Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-апрелиндеги № 192 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 29-августу № 485 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун борбордук аппаратынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунаэмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү максатында Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. 2008-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкүлөр белгиленсин: - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиуму-нун борбордук аппаратынын кызматкерлеринин кызматтык маянасы N 1 тирке-меге ылайык; - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиуму-нун борбордук аппаратынын кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн үстөкакылардын өлчөмдөрү № 2 тиркемеге ылайык; 2. Чарбалык жана жалпы бөлүмдөрдүн, архивдин жетекчилеринин кызматакылары башкы адистердин кызмат маяналарынын дењгээлинде белгиленсин. 3. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиу-мунун борбордук аппаратынын кызматкерлерине: - календарлык жылдын аягында эмгек акынын орточо айлык фондусунунөлчөмүндө он үчүнчү айлык акы; - өргүүгө чыккан учурда денсоолукту чыњдоо үчүн эки айлык фондунунөлчөмүндөгү жөлөкпул төлөнө тургандыгы белгиленсин. 4. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиу-мунун борбордук аппаратынын кызматкерлерине эмгек акыны төлөөнүн жањышарттары киргизилгендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Финансыминистрлиги "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджетижөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына белгиленген тартипте тиешелүүөзгөртүү киргизсин. 5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиу-мунун борбордук аппаратынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарынбекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 4-сентяб-рындагы № 548 токтому; - "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Илим жана иннова-циялык технологиялар боюнча координациялык кењештин ишмердигинин айрыммаселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-фев-ралындагы № 76 токтомунун 1-пункту. 6. Бул токтом 2008-жылдын 1-июлунан баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-августундагы № 485 токтомуна № 1 тиркеме Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун борбордук аппаратынын кызматкерлеринин КЫЗМАТТЫК МАЯНАСЫ -----------------------------------------------------------------------| Кызматы |Кызмат маянасы (сом)||------------------------------------------------|--------------------||Президент | 16000 ||------------------------------------------------|--------------------||Вице-президент | 12000 ||------------------------------------------------|--------------------||Башкы окумуштуу катчы | 12000 ||------------------------------------------------|--------------------||Иш башкаруучу | 10000 ||------------------------------------------------|--------------------||Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу | 9000 ||Илим жана инновациялык технологиялар боюнча | ||координациялык кењештин жооптуу катчысы | ||------------------------------------------------|--------------------||Кењешчи | 8550 ||------------------------------------------------|--------------------||Президенттин окумуштуу катчысы | 8100 ||------------------------------------------------|--------------------||Бөлүм башчысы | 8100 ||------------------------------------------------|--------------------||Бөлүмдүн окумуштуу катчысы | 6300 ||------------------------------------------------|--------------------||Башкы адис | 6300 ||------------------------------------------------|--------------------||Жетектөөчү адис | 5850 ||------------------------------------------------|--------------------||1-категориядагы адис | 5400 ||------------------------------------------------|--------------------||Адис | 4950 |----------------------------------------------------------------------- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-августундагы № 485 токтомуна № 2 тиркеме Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун борбордук аппаратынын кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн үстөк акылардын ӨЛЧӨМДӨРҮ -----------------------------------------------------------------------| Иш стажы | Иштеген жылдары үчүн || | пайыздык ставка ||-------------------------------------|-------------------------------||1 жылдан 3 жылга чейин | 5 ||-------------------------------------|-------------------------------||3 жылдан 5 жылга чейин | 10 ||-------------------------------------|-------------------------------||5 жылдан 10 жылга чейин | 15 ||-------------------------------------|-------------------------------||10 жылдан 15 жылга чейин | 20 ||-------------------------------------|-------------------------------||15 жылдан 20 жылга чейин | 25 ||-------------------------------------|-------------------------------||20 жылдан 25 жылга чейин | 30 ||-------------------------------------|-------------------------------||25 жылдан ашык | 40 |----------------------------------------------------------------------- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов