КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 31-июлу № 409 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө
кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мый-замынын
долбоору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын финансы министри жана Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык ре-зервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору аталган мыйзам долбоо-рун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын. Премьер-министр И.Чудинов
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-берене. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө ко-дексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору,1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 1. 376-берененин экинчи абзацында "экиден он" деген сөздөр "жыйыр-мадан элүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 2. 413-беренеде: - биринчи бөлүктүн экинчи абзацында "жыйырма" деген сөз "жетимиш"деген сөз менен алмаштырылсын; - экинчи бөлүктүн экинчи абзацында "жыйырма" деген сөз "элүү" де-ген сөз менен алмаштырылсын. 2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти