Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-августундагы № 484 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө ЖОБО (2009-жылдын 20-апрелиндеги №236 токтомунун редакциясына ылайык) I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалыкбилим берүү боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Мамлекеттикагенттик) кесиптик-техникалык билим берүү жаатында мамлекеттик саясаттыжүргүзгөн административдик ведомство болуп саналат. 2. Мамлекеттик агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конститу-циясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Пре-зидентинин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-нүн токтомдору менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын күчүнө киргенэл аралык келишимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат. 3. Мамлекеттик агенттик юридикалык жак болот, Кыргыз Республикасы-нын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлүп, аталышы мамлекеттик жанарасмий тилдерде жазылган мөөрү жана бурчтуу штампы, ошондой эле Казна-чылык системасында алыш-бериш, утурумдук жана башка эсептери болот. 4. Мамлекеттик агенттиктин борбордук аппаратынын түзүмүн жанаштаттык санын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет. II. Мамлекеттик агенттиктин максаттары жана милдеттери 5. Мамлекеттик агенттиктин негизги максаты баштапкы кесиптик билимберүүнүн стандарттарынын негизинде эмгек рыногун квалификациялык кадр-лар менен камсыз кылуу боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгөашыруу жана жарандардын кызыкчылыктарын, мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу ме-нен коомдун кесиптик билим алууга муктаждыгын канааттандыруу болуп са-налат. 6. Мамлекеттик агенттиктин милдеттери: - эмгек рыногундагы суроо-талапты эске алуу менен квалификациялыккадрларды даярдоону өркүндөтүү чараларын иштеп чыгуу; - иштелип чыккан стратегиялык программалардын негизинде кесип-тик-техникалык билим берүүдө реформаларды жүргүзүү; - жумушчу кадрларды даярдоодо, кайра даярдоодо жана квалификация-сын жогорулатууда үнөмдүүлүктү жана натыйжалуулукту камсыз кылуу; - кесиптик-техникалык билим берүү жаатындагы нормативдик укуктукбазаны өркүндөтүү; - кесиптик-техникалык билим берүү системасынын ишмердигин каржыло-ого багытталган каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу; - билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча комплекстүүчараларды жүзөгө ашыруу; - маалыматтык ишмердикти өнүктүрүү. III. Мамлекеттик агенттиктин негизги иш-милдеттери 7. Мамлекеттик агенттик өзүнө жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруумаксатында төмөнкү иш-милдеттерди аткарат: а) тармактык саясатты жүргүзүүдө: - жумуш берүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын, азыркы шарттарды жана эларалык тажрыйбаны эске алуу менен эмгек рыногунда суроо-талапка ээ бол-гон кесиптер боюнча жумушчу кадрларды жана адистерди даярдоого багыт-талган кесиптик-техникалык билим берүүнү өнүктүрүүгө карата чаралардынпрограммаларын иштеп чыгат; - кесиптик-техникалык билим берүү системасынын ишмердигин жөнгөсалуучу нормативдик укуктук актылардын долбоорун иштеп чыгат, ошондойэле белгиленген тартипте аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет. - эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон кесиптер боюнча жумушчукадрларды даярдоого карата сунуштарды иликтейт, калкты жумуш менен кам-сыз кылуу боюнча мамлекеттик органдар жана жумуш берүүчүлөр менен бир-дикте жумушчу кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо божомолдорун иштепчыгат; - башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын иш-теп чыгат; - кесиптик-техникалык билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча эларалык финансылык жана донордук уюмдар тарабынан каржылануучу инвести-циялык программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгууга жана жүзөгө ашы-рууга көмөк көрсөтөт. - кесиптик-техникалык билим берүү системасын өркүндөтүү, модерни-зациялоо жана техникалык жактан кайра жабдуу үчүн шарттарды түзүү мак-сатында көп каналдуу каржылоону өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт; - жумушчу кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясынжогорулатуу боюнча баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайларынын са-паттуу жана натыйжалуу ишин камсыз кылат; - кесиптик-техникалык билим берүү системасынын окуу жайларын жанауюмдарын пландоону жана каржылоону жүзөгө ашырат; - кесиптик-техникалык билим берүү жаатында кызматташуу маселелерибоюнча өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде мамлекеттик, коомдук жана эларалык уюмдар менен келишимдерди түзөт; б) кызмат көрсөтүү функциялары: - кадрларды даярдоо жаатында иштерди өркүндөтүү маселелери боюнчаведомстволук мекемелерге консультативдик жардам көрсөтөт; - калктын социалдык аялуу катмарынын кесип алышы үчүн шарттардытүзүүгө көмөк көрсөтөт; - илимий-методикалык ишмердикти уюштурат, баштапкы кесиптик-билимберүүчү окуу жайларынын алдыњкы педагогикалык тажрыйбасын изилдейт,жалпылаштырат жана жайылтат, окуу китептерин жана усулдук окуу куралда-рын басып чыгарууга даярдайт; - баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайларынын окуучуларынукуктук, эстетикалык, адеп-ахлактык, этикалык, спорттук тарбиялоо жанаалардын дени сак болушу үчүн шарттарды түзүү боюнча иштерди уюштурат. в) жөнгө салуу иш-милдеттери: - мамлекеттик стандарттардын талаптарына ылайык келишин аныктоомаксатында баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайларды, ведомстволуктаандыктыгына карабастан, баштапкы кесиптик билим берүүнүн программала-рын ишке ашыруучу башка билим берүү уюмдарына белгиленген тартипте ат-тестациялоо жана мамлекеттик аккредитациялоо жүргүзөт; - кесиптик-техникалык билим берүүнүн ведомстволук мекемелери мененуюмдарынын, ошондой эле башталгыч кесиптик билим берүүнүн программала-рын жүзөгө ашыруучу кесиптик даярдоо мекемелеринин ишмердиктерин инс-пектирлөөнү жүзөгө ашырат жана мамлекеттик стандарттардын талабынабүтүрүүчүлөрдүн дењгээлинин ылайык келишин жана даярдоо сапатын анык-тайт; - бюджеттик каражаттарды жана баштапкы кесиптик билим берүүнүн ве-домстволук окуу жайларын каржылоого багытталган каражаттарды пайдалану-уга мониторинг жүргүзөт; - кесиптик-техникалык билим берүүчү окуу жайларынын жетекчи жанапедагогикалык кызматкерлерине белгиленген тартипте аттестациялоожүргүзөт; - ишканалардын жана жарандардын билдирмелери боюнча жумуш орунда-рын сертификациялоону жүзөгө ашырат; г) ишти координациялоо, контролдоо жана аткарылышына мониторингжүргүзүү иш-милдеттери: - инженердик-педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогору-латуу системасын өркүндөтүү боюнча ишти координациялайт; - окуу-тарбия жана кесиптик даярдыктын, мамлекеттик жана улуттукпрограммаларда коюлган иштердин башка чөйрөлөрүнүн маселелерин жүзөгөашыруу боюнча баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайларынын ишине мо-ниторинг жүргүзөт жана баа берет; - негизги ишмердикти өркүндөтүү маселелери боюнча кесиптик-техни-калык билим берүү системасынын кызыкдар болгон түзүмдөр менен (мамле-кеттик жана коомдук уюмдар) өз ара аракетин камсыз кылат; - баштапкы кесиптик билим берүүнүн ведомстволук бөлүмчөлөрүнүн жа-на окуу жайларынын материалдык-техникалык базасын сактоо, ремонттоо жа-на жањылоо боюнча чараларды көрөт; - ведомстволук бөлүмчөлөрдүн ишмердигине дайыма мониторингжүргүзөт, маалымат жыйноону, жалпылоону, талдоо жүргүзүүнү жүзөгө ашы-рат; кесиптик-техникалык билим берүү чөйрөсүндөгү иштердин абалыжөнүндө отчетторду даярдайт. д) колдоо көрсөтүү иш-милдеттери: - Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлерин даярдоо жана квалификаци-ясын жогорулатуу системасын уюштурат; - сапаттуу эсепти жана отчеттуулукту камсыз кылат; - кесиптик-техникалык билим берүүнүн маселелери боюнча жалпыга ма-алымдоо каражаттары менен өз ара аракетти камсыз кылат. IV. Мамлекеттик агенттиктин укуктары жана милдеттери 8. Мамлекеттик агенттик өзүнө жүктөлгөн иш-милдеттерди аткаруу жа-на коюлган милдеттерди чечүү үчүн төмөнкүлөргө укуктуу: - баштапкы кесиптик билим берүү маселеси боюнча нормативдик укук-тук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга; - Мамлекеттик агенттиктин коллегияларынын жыйындарында ведомство-лук уюмдардын, окуу жайлардын отчетторун, негизги иштер боюнча маалы-маттарын угууга; - эксперт, консультант жана башка адистерди тартуу менен кесип-тик-техникалык билим берүү маселеси боюнча изилдөөлөрдү жана иштеп чы-гууларды жүргүзүүгө; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ведомстволук мекеме-лерди жана уюмдарды кайра уюштурууну жана жоюуну жүзөгө ашырууга; - баштапкы кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын иштепчыгууга жана бекитүүгө; - Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттиктинАрдак грамотасы, "Кесиптик-техникалык билим берүү отличниги" деген төшбелгиси менен сыйлоо маселелерин чечүүгө жана кесиптик-техникалык билимберүүнүн айырмаланган кызматкерлерин сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө су-нуштарды берүүгө; - чыгымдардын сметасын бекитүүгө жана алардын аткарылышын контрол-доого; - кесиптик-техникалык билим берүү жаатында чет мамлекеттер, эларалык жана өкмөттүк эмес мекемелер жана уюмдар менен байланышты орно-тууга, эл аралык келишимдерди түзүүгө жана кызматташтыкты жүзөгө ашыру-уга; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте акытөлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө; - реабилитациялык борборлорду, "Барчын" санаторий-профилактория-сын, "Келечек" эмгек жана эс алуу лагерин колдоо, кесиптик-техникалыкбилим берүү системасынын окуучуларына, кызматкерлерине жана ардагерле-рине жардам көрсөтүү, бекитилген иш планга ылайык борборлоштурулганиш-чараларды жүргүзүү үчүн ведомстволук уюмдардын атайын каражаттарынынбелгиленген чегерүүлөрдүн эсебинен Казначылык системасында Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте атайын эсеп ачууга; - маалыматтык ишмердик жүргүзүүгө; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктардыишке ашырууга. 9. Тапшырылган иш-милдеттерине ылайык Мамлекеттик агенттиктөмөнкүлөргө милдеттүү: - кесиптик-техникалык билим берүү жаатында Кыргыз Республикасынынмыйзамдарын бекем сактоого; - жумушчу кадрларды даярдоодо, кайра даярдоодо жана квалификация-сын жогорулатууда баштапкы кесиптик билим берүү стандарттарынын сакта-лышына контролдукту камсыз кылууга; - жарандарды кабыл алууну жүргүзүүгө, жарандардын каттарында, дат-танууларында жана арыздарында көтөрүлгөн маселелерди чечүүгө, зарыл ча-раларды көрүүгө жана жоопторун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындабелгиленген мөөнөттөрдө жиберүүгө; - кесиптик-техникалык билим берүү системасын натыйжалуу башкаруунукамсыз кылууга. V. Мамлекеттик агенттиктин ишин уюштуруу
10. Мамлекеттик агенттикти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бел- гиленген тартипте кызматка дайындалчу жана кызматтан бошотулчу директор башкарат.
(2009-жылдын 20-апрелиндеги №236 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Мамлекеттик агенттиктин директору: - Мамлекеттик агенттиктин жана анын ведомстволук түзүмдүкбөлүмдөрүнүн иштерин жетектейт; - Мамлекеттик агенттикке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардынаткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат; - Мамлекеттик агенттиктин борбордук аппаратынын кызматкерлерин,ведомстволук түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана аймактык органдардын жетекчиле-рин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жумушка алат жана бошо-тот, аларга сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот; - баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын жетекчилерин жанабашкы бухгалтерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот; - Мамлекеттик агенттиктин жана ведомстволук түзүмдүк бөлүмдөрүнүнкызматкерлери милдеттүү түрдө аткаруучу буйруктарды өзүнүн ыйгарым уку-гунун чегинде чыгарат жана алардын аткарылышын контролдойт; - ички иш тартибин белгилейт; - баштапкы кесиптик билим берүүнүн ведомстволук түзүмдүкбөлүмдөрүнүн, аймактык органдарынын жана окуу жайларынын жоболорун жанауставдарын бекитет; - эмгек акы төлөө фондунун алкагында кесиптик билим берүүнүн ве-домстволук бөлүмдөрүнүн, окуу жайларынын штаттык расписаниесин бекитет; - Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлерин аттестациялоо боюнча ко-миссиянын чечимдерин бекитет; - мамлекеттик кызматкерлерге тиешелүү класстык чиндерди ыйгарат; - Мамлекеттик агенттиктин атынан ишеним каттарды берет, Казначылыксистемасында эсептерди ачат; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укукта-рынын чегинде Мамлекеттик агенттиктин мүлкүн жана каражаттарын тескейт; - Мамлекеттик агенттиктин коллегиясынын ишин уюштурат жана ага же-текчилик кылат; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамле-кеттик, коомдук жана эл аралык уюмдар менен кесиптик-техникалык билимберүү жаатында кызматташуу жөнүндө келишимдерге кол коет; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ага берилген башка ыйга-рым укуктарды жүзөгө ашырат. 12. Мамлекеттик агенттиктин жетекчилиги директор, статс-катчы жанадиректордун орунбасарынан турат. Директордун орун басары Мамлекеттикагенттиктин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премь-ер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Статс-катчы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тар-типте кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. 13. Мамлекеттик агенттиктин алдында курамы тогуз кишиден турганколлегия түзүлөт. Директор, статс-катчы жана директордун орунбасары кызматы боюнчаколлегия мүчөлөрү болушат. Коллегиянын курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынынөкүлү, Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери кирет. Коллегия мүчөлөрүнүн жекече курамын, кызматы боюнча ага киргенадамдардан башкасын, Мамлекеттик агенттиктин директорунун сунушу боюнчаКыргыз Республикасынын Премьер-министри бекитет. Мамлекеттик агенттиктин директору коллегиянын төрагасы болот. 14. Коллегия өзүнүн жыйындарында төмөнкүлөрдү карайт: - иштин негизги маселелерин жана кесиптик-техникалык билим берүүсистемасын өркүндөтүүнү; - өзүнүн чечимдеринин аткарылышын текшерүүнүн жыйынтыктарын; - нормативдик-укуктук документтердин долбоорлорун; - баштапкы кесиптик билим берүү окуу жайларын аккредитациялоо ма-селелерин; - баштапкы кесиптик билим берүүнүн ведомстволук жана аймактыкбөлүмдөрүнүн, окуу жайларынын жетекчилеринин отчетторун угат. 15. Коллегиянын чечими коллегия мүчөлөрүнүн жалпы санынан көпчүлүкдобушу менен кабыл алынат. Добуштардын саны бирдей болгон учурда төра-галык кылуучу добуш берген чечим кабыл алынды деп саналат. 16. Коллегиянын чечими токтом формасында кабыл алынат жана дирек-тордун буйругу менен ишке ашырылат. VI. Жоопкерчилик 17. Мамлекеттик агенттиктин жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат. VII. Жоюу жана кайра уюштуруу 18. Мамлекеттик агенттикти кайра уюштуруу, жоюу Кыргыз Республика-сынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жүргүзүлөт.