Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №118 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 4-декабры № 730
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу" Жарлыгына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11 жана 12-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин башкаруу схемасы.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- ушул токтомдон келип чыккан чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирүү боюнча сунуштарды киргизсин.
3. Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралдагы № 93 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маселелери" жөнүндө токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 451 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралындагы № 93 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы № 40 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо Министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралындагы № 93 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-апрелиндеги № 236 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-июлундагы № 456 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медицина-техникалык борборун түзүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 730 токтому менен бекитилген |
┌───────────┐ ┌──────────────────────────────────┐
│ │ │ Кыргыз Республикасынын │
│ Коллегия ├───────┤ Саламаттык сактоо министрлигинин │
│ │ │ борбордук аппараты │
└───────────┘ └─────────────────┬────────────────┘
│
┌─────────────────────┬────────┴─────────────┐
│ │ │
┌──────┴───────┐ ┌─────┴─────┐ ┌──────────┴────────┐
┌─────┤ Ведомстволук │ │ Аймактык │ │ Саламаттык сактоо ├──┐
│ │департаменттер│ │ бөлүмдөр │ │ уюмдары │ │
│ └──────────────┘ └─────┬─────┘ └───────────────────┘ │
│ │ │
│ ┌──────────────────────┐ ┌──────┴───────┐┌──────────────────────┐ │
│ │Мамлекеттик санитардык│ │ Бишкек ││ Саламаттык сактоо │ │
├──┤ эпидемиологиялык │ │ шаарынын ││министрлигине түз баш │ │
│ │ көзөмөл департаменти │ │ Саламаттык ││ ийген ведомствого ├──┤
│ └──────────────────────┘ │ сактоо ││ таандык саламаттык │ │
│ ┌──────────────────────┐ │ департаменти ││ сактоо уюмдары │ │
│ │ Дарылык камсыздоо │ └──────────────┘└──────────────────────┘ │
└──┤ жана медициналык │ ┌──────────────────────┐ │
│ техника департаменти │ │ Облустук, шаардык, │ │
└──────────────────────┘ │ райондук саламаттык ├──┘
│ сактоо уюмдары │
└──────────────────────┘
|
|