КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 2-сентябры № 492 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Балдарды эмизүүнү колдоо жана балдардын жасалма тамак аш азыктарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктунажана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынынконституциялык
Мыйзамынын 34-статьясына ылайык Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты Д.А.Молдошевадемилге кылган "Балдарды эмизүүнү колдоо жана балдардын жасалма тамакаш азыктарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө" жана "Кыргыз Республи-касынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" КыргызРеспубликасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн
корутундусу жактырылсын. 2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин. Премьер-министр И.Чудинов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-сентябрындагы № 492 токтому менен жактырылган "Балдарды эмизүүнү колдоо жана балдардын жасалма тамак аш азыктарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктунажана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынынконституциялык
Мыйзамынын 34-статьясына ылайык Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кењешинин депутаты Д.А.Молдошева демилге кылган "Балдардыэмизүүнү колдоо жана балдардын жасалма тамак аш азыктарынын маркетингинжөнгө салуу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыла-рына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары-нын долбоорлорун карап чыгып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдүбилдирет. "Балдарды эмизүүнү колдоо жана балдардын жасалма тамак аш азыкта-рынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдолбоору боюнча: "I бөлүм" деген сөздөрдү редакциялык тактык үчүн "I глава" дегенсөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз. Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 12-статьясына ылайык2-статьянын экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын эл аралык кели-шими" деген сөздөрдү "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелгенмыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерижана макулдашуулары" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз. Тиешелүүөзгөртүүлөрдү ошондой эле Мыйзам долбоордун 16 главасына киргизүү за-рыл. 3-статьянын үчүнчү бөлүгүндөгү "жана алты айдан улуу балдардын"деген сөздөрдү 3-статьяда келтирилген аныктамаларга жана түшүнүктөргөылайык "ымыркай балдарга" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз.Ошондой эле 3-статьяда берилген түшүндүрмөлөрдүн негизинде он алтынчыабзацтагы "эрте балалык" деген сөздөр "ымыркай" деген сөздөргө алмашты-рылсын. 3-статьянын алтынчы бөлүгүндөгү "ушундай балдарга жана;" дегенсөздөр маани жагынан тактоо максатында алып салынсын. Ошондой эле 3-статьянын алтынчы бөлүгүнө ылайык саламаттык сактооуюмдарына кандай болбосун балдар үчүн мекемелер (ясли) же ымыркайларжана эрте жаштагы балдарды багуу мекемелери таандык кылынган. "КыргызРеспубликасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республика-сынын
Мыйзамына ылайык жогоруда аталган балдар үчүн мекемелер саламат-тык сактоо уюмдарынын классификациясына кирбээрин белгилеп кетүү зарыл. Азыктардын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле адамдардын өмүрүнжана ден соолугун коргоо мамлекеттик милдеттерге таандык болгондугунабайланыштуу 5-статьяны төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуштайбыз: "5-статья. Балдардын жасалма тамак аш азыктарына карата талаптар 1. Балдардын жасалма тамак аш азыктары техникалык регламенттерде,ал эми аларды пайдаланууга киргизүүгө чейин - Кыргыз Республикасынынченемдик укуктук актыларда белгиленүүчү коопсуздуктун талаптарына шай-кеш келиши керек. 2. Техникалык регламенттердин, ал эми аларды пайдаланууга кир-гизүүгө чейин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын сак-талышына көзөмөл жүргүзүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белги-ленген тартипте, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүнү камсыз-доочу аткаруу бийлигинин атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органтарабынан ишке ашырылат.". 6-статьянын 1-пунктунда "мыйзам" деген сөздү "ченемдик укуктук"деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз. 7-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацын 6-статьянын 2-пунктуна ыла-йык келбестиктен алып салууну же болбосо 6-статьянын 2-пунктун кайракароо керек. Ушул эле себеп боюнча 7-статьянын 3-пунктун алып салуунусунуштайбыз. 7-статьянын 5-пунктун алып салууну сунуштайбыз, анткени балдардынжасалма тамак аш азыктарын кайсы жерден сатууга уруксат берилгендигитолук такталган эмес. Аталган азыктарды сатууга тыюу салуу жеке ишкер-дик жүргүзүүдө гана чек коюлат. 8-статьянын 5-пунктунда "камтыбаган" деген сөздү "камтууга тийишэмес". III главанын аталышында жана 9-статьянын 1-пунктунда "сыйлоо" де-ген сөздү алып салууну сунуштайбыз. Сыйлоо кандайдыр бир финансылык чы-гымдарды жана балдарды эмизүүнүн натыйжалуулугун камсыздоочу механизмдибилдирет. 11-статьянын 1-пунктунда "сыйлоо жана колдоо" деген сөздөрдү "про-пагандалоо" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз. Сыйлоо балдардыэмизген энелерге финансылык колдоо көрсөтүүнү билдирет. Саламаттык сак-тоо кызматкерлерин эмизүүгө сыйлоого милдеттендирүү максатка ылайыксыз. IV глава балдарды эмизүүнү колдоо жана пропагандалоону камсыздообоюнча жањы ыйгарым укуктуу орган түзүүнү караштырууда. Кыргыз Респуб-ликасынын Саламаттык сактоо министрлиги азыркы учурда репродуктивдүүден соолук, энеликти жана балдарды коргоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктууорган болуп эсептелгендиктен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жањы органтүзүүнү максатка ылайыксыз деп эсептейт. Мында 12-статьянын 2-пунктунда "мүчөлөрүн түзүү" деген сөздөрдүалып салууну сунуштайт. 14-статьянын 1-пунктунун 8-пунктчасындагы "министрликтер, мамле-кеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор" деген сөздөрдү "мам-лекеттик органдар" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз. Жалпысынан IV главаны мыйзам долбоордон алып салууну максатка ыла-йык деп эсептейбиз. Бюджеттин учурдагы тартыштык мезгилинде жана бюджеттик каражаттар-дын чектелген шартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул мыйзам долбоо-рун ишке ашыруу боюнча иш-чараларды Кыргыз Республикасынын Саламаттыксактоо министрлигинин бюджеттик каражаттарынын чектеринде жүргүзүүнүсунуштоодо. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду кир-гизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча. 1-статьянын биринчи абзацындагы "төмөнкүдөй толуктоолор жанаөзгөртүү" деген сөздөрдү "төмөнкүдөй толуктоо" деген сөздөргө алмашты-рууну сунуштайбыз. 1-статьянын экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда бе-рилсин: "16-статья төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын". "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына толуктоолордукиргизүү тууралуу көрсөтүлгөн мыйзам долбоору менен товарлардын айрымтүрлөрү боюнча негизсиз чектөөлөр киргизилүүдө. "Ишкерлердин укуктарынкоргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 4-статьясына ылайыкмамлекет менчик түрүнө карабастан ишкерлерге төмөнкүлөрдү гарантиялайт:финансылык, эмгектик, жаратылыштык, маалыматтык жана интеллектуалдыкресурстарга жетүүнүн тењ укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн; атаандаштыктыколдоо жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүнү; эл аралык макулдашуулар-дын негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген жеке ишкер субъ-екттердин укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоону. 2-статья Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчиликжөнүндө
кодексинин 30-статьясына ылайык келтирилсин.