КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги N 236 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт үйү2008-жылдын 28-июлу № 405 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 226 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин Бажы кыз-матын өнүктүрүү фонду жөнүндө
жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 226
токтому менен бекитил-ген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин Бажы кызматынөнүктүрүү фонду жөнүндө
жобого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: - 6-пунктунун төртүнчү абзацы "көрсөтүүгө;" деген сөздөн кийин ",ал эми өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча,жалпы мамлекеттик мааниси бар коргонуу, коомдук тартип жана коопсуздукменен байланышкан иш-чараларга;" деген сөздөр менен толукталсын. 2. Бул токтом 2007-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Премьер-министри И.Чудинов