Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы №168 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 11-июлу № 375 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу Натыйжалуу экономикалык саясат жүргүзүү, аткаруу бийлигинин орган-дары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабылалынган ишкердикти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын регулятив-дик таасирине талдоо киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуменен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентине төмөнкү-дөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин: - 56-пунктунда: сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын: "Макулдашуучу кењешменин протоколдорун (алар болгон учурда), пи-кирлердин матрицасын тиркөө менен өлкөнүн өнүгүүсүнүн макроэкономикалыккөрсөткүчтөрүнө таасирин тийгизген актылардын долбоорлору, ошондой элерегулятивдик таасирди талдоонун натыйжаларынын негизинде таризделгентүшүндүрмө катты тиркөө менен ишкердик субъекттеринин ишин жөнгө салуу-чу актылардын долбоорлору милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Эконо-микалык өнүктүрүү жана соода министрлигине макулдашууга жиберилет."; төмөнкү мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министр-лиги макроэкономикалык көрсөткүчтөргө тиешелүү чечимдердин таасиринебаа берет жана ишкердик субъекттеринин ишине карата регулятивдик таа-сирге жүргүзүлгөн талдоону берет. Мында бул маселелер боюнча актылардындолбоору оњ корутунду алганда гана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ка-роосуна киргизилет.". Премьер-министри И.Чудинов