Бишкек шаары, Өкмөт үйү2008-жылдын 16-июлу № 381 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "2004-жылдын 25-октябрында Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык коомчулугуна мүчө мамлекеттердин товарларды импорттоону жана экспорттоону, ошондой эле аны менен байланышкан ишмердиктин айрым түрлөрүн лицензиялоонун бирдиктүү эрежелери жөнүндө Протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Рес-публикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана Кыргыз Республикасы-нын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамда-рынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "2004-жылдын 25-октябрында Москва шаарында кол коюлган, Евразияэкономикалык коомчулугуна мүчө мамлекеттердин товарларды импорттоонужана экспорттоону, ошондой эле аны менен байланышкан ишмердиктин айрымтүрлөрүн лицензиялоонун бирдиктүү эрежелери жөнүндө Протоколду ратифи-кациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору жактырыл-сын. 2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешининкароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода ми-нистри ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши ка-раган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайын-далсын. Премьер-министри И.Чудинов Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2004-жылдын 25-октябрында Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык коомчулугуна мүчө мамлекеттердин товарларды импорттоону жана экспорттоону, ошондой эле аны менен байланышкан ишмердиктин айрым түрлөрүн лицензиялоонун бирдиктүү эрежелери жөнүндө Протоколду ратификациялоо тууралуу 1-статья. 2004-жылдын 25-октябрында Москва шаарында кол коюлган, Евразияэкономикалык коомчулугуна мүчө мамлекеттердин товарларды импорттоонужана экспорттоону, ошондой эле аны менен байланышкан ишмердиктин айрымтүрлөрүн лицензиялоонун бирдиктүү эрежелери жөнүндө Протокол ратифика-циялансын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономика-лык коомчулугунун интеграциялык комитетине Кыргыз Республикасы тарабы-нан жогоруда көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгонмамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылгандыгы тууралуу билдирсин. 3-статья. Бул Кыргыз Республикасынын Мыйзамы расмий жарыяланган күндөн баш-тап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти