Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 5-августу № 425 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча кошумча чаралар тууралуу "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамын ишке ашыруу, ошондой эле медициналык билим бе-рүү уюмдарына менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандуулугуна кара-бастан клиникалык базаларды бекитип берүү маселелерин жөнгө салуу жанатартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кы-лат: 1. Студенттерди практикалык окутуу маселеси боюнча саламаттык сак-тоо уюмдарынын жогорку жана орто кесиптик окуу жайлар менен өз ара ара-кеттенүү тартиби жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин. 2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр И.Чудинов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-августундагы № 425 токтому менен бекитилген Студенттерди практикалык окутуу маселеси боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын жогорку жана орто кесиптик окуу жайлар менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор 1. Бул Жобо "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо уюмдары жө-нүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Граж-дандык кодексине жана Кыргыз Республикасында студенттерди практикалыкокутуу, кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо маселелерин жөнгө салуучубашка нормативдик укуктук документтерге ылайык иштелип чыкты. 2. Кыргыз Республикасында жарандарга медициналык-санитардык жардамкөрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары келишимдик негизде студенттергепрактикалык билим берүү, кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо маселеле-ри боюнча жогорку жана орто кесиптик окуу жайлар менен (мындан ары би-лим берүү уюмдары) биргелешип аракеттенет. Студенттерди практикалык окутуу, кадрларды даярдоо жана кайра да-ярдоо маселелери боюнча билим берүү уюмдары менен саламаттык сактоо ме-кемелеринин биргелешкен аракети жөнүндөгү келишимдин типтүү формасынКыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулда-шуу боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги беки-тет. 3. Студенттерди практикалык окутуу, медициналык кадрларды даярдоожана кайра даярдоо клиникалык базалар катары билим берүүчү уюмдарга бе-китип берилген саламаттык сактоо уюмдарынын базасында жүргүзүлөт. Анын базасында студенттерди практикалык окутуу, кадрларды даярдоожана кайра даярдоо жүргүзүлүшү мүмкүн болгон саламаттык сактоо уюмдары-нын тизмесин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги анык-тайт. Клиникалык базалардын имараттарында орун алган билим берүүчү уюм-дардын кафедраларын (бөлүмдөрүн, циклдерин ж.б.) жайгаштыруу маселеле-рин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнгө салат. 4. Билим берүүчү уюмдардын клиникалык базалары болуп (мындан ары -клиникалык база) медициналык жардамдын ар кандай түрлөрүн көрсөтүүчүжана уюштуруу-методикалык, илимий-изилдөө, окутуу жана дарылоо-дартаныктоо иштеринин окуу үчүн зарыл болгон заманбап методдорун, саламат-тык сактоо системасынын адистерин, илимий кадрларды сабаттуу даярдоожана кайра даярдоону камсыздоочу кадрдык потенциалы жана материал-дык-техникалык жабдууларынын жетиштүү дењгээли болгон саламаттык сактооуюмдары менчигинин формасына жана ведомстволук таандуулугуна карабастанчыга алышат. Билим берүүчү уюмдардын өзүлөрүнүн клиникалары болушу мүмкүн. 5. Клиникалык базаларда студенттерди практикалык окутуу, кадрлардыдаярдоо жана кайра даярдоо маселелери боюнча саламаттык сактоо уюмдарыменен билим берүүчү уюмдардын ортосунда келип чыгуучу талаш-тартыштарКыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин катышуусу менентараптардын сүйлөшүүлөрү аркылуу чечилет. II. Клиникалык базалардын милдеттери 6. Клиникалык базалардын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп сана-лат: - Мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык адистерди үзгүл-түксүз, көп дењгээлдүү (орто атайын, жогорку, дипломдон кийинки, кошум-ча кесиптик билим берүү) даярдоону ишке ашыруу; - оорулууларды профилактикалоо, дартын аныктоо, дарылоо жана реа-билитациялоонун натыйжалуу методдорун иштеп чыгуу жана практикалык са-ламаттык сактоо системасына колдонууга киргизүү; - заманбап медициналык жабдууларды колдонуу менен окуу процессиненилимий-изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн билим берүүчү уюмдарга шарттарды тү-зүү. 7. Клиникалык базанын жетекчилиги төмөнкүлөрдү камсыздайт: - студенттер, клиникалык ординаторлор, врач-интерндер, аспиранттаржана курсанттар үчүн керектүү сандагы окутуу жайларын жана окуу процес-синде клиникалардын жабдууларын жана шаймандарын колдонуу мүмкүнчүлүгүнберүү менен зарыл шарттарды түзүүнү; - дарылоо процессине толук катышуу үчүн билим берүүчү уюмдардынкызматкерлерине шарттарды түзүүнү. 8. Клиникалык базаларга билим берүүчү уюмдар менен келишимде ка-ралган санда окуу процессин жана илимий иштерди жүргүзүү үчүн зарылболгон тематикалык оорулууларды госпиталдаштырууга укук берилет. III. Клиникалык базалардын ишин уюштуруу 9. Клиникалык базаларга жетекчиликти Кыргыз Республикасынын Сала-маттык сактоо министрлиги тарабынан клиникалык база катары аныкталгансаламаттык сактоо уюмунун жетекчиси (башкы врач, директор) жүргүзөт. 10. Клиникалык жана билим берүүчү уюмдун жетекчилиги студенттергепрактикалык билим берүү, медициналык кадрларды даярдоо жана кайра даяр-доого жоопкерчилик тартат жана окуу процессин уюштурууга көмөк көрсө-төт. 11. Окумуштуулук даражасы, биринчи/жогорку квалификациялык катего-риясы бар клиникалык базанын врачтары окутуучулук иш жүргүзүүгө жанабилим берүүчү уюмдарда айкалыштырып иштөөгө укуктуу. 12. Билим берүүчү уюмдардын кафедра жетекчиси: - жарандардын ден соолугун коргоо жана билим берүү жагындагы нор-мативдик укуктук актыларды, клиникалык база тарабынан аныкталган сала-маттык сактоо уюмунун уставын, билим берүүчү уюмдун уставын, ушул Жобо-ну жетекчиликке алат; - дарылоо иштери боюнча саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси жанажетекчисинин орун басары, уюштуруу маселелери боюнча бөлүм башчысы ме-нен биргеликте иштейт, саламаттык сактоо уюмдарынын бөлүмдөрүндө, дары-лоо-диагностикалык, консультациялык жардам көрсөтүүдө жана окуу процес-син уюштурууда бирдей жоопкерчилик тартат; - базалык бөлүмдүн иш-аракетин тейлейт жана дарылоо иштери үчүнсаламаттык сактоо уюмунун бөлүм башчысы менен бирдикте жоопкерчиликтартат; - саламаттык сактоо уюму менен келишимдин негизинде милдеттүү тар-типте дарылоо жана консультациялык иштерди аткарат. 13. Билим берүүчү уюмдардын доценттери, ассистенттери педагогика-лык жана илимий-изилдөө иштери менен катар: - келишимге ылайык врач-ординаторлор же консультанттар катары мил-деттүү тартипте дарылоо жана консультациялык иштерди аткарышат жанаклиникалык базанын ички тартибинин эрежелерин жетекчиликке алышат; - дарылоо иштеринин сапатына жана бекитилип берилген окутуучу жай-лар менен жабдуулардын сакталышына жоопкерчилик тартышат. 14. Докторанттар, аспиранттар, клиникалык ординаторлор жанаврач-интерндер саламаттык сактоо уюму менен билим берүүчү уюмдун орто-сундагы келишимге ылайык дарылоо иштерин аткарышат. 15. Билим берүүчү уюмдарга бөлүнгөн клиникалык базанын окутуучужайларына ремонт иштерин жүргүзүү билим берүүчү уюмдар тарабынан ишкеашырылат. Окутуу максаттарына бөлүнгөн жайлар, коммуналдык кызматтарүчүн акы төлөө билим берүүчү уюмдун жана саламаттык сактоо уюмунун ор-тосундагы келишимге ылайык жүргүзүлөт. 16. Билим берүүчү уюмдун жетекчилиги билим берүү уюмунун кафедра-ларынын кызматкерлери тарабынан көрсөтүлүүчү дарылоо-консультациялыкжардамдын сапатына, окуу сабактарын өткөрүүдө медициналык аппаратура-лардын жана жабдуулардын бузулушу үчүн, ошондой эле эмгекти коргоо жанаөрт коопсуздугунун эрежелеринин нормалары менен талаптарын студенттербузган учурларда жоопкерчилик тартат.