Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-апрели № 192
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн илим жана илимий тейлөө жаатындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын тартипке келтирүү жана өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун борбордук аппаратынын кызматкерлеринин кызматтык маяналары, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык маяналары, 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун борбордук аппаратынын кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн үстөктүн өлчөмдөрү, 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына үстөктөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 73 "Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн үстөктөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен белгиленет.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун борбордук аппаратынын кызматкерлерине:
- календардык жылдын аягында - эмгек акынын орточо айлык фондусунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы;
- эмгек өргүүсүнө чыккан учурда - ден соолукту чыңдоо үчүн эмгек акынын эки айлык фондусунун өлчөмүндө жөлөкпул төлөнө тургандыгы белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 432 "Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн жаңы системасын киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-августундагы № 485 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун борбордук аппаратынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы:
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун борбордук аппаратынын кызматкерлеринин КЫЗМАТТЫК МАЯНАЛАРЫ
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Кызматтык маяна (сом менен) |
1 | Президент | 20800 |
2 | Вице-президент | 15600 |
3 | Башкы окумуштуу катчы | 15600 |
4 | Иш башкаруучу | 13000 |
5 | Финансы-экономикалык маселелер боюнча башкармалыктын начальниги | 12675 |
6 | Кеңешчи | 11115 |
7 | Президенттин окумуштуу катчысы | 10530 |
8 | Бөлүмдүн начальниги | 10530 |
9 | Бөлүмдүн окумуштуу катчысы | 8190 |
10 | Башкы адис | 8190 |
11 | Жетектөөчү адис | 7605 |
12 | 1-категориядагы адис | 7020 |
13 | Адис | 6435 |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө мекемелеринин кызматкерлеринин КЫЗМАТТЫК МАЯНАЛАРЫ
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Кызматтык маяна (сом менен) |
1. Илимий-изилдөө мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык маяналары | ||
1 | Түштүк бөлүмүнүн төрагасы | 15600 |
2 | Директор | 12090 |
3 | Директордун орун басары | 11050 |
4 | Окумуштуу катчы | 10660 |
5 | Лаборатория башчысы, бөлүм башчы | 10140 |
6 | Башкы илимий кызматкер | 9620 |
7 | Сейсмикалык станциянын бөлүмүнүн начальниги | 9490 |
8 | Жетектөөчү илимий кызматкер | 9360 |
9 | Башкы геофизик | 9100 |
10 | Улук илимий кызматкер | 9100 |
11 | Илимий кызматкер | 8450 |
12 | Кенже илимий кызматкер | 7670 |
13 | Башкы бухгалтер | 8450 |
14 | Улук бухгалтер | 8060 |
15 | Бухгалтер | 7150 |
16 | Башкы экономист | 8450 |
17 | Экономист | 7800 |
18 | Улук редактор, улук корректор | 7800 |
19 | Техникалык редактор | 6630 |
20 | Корректор | 6630 |
21 | Башкы инженер | 8450 |
22 | Жетектөөчү инженер | 7800 |
23 | 1-категориядагы инженер | 6890 |
24 | 2-категориядагы инженер | 6630 |
25 | Инженер | 6500 |
26 | Кадрлар бөлүмүнүн улук инспектору | 7800 |
27 | Кадрлар боюнча инспектор | 7150 |
28 | Техникалык жетекчи | 7670 |
29 | Механик | 5720 |
30 | Улук лаборант | 6500 |
31 | Сейсмикалык станциянын улук лаборанты | 6630 |
32 | Лаборант | 5850 |
33 | Техник | 5200 |
34 | 1-категориядагы техник | 6110 |
35 | 2-категориядагы техник | 5720 |
36 | Агроном | 6500 |
37 | Агротехник | 5720 |
38 | Ветеринардык дарыгер | 5200 |
39 | Чарба башчысы | 5720 |
40 | Сейсмикалык станциянын китепканачысы | 6630 |
41 | Токойчу | 5200 |
2. Борбордук илимий китепкана | ||
42 | Директор | 12090 |
43 | Директордун орун басары | 11050 |
44 | Бөлүм башчы | 8450 |
45 | Окумуштуу катчы | 10660 |
46 | Филиал башчысы | 7670 |
47 | Лаборатория башчысы | 8450 |
48 | Башкы китепканачы, библиограф | 7670 |
49 | 1-категориядагы китепканачы | 7280 |
50 | Китепканачы | 6630 |
51 | Илимий кызматкер | 8450 |
52 | Инженер-программист | 7670 |
53 | Реставратор | 5980 |
|
| 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун борбордук аппаратынын кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн кошумча акынын ӨЛЧӨМДӨРҮ
Иш стажы | Иштеген жылдары үчүн пайыздык ставка |
1 жылдан 3 жылга чейин | 5 |
3 жылдан 5 жылга чейин | 10 |
5 жылдан 10 жылга чейин | 15 |
10 жылдан 15 жылга чейин | 20 |
15 жылдан 20 жылга чейин | 25 |
20 жылдан 25 жылга чейин | 30 |
25 жылдан ашык | 40 |