Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 6-июлу №372
Суу пайдалануучуларга мамлекеттик суу чарба системаларынан суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн 2011-жылга карата тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 40-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Суу пайдалануучуларга мамлекеттик суу чарба системаларынан суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн 2011-жылга тиркелген тарифтери бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 455 "Айыл чарба товар өндүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик суу чарба системаларынан сугат суу берүү боюнча көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн убактылуу өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-июнундагы № 100 "Суу пайдалануучуларга мамлекеттик суу чарба системаларынан суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн 2011-жылга карата тарифтерин белгилөө жөнүндө" токтому.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
5. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы №372 токтому менен бекитилген |
┌───────────────────────────────┬──────────────────────┬────────────────┐
│Суу пайдалануучулар субъектинин│ Жыл ичинде │КНСсиз тарифтик │
│ аталышы │ тарифтердин │ставка (1 куб.м │
│ │ жарактуулук мөөнөтү │суу үчүн тыйын) │
├───────────────────────────────┼──────────────────────┼────────────────┤
│1. Агрардык сектордун суу │ │ │
│ пайдалануучулары │ │ │
├───────────────────────────────┼──────────────────────┼────────────────┤
│- кадимки райондор │ I жана IV кварталдар │ 1,0 │
├───────────────────────────────┼──────────────────────┼────────────────┤
│ │II жана III кварталдар│ 3,0 │
├───────────────────────────────┼──────────────────────┼────────────────┤
│- жаратылыштык-климаттык │I жана IV кварталдар │ 0,2 │
│ шарттары оор жана жагымсыз ├──────────────────────┼────────────────┤
│ райондор │II жана III кварталдар│ 1,0 │
├───────────────────────────────┼──────────────────────┼────────────────┤
│2. Өнөр жай жана энергетика │ │ │
│ секторунун суу │ │ │
│ пайдалануучулары │ Жыл ичинде │ 10,0 │
├───────────────────────────────┼──────────────────────┼────────────────┤
│3. Коруктар, заказниктер, │ │ │
│ жаратылыш эстеликтери, │ │ │
│ улуттук, дендрологиялык жана│ │ │
│ зоологиялык парктар, │ │ │
│ маданият, илим, билим берүү,│ Жыл ичинде │ 1,0 │
│ саламаттык сактоо мекемелери│ │ │
└───────────────────────────────┴──────────────────────┴────────────────┘