КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 8-сентябры № 500 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын аймактарында жайгашкан администрациялык-аймактык бирдиктерди жоюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын аймактарындажайгашкан администрациялык-аймактык бирдиктерди жоюу жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзам
долбоору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберет жана Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын65-статьясынын 2-пунктуна ылайык аталган мыйзам долбоорун шашылыш ката-ры кезексиз тартипте кароону суранат. 3. Аталган мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн расмий өкүлү болуп Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз ал-дынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору (макулдашуубоюнча) дайындалсын. Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын аймактарында жайгашкан администрациялык-аймактык бирдиктерди жоюу жөнүндө 1-статья. Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын аймактарында жай-гашкан төмөнкү администрациялык-аймактык бирдиктер жоюлсун: Ош шаарында - Жапалак айылдык округу. Жалал-Абад облусунда: - Жалал-Абад шаарында - Тайгараев айылдык округу; - Каракөл шаарында - Жазы-Кечүү айылдык округу. Баткен облусунда: - Кызыл-Кыя шаарында - Ак-Булак айылдык округу. 2-статья. Калктуу конуштардын статусун сактоо менен төмөнкү шаар тибиндегипоселкаларда администрациялык-аймактык бирдиктердин статусу жоюлсун: Бишкек шаарында - Чоњ-Арык шаар тибиндеги поселкасы. Жалал-Абад облусунда: - Каракөл шаарындагы - Кетмен-Төбө шаар тибиндеги поселкасы; - Майлы-Сай шаарында - Көк-Таш шаар тибиндеги поселкасы жана Са-ры-Бээ шаар тибиндеги поселкасы; - Ташкөмүр шаарында - Шамалды-Сай шаар тибиндеги поселкасы жанаКызыл-Жар шаар тибиндеги поселкасы. Баткен облусунда: Сүлүктү шаарында - Восточный (Кош-Булак) шаар тибиндеги поселкасы. Ысык-Көл облусунда: - Балыкчы шаарында - Орто-Токой шаар тибиндеги поселкасы; - Каракол шаарындагы - Пристань-Пржевальск шаар тибиндеги поселка-сы. 3-статья. 1. Ушул Мыйзамдын 1 жана 2-статьяларында көрсөтүлгөн администраци-ялык-аймактык бирдиктердин курамындагы калктуу конуштар өз статусунсактайт. 2. Ушул Мыйзамдын 1 жана 2-статьяларында көрсөтүлгөн шаарлардынадминистрациялык-аймактык чек аралары жоюлган администрациялык-аймактыкбирдиктердин аймактарын эсепке алуу менен мурунку чек арасында сакта-лат. 4-статья. Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын администрация-лык-аймактык чек араларынын курамындагы шаар тибиндеги поселкаларда жа-на айылдарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү кењеш-тер жана алардын аткаруучу-тескөөчү органдары түрүндө түзүлбөй турган-дыгы белгиленсин. 5-статья. 1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 2. Ушул Мыйзамдын 1 жана 2-статьяларында көрсөтүлгөн айылдардынжана шаар тибиндеги поселкалардын функциялары, ыйгарым укуктары жанамилдеттери аларды республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын жер-гиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кабыл алганга чейин айылдык жанапоселкалык кењештерде жана алардын аткаруучу-тескөөчү органдарында сак-талсын. 3. Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары белгиленген тартипте эки айлык мөөнөттө рес-публикалык жана облустук маанидеги шаарлардын администрациялык-аймактыкчек аралардын курамында турган айылдардын шаар тибиндеги поселкалардынайылдык жана поселкалык кењештеринин жана алардын аткаруучу-тескөөчүоргандарынын функцияларын, ыйгарым укуктарын жана милдеттерин кабылалышсын, ошондой эле ушул Мыйзамдан келип чыгуучу башка чараларды кө-рүшсүн. 4. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети администра-циялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин статистикалык эсебине тиеше-лүү өзгөртүүлөрдү киргизсин. 5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамдан келип чыгуучу за-рыл чараларды көрсүн. Кыргыз Республикасынын Президенти