Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 26-августу № 473 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Сан-Таш айылдык округунун аймагына дүњ сервистик-соодалык базар комплексин түзүү үчүн жерлерди которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 20-статьяларына,"Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасы-на которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү туу-ралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 19токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик админист-рациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республи-калык комиссия менен макулдашылган, Ысык-Көл облусунун Түп районунунАйыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун Сан-Таш айылдык округунунаймагында жайгашкан 180 га кайрак айдоосун дүњ сервистик-соодалык базаркомплексин түзүү үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан"Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер"категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын. 2. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик админист-рациясы: - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син; - шаар куруу документтерин колдонуудагы ченемдердин жана эрежелер-дин негизинде иштеп чыксын жана бекитсин. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр И.Чудинов