке ашыруу муздатуучу агенттердин атмосферага чыгарылышын кыскартууну камсыз кыларын, бул климатка оң таасир этерин көрсөтүп турат.
Ошол эле учурда климатка таасир этүүнү сан жагынан так баалоо мүмкүн болбой жатат. Таасирди НРМРны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетторго баа берүүнүн алкагында, анын ичинде НРМРны ишке ашыруу башталгандан тартып жыл сайын колдонулуучу, кармалуучу жана кайрадан колдонулуучу муздатуучу агенттердин көлөмүнүн, окутуудан өткөн техниктердин санынын жана ГХФУ-22 колдонулган жабдууну өркүндөтүү отчетунда чагылдырылуучу муздатуучу агенттердин деңгээлин салыштыруунун эсебинен белгилөөгө болот.
Программада колдонулуучу атайын терминдер жана кыскартуулар:
Токой агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги; |
Экотехинспекция | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция; |
МБК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы; |
МЧК | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы; |
Финпол | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат; |
ГФУ | - | гидрофторуглероддор; |
ГХФУ | - | гидрохлорфторуглероддор; |
ГЭФ | - | Глобалдуу экологиялык фонд; |
МП | - | Озон катмарын бузуучу заттар боюнча Монреаль протоколу; |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; |
СМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги; |
БУУ | - | Бириккен Улуттар Уюму. |