КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы №372 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 16-августу № 455 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик суу чарба системаларынан сугат суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акынын убактылуу өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 40-статьясына ылайык айылдыктовар өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү максатында, суунун аздыгына жанакургакчылыкка байланыштуу түзүлгөн кырдаалды эсепке алып Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик суу чарба система-ларынан сугат суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акынын тиркелгенубактылуу өлчөмдөрү бекитилсин. 2. Айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн сугат суу берүү боюнча кызматкөрсөтүүлөргө акынын өлчөмү 2008-жылдын 1-августунан баштап колдонулаа-ры белгиленсин. 3. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги: - мамлекеттик суу чарба системаларынан сугат сууларын берүү боюнчакызматты пайдалануучу айылдык товар өндүрүүчүлөр менен зарыл болгон өзара эсептешүүлөрдү жүргүзсүн жана мурда түзүлгөн келишимдердин шартта-рын кайра карап чыксын; - мамлекеттик суу чарба системаларынан сугат суу берүү боюнча кыз-мат көрсөтүүлөргө акынын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун 2009-жылдын 1-мартына чейин киргиз-син. 4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-нын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Суу чар-ба департаменти берген эсептөөлөргө ылайык суу чарба органдарынын чы-гымдарын компенсациялоону карасын. 5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министри И.Чудинов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 455 токтому менен бекитилген Айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик суу чарба системаларынан сугат суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акынын УБАКТЫЛУУ ӨЛЧӨМДӨРҮ 1 куб. м сууга тыйын менен-----------------------------------------------------------------------| Суу пайдалануучулар | Мөөнөттөр |Төлөмдүн өлчөмү ||----------------------------|-----------------------|----------------||жашоочулар: |1-апрелден | 3,0 ||кадимки райондордо |31-июлга чейин | || |-----------------------|----------------|| |1-августтан | 1,0 || |31-декабрга чейин | ||----------------------------|-----------------------|----------------||жаратылыш-климаттык |1-апрелден | 1,0 ||шарттары оор ыњгайсыз |31-июлга чейин | ||райондордо | | || |-----------------------|----------------|| |1-августтан 31-декабрга| 0,2 || |чейин | |-----------------------------------------------------------------------