Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

                           КР Өкмөтүнүн

         2009-жылдын 4-декабрындагы № 730 токтомуна ылайык

                           КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 16-августу № 451

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

               "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо

       министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын

         Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралындагы № 93 токтомуна

                    толуктоолорду киргизүү тууралуу

 

     Өзгөчө коркунучтуу инфекциялык ооруларга каршы күрөшүү жана аларды

профилактикалоо жаатында  Кыргыз  Республикасынын Саламаттык сактоо ми-

нистрлигинин ролун  жогорулатуу  максатында, "Социалдык мааниге ээ жана

өзгөчө коркунучтуу  инфекциялык  оорулар  боюнча Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө караштуу  Өлкөлүк  көп  секторлуу координациялык комитет түзүү

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы №

372 токтому менен бекитилген Социалдык мааниге ээ жана өзгөчө коркунуч-

туу инфекциялык оорулар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Өлкөлүк көп секторлуу координациялык комитет жөнүндө жобого ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

     1. "Кыргыз  Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин масе-

лелери" жөнүндө  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февра-

лындагы № 93 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык

сактоо министрлиги жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

     "Кыргыз Республикасынын  Саламаттык сактоо министрлигинин функция-

лары" деген  III  глава төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен то-

лукталсын:

     "- социалдык  мааниге  ээ  болгон жана адамдарда кездешүүчү өзгөчө

коркунучтуу инфекциялык  оорулар жаатында Кыргыз Республикасынын мамле-

кеттик программаларынын  аткарылышына  мониторинг  жана баалоо жүргүзүү

менен байланышкан милдеттерди жана маселелерди чечүүдө Кыргыз Республи-

касынын кызыкдар  министрликтеринин  жана  ведомстволорунун  эл аралык,

коммерциялык эмес  жана башка уюмдар менен өз ара мамилелерин координа-

циялайт жана камсыздайт;".

     - сегизинчи-кырк  төртүнчү  абзацтар тиешелүү түрдө тогузунчу-кырк

бешинчи абзацтар деп эсептелсин;

     - "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин укукта-

ры" деген  IV главанын жетинчи абзацы "саламаттык сактоо маселеси боюн-

ча" деген  сөздөрдөн  кийин  ", анын ичинде социалдык мааниге ээ болгон

жана адамдарда  кездешүүчү  өзгөчө коркунучтуу инфекциялык оорулар жаа-

тындагы" деген сөздөр менен толукталсын.

     2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

     Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           И.Чудинов