КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 8-сентябры № 504 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдүжана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын тиркелген
долбоору жактырылсын. 2. Жогоруда аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгөсалуу кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасы-нын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн рас-мий өкүлү болуп дайындалсын. Премьер-министр И.Чудинов
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 1-статья. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.)төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 1. 44-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "болушу" деген сөз "гана" дегенсөз менен алмаштырылсын. 2. 5-глава төмөнкүдөй мазмундагы 131-1-статья менен толукталсын: "131-1. Жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан облигацияларды жана камсыздалган облигацияларды чыгаруу Коом Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган тартипте облигаци-яларды жана камсыздалган облигацияларды чыгарууга укуктуу.". 3. 147-статьясынын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Акционердик коом Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралгантартипте облигацияларды жана камсыздалган облигацияларды чыгаруугаукуктуу.". 2-статья. "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 2003-ж., № 6,240-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 27-статьясынын 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толук-талсын: "Акционердик коом өздүк капиталынын өлчөмүнөн ашпаган суммага,мурдагы чыгарылган акциялар жайгаштырылгандан кийин жана өзүнүн иштеши-нин үчүнчү жылынан эрте эмес, ушул убакытка карата коомдун эки жылдыкбалансын тийиштүү түрдө бекиткен шарттарда облигацияларды чыгаруугаукуктуу. Акционердик коом өзү берген камсыздоонун чоњдугуна же болбосо ушулмаксатка үчүнчү жактар берген камсыздоонун чоњдугуна, мурдагы чыгары-лыштагы акциялар жайгаштырылгандан кийин камсыздалган облигациялардычыгарууга укуктуу. Мында акционердик коомдун капиталынын өлчөмүнө жанааны колдонуу мөөнөтүнө карата ушул пункттун биринчи бөлүгүндө көрсөтүл-гөн талаптар акционердик коом тарабынан камсыздалган облигациялар чыга-рылган учурда колдонулбайт. Камсыздалган облигацияларды чыгаруунун жайгаштыруунун жана төлөө-нүн тартиби, шарттары баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуучу ыйгарымукуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актылары менен аныкта-лат.". 3-статья. "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" 1996-жылдын 15-нояб-рындагы № 60 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүү кир-гизилсин: 39-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "39-статья. Жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан облигацияларды жана камсыздалган облигацияларды чыгаруу 1. Коом өздүк капиталынын өлчөмүнөн ашпаган суммага, түзүлгөндөнүч жыл эрте эмес мөөнөттө жана ушул убакка карага коомдун эки жылдыкбалансын тийиштүү түрдө бекиткен шарттарда облигацияларды чыгаруугаукуктуу. 2. Коом өзү берген камсыздоонун чоњдугуна же болбосо ушул максаттакоомго үчүнчү жактар тарабынан берилген чоњдукка камсыздалган облигаци-яларды чыгарууга укуктуу. Мында, ушул статьянын 1-пункту менен коомдунөздүк капиталынын өлчөмүнө жана иштешинин мөөнөтүнө коюлуучу талаптарколдонулбайт.". 4-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн үй ай өткөндөн кийин күчүнөкирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев