Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 28 токтомуна ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 18-августу №168
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2, 14, 20-беренелерине ылайык жана ага ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишин камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жүктөлгөн 2010-жылдын 12-июлундагы №12 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунуш кылынган Регламенти бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана башка мамлекеттик органдар менен мекемелер:
- ушул Регламентти жетекчиликке жана кыйшаюусуз аткарууга кабыл алсын;
- мамлекеттик органдардын борбордук аппараттарында жана түзүмдүк бөлүкчөлөрүндө ушул Регламенттин жоболорун иликтөө боюнча ишти уюштурсун;
- эки жумалык мөөнөттө өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- 2006-жылдын 4-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому;
- 2006-жылдын 8-майындагы № 333 "2006-жылдын 4-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому;
- 2006-жылдын 13-декабрындагы № 850 "2006-жылдын 4-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому;
- 2007-жылдын 27-августундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун 59-пункту;
- 2007-жылдын 30-декабрындагы № 633 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун 1-пункту;
- 2008-жылдын 11-июлундагы № 375 "2006-жылдын 4-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому;
- 2008-жылдын 12-сентябрындагы № 511 "2006-жылдын 4-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому;
- 2008-жылдын 25-декабрындагы № 714 "2006-жылдын 4-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентине өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому;
- 2009-жылдын 19-февралындагы № 132 "2006-жылдын 4-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | Р.Отунбаева |