Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 28-августу № 480 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Жергиликтүү кењештердин депутаттарын шайлоолорду уюштуруучулук жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 4-августундагы №275 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кењештеринин депутаттарын шай-лоолорду дайындоо жөнүндө" Жарлыгынын 4-пунктуна ылайык, шайлоолордууюшкандыкта өткөрүүнү камсыздоо, округдук жана участоктук комиссиялар-дын иштерине көмөк көрсөтүү, жер-жерлердеги материалдык-техникалык кам-сыздоо маселелерин оперативдүү чечүү максатында Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. Шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү учурунда уюштуруучулук-техни-калык маселелерди чечүүдө округдук жана участоктук шайлоо комиссиялары-на көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штаб тиркемеге ылайык курамдатүзүлсүн. 2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жергиликтүү кењеш-тердин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын шайлоожана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына зарыл финан-сылык каражаттарды республикалык бюджеттен өз убагында бөлүүнү камсызкылсын. 3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги мыйзамдуулукту,жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо, шайлоолорду даярдоожана өткөрүүнүн жүрүшүндө коомдук тартипти сактоо, шайлоолорду өткөрүүубагында шайлоо участокторун кайтаруу, участокторуна шайлоо бюллетенде-рин ташуу жана жеткирүү коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды көрсүн. 4. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштерибоюнча улуттук агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кый-мылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик менен бир-дикте 2008-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин жогоруда көрсөтүлгөн Жарлыгына ылайык шаарлардын курамын-дагы айылдардын жана поселоктордун башкаруу функцияларын шаарлардын ка-рамагына өткөрүп берүү менен аларды жоюуну кароочу тиешелүү мыйзам дол-боорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө киргизсин. 5. Облустар менен райондордун мамлекеттик администрацияларынын,айылдык округдардын, поселоктордун, райондук маанидеги шаарлардын баш-чылары, шаарлардын мэрлери: - каттап эсепке алуучу органдар менен бирдикте шайлоочулардын туу-ра тизмелери менен шайлоо комиссияларын камсыз кылышсын; - шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү учурунда уюштуруучу материал-дык-техникалык маселелерди чечүүдө округдук жана участоктук шайлоо ко-миссияларына көмөк көрсөтүү боюнча тиешелүү штабдарды түзүшсүн; - шайлоо комиссиялары үчүн жайларды бөлүүгө, аларды автотранспорт-тук жана материалдык-техникалык каражаттар, байланыш менен камсыздоогобайланыштуу маселелерди чечишсин; - жарандардын сын-пикирлерин, арыздарын, өтүнүчтөрүн жана шайлоокомиссияларынан сунуштарды өз убагында кароону уюштурушсун. 6. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор, облустук, райондук мамлекеттик администрациялар жана жергилик-түү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо кампаниясын даярдоо жана өткө-рүү учурунда уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүүгө шайлоо комис-сияларына көмөк көрсөтүшсүн. 7. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шайлооучастокторуна бөлүнгөн бардык жайларга өз коопсуздугу жагынан текшерүүжүргүзсүн. 8. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясына, КыргызРеспубликасынын "Коомдук телекөрсөтүү - ЭлТР" телерадиокомпаниясына,"Слово Кыргызстана", "Кыргыз Туусу" жана "Эркинтоо" газеталарынын ре-дакцияларына жергиликтүү кењештердин депутаттарын шайлоолорду даярдоо-нун жана өткөрүүнүн жүрүшүн чагылдыруу сунуш кылынсын. 9. Шайлоолорду өткөрүү күнүндө төмөнкүлөр сунушталсын: - "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомуна телерадиоберүүнүн үз-гүлтүксүз иштешин камсыздоо; - "Чыгыш электр", "Түндүк электр", "Ош электр" жана "Жалалабатэлектр" ачык акционердик коомдоруна шайлоо участоктордун электр мененжабдууну ишке ашыруучу электр тармактары электр энергиясын ишенимдүүжана үзгүлтүксүз берүүнү камсыздоочу техникалык абалга келтирүү, электртармактарынын бул линияларын пландуу өчүрүүгө тыюу салуу. 10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынынбиринчи вице-премьер-министрине жүктөлсүн. Премьер-министри И.Чудинов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-августундагы № 480 токтомуна тиркеме Шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү учурунда уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүүдө округдук жана участоктук шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабынын КУРАМЫ Айдаралиев И.Р. - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-ми- нистри, штабдын жетекчиси; Мукамбетов М.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетек- чисинин орун басары, штабдын жетекчисинин орун басары. Штабдын мүчөлөрү: Калимбетова Т.Б. - Кыргыз Республикасынын финансы министри; Конгантиев М.Т. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; Кайыпов М.Т. - Кыргыз Республикасынын юстиция министри; Болжурова И.С. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; Ташиев К.К. - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар ми- нистри; Сулайманов Н.Ч. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуни- кациялар министри; Балкибеков С.Э. - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жа- на отун ресурстары министри; Суталинов М.А. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук ко- опсуздук комитетинин төрагасы; Бакиров М.С. - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин ди- ректору (макулдашуу боюнча); Карабаев А.Д. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мо- ниторинг бөлүмүнүн башчысы; Даудова Р.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын басма сөз кызматынын жетекчиси; Иминов М.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн башчысы; Амираев Р.У. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы; Жусубалиев А.И. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мо- ниторинг бөлүмүнүн уюштуруу иштери боюнча инс- пектору, штабтын катчысы. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов