КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы
№279 токтомунун редакциясына ылайык
күчүн жоготтуБишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 4-августу № 422 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Үч-Коргон гидроэлектрстанциясын реконструкциялоо жөнүндө 2007-жылдын 18-20-ноябрында Корея Республикасына Кыргыз Республи-касынын Премьер-министринин визитинин жүрүшүндө кол коюлган Эки тарап-туу мамилелерди өнүктүрүү жөнүндө меморандумга ылайык, Кыргыз Республи-касы менен Корея Республикасынын ортосундагы экономикалык кызматташтык-ты терењдетүү жана республиканын региондорун электр менен жабдуунунишенимдүүлүгүн камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ток-том кылат: 1. "ЕРI Со. LТD" компаниясына (Корея Республикасы) "Маркай" ташкөмүр кенин иштетүүгө укук берүүдө шарт катары анын Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн кепилдигисиз жана финансылык катышуусуз, "ЕРI Со. LTD"компаниясынын өздүк каражатынын эсебинен "Электр станциялары" ачык ак-ционердик коомунун "Курулуучу ГЭС ишканалары" филиалынын курамына кир-ген Үч-Коргон гидроэлектрстанциясына реконструкция жүргүзүүсү аныктал-сын. 2. Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстарыминистрлиги "ЕРI Со. LTD" компаниясы менен Үч-Коргон ГЭСин реконструк-циялоо боюнча эки тараптуу келишим түзсүн. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минерал-дык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик Келишимге кол коюлгандан ки-йин белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык "Мар-кай" таш көмүр кенин иштетүүгө "ЕРI Со. LTD" компаниясына лицензия бер-син. 4. "ЕРI Со. LTD" компаниясына Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоого2008-жылдын III кварталында киришүү сунушталсын. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнөжүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов