КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 18-ноябры № 279
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө
Түштүк кореялык «EPI Co LTD» компаниясы энергетикалык объекттерди куруу боюнча алган милдеттенмелерин аткарбагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-августундагы № 422 «Үч-Коргон гидроэлектрстанциясын реконструкциялоо жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы № 675 «500/200 кВ «Датка» жана «Куршаб» подстанцияларын куруу жана ВЛ-220 кВ электрдик тармакты реконструкциялоо жөнүндө» токтому.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |