КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 12-сентябры № 512 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Жылуулук жана электр энергияларын сарамжалдуу пайдалануу үчүн,ошондой эле ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынаөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республика-сынын Мыйзам
долбоору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын өнөржай, энергетика жана отун ресурстарыминистри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши аталган мыйзам долбоорункараган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дай-ындалсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 1-статья. "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Эр-кин-Тоо газетасы, 1998-жылдын 24-июлу, № 97-98) төмөнкүдөй өзгөртүүлөржана толуктоолор киргизилсин: 1. 2-статьяда: - үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "энергияны үнөмдөө - энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдала-нууга, энергияны өндүрүүдө, кайра түзүүдө, ташууда жана керектөөдө ко-ромжулукту азайтууга, чарбалык жүгүртүүгө энергиянын жањыланып туруучубулактарын тартууга багытталган укуктук, уюштуруучулук, илимий, өндү-рүштүк, техникалык жана экономикалык чараларды турмушка ашыруу;"; - тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "энергиянын натыйжалуулугунун көрсөткүчү - Кыргыз Республиканынченемдик укуктук актылары менен белгиленген бардык багыттагы продукция-лар үчүн отун-энергетикалык ресурстарды керектөөнүн же жоготуунун или-мий негизделген абсолюттук же салыштырма чоњдугу;"; - он экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "энергиянын жањыланып туруучу булактары - күндүн, шамалдын, суу-нун, жердин жылуулугунун, суу агымдарынын табигый кыймылынын энергия-сы;"; - төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү - он алтынчы абзацтар менентолукталсын: "энергияны үнөмдөөчү технологиялар, жабдуулар жана материалдар же-тишилген дењгээлге салыштырмалуу отун-энергетикалык ресурстарды пайда-лануунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү технологиялар,жабдуулар жана материалдар; мамилелерди жөнгө салуунун субъекттери - энергияны үнөмдөөнү мый-замдык жөнгө салуунун чектеринде энергетикалык ресурстарды пайдалануу-нун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган ишти турмушка ашыруучуюридикалык жана жеке жактар; энергияны үнөмдөө тармагындагы өкүлчүлүктүү орган объектисиотун-энергетикалык ресурстардын бардык түрлөрүн казып алуу, кайра иште-түү, ташуу, өндүрүү, сактоо жана пайдалануу менен байланышкан процесс-тер."; 2. 3-статья "ченемдик-укуктук актылардын" деген сөздөрдөн кийин ",ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзам та-рабынан белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден" де-ген сөздөр менен толукталсын. 3. 4-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "4-статья. Ушул Мыйзамдын колдонулуу чөйрөсү Энергияны үнөмдөө тармагында мамлекеттик жөнгө салуунун объектисииш процессинде келип чыккан мамилелер болуп саналат, алар төмөнкүлөргөбагытталат: - энергетикалык ресурстарды казып алууда, өндүрүүдө, кайра иште-түүдө, ташууда, сактоодо жана керектөөдө аларды натыйжалуу пайдалануу-га; - энергетикалык ресурстардын натыйжалуу пайдаланылышы үчүн мамле-кеттик көзөмөлдү турмушка ашырууга; - энергетикалык ресурстардын алда канча кымбат жана тартыш түрлө-рүн алмаштырууга жөндөмдүү отундун альтернативдүү түрлөрүн казып алуунужана өндүрүүнү өнүктүрүүгө; - энергонатыйжалуу технологияларды, отун-энергия керектөөчү жанадиагностикалык жабдууларды, конструкциялык жана изоляциялык материал-дарды, энергетикалык ресурстардын чыгымдалышын эсептөө жана алардынпайдаланылышын көзөмөлдөө үчүн приборлорду, энергиянын керектелишин ав-томатташтырылган башкаруу системаларын түзүүгө жана пайдаланууга; - берилген жана керектелген энергетикалык ресурстарды эсепке алуубөлүгүндө өлчөөнүн тактыгын, чындыгын жана бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу-га; - энергияны үнөмдөө, энергиянын жањы булактарын жана отундун түр-лөрүн пайдалануу, өлчөө каражаттары, энергетикалык ресурстардын сарпта-лышын жөнгө салуу жана контролдоо маселелери боюнча маалыматтык камсызкылууга; - энергияны үнөмдөө объекттерин техникалык ченемдөөнү, стандарт-таштырууну, сертификатташтырууну жана метрологиялык камсыз кылууну тур-мушка ашырууга.". 4. 5-статьяда: - үчүнчү абзац "энергияны үнөмдөөчү" деген сөздөрдөн мурда"Отун-энергетикалык ресурстарды пайдалануу процессинде калк үчүн айла-на-чөйрөнүн коопсуздугун камсыз кыла турган" деген сөздөр менен толук-талсын; - төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: "юридикалык жактарга алар тарабынан өндүрүлгөн же чыгымдалганэнергетикалык ресурстардын эсебин алуунун милдеттүүлүгү;". 5. 6-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзацменен толукталсын: "энергияны үнөмдөөнүн мамлекеттик системасынын түзүмүн жана энер-гияны үнөмдөө тармагында өкүлчүлүктүү органды аныктоо;". 6. Төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-статья менен толукталсын: "6-1-статья. Энергияны үнөмдөө тармагында ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы Энергияны үнөмдөө тармагында ыйгарым укуктуу орган: - энергияны үнөмдөө тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргү-зөт; - энергияны үнөмдөөнүн ченемдик-усулдук, методикалык жана экономи-калык механизмдерин жана жањыланып туруучу энергетикалык ресурстардыпайдаланууга түрткү берүүчү себептерди иштеп чыгат; - энергияны үнөмдөө боюнча экспертиза жана энергетикалык текшерүүтууралуу жобонун долбоорун иштеп чыгат; - отун-энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу үчүн мамле-кеттик көзөмөлдү уюштурат; - эларалык кызматташтыкка катышат; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка иш-милдеттердижүргүзөт; - энергияны үнөмдөөнүн региондук жана тармактык программаларын иш-теп чыгууну координациялайт жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-нүн бекитүүсүнө берет.". 7. 7-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "7-статья. Энергияны үнөмдөө тармагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ыйгарым укуктары Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары: - энергияны үнөмдөөнүн мамлекеттик программасын турмушка ашыруунукамсыз кылат; - административдик-аймактык бирдиктин чектеринде энергияны үнөмдөөпрограммасын иштеп чыгышат жана турмушка ашырышат, алардын аткарылышынкоординациялашат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жергиликтүү мамлекеттикадминистрациялардын аткаруучу-тескөөчү органдары: - административдик-аймактык бирдиктин чектеринде мамлекеттик жанарегиондук программаларды ишке ашырат; - алардын карамагында турган имараттарда, анын ичинде жогору на-тыйжалуу энергия керектөөчү аспаптардын жана жабдууларды пайдалануунунэсебинен энергияны керектөөнүн экономикалык режимдеринин камсыз болушуүчүн жооп беришет; - энергияны үнөмдөө тармагында илимий изилдөөлөрдү уюштурушат; - алардын аймагында жайгашкан жеке жана юридикалык жактардын энер-гияны үнөмдөөгө карата программаларды аткарышы боюнча иш-аракеттеринкоординациялашат."; 8. 8-статьяда: - биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин: - "Отундун жана энергиянын сарамжалдуу пайдаланылышына мамлекеттиккөзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан атайын ыйгарым укукберилген энергияны үнөмдөө тармагындагы мамлекеттик орган ишке ашы-рат."; - төртүнчү бөлүгүндөгү "Мамлекеттик энергетика инспекциясынын" де-ген сөздөр "энергияны үнөмдөө тармагындагы өкүлчүлүктүү мамлекеттик ор-гандын" деген сөздөр менен алмаштырылсын; - бешинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамле-кеттик администрациялар энергияны үнөмдөө тармагында ыйгарым укуктуумамлекеттик органдын ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка че-немдик укуктук актылары менен аныкталган ыйгарым укуктарын аткарышыүчүн керектүү шарттарды түзүшөт."; 9. 10-статья төмөндөгүдөй редакцияда берилсин: "10-статья. Энергетикалык экспертиза Мамлекеттик экспертиза энергияны натыйжалуу пайдаланууну аныктоо,энергиянын эсебин алууну уюштуруу жана отун-энергетикалык комплексининэнергетикалык жабдууларынын коопсуздугу максатында жүргүзүлөт. Энергетикалык натыйжалуулуктун мамлекеттик экспертизасынын негизгимилдеттери долбоордук чечимдердин стандартташтыруу боюнча ченемдик до-кументтердин жана энергиянын натыйжалуулугу боюнча башка ченемдик укук-тук актылардын талаптарына туура келүүсүнө баа берүү, ошондой эле энер-гияны үнөмдөө боюнча каралган чаралардын жетиштүүлүгүн жана негиздүүлү-гүн аныктоо болуп саналат. Энергетикалык натыйжалуулуктун мамлекеттик экспертизасына төмөнкү-лөр тийиштүү: экономиканын тармактарын өнүктүрүү программаларынын долбоорлору,административдик-аймактык бирдиктерди жана калктуу конуштарды энергияменен жабдуунун схемалары; жањы курулуштарга жана иштеп жаткан ишканаларды, имараттарды, ку-рулмаларды кењейтүүгө (кайра жањыртып курууга, техникалык кайра жабдуу-га, модернизациялоого) техникалык-экономикалык негиздөөнүн жана дол-боорлоо - пландоочу документациялардын энерготехнологиялык бөлүгү. Энергетикалык натыйжалуулуктун мамлекеттик экспертизасын жүргүзүүтартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.". 10. 11-статья төмөнкү мазмундагы бешинчи бөлүк менен толукталсын: "Энергияны үнөмдөө тармагындагы ыйгарым укуктуу орган мамлекеттикстатистикалык отчет берүүнүн үлгүсүн иштеп чыгат жана мамлекеттик ста-тистика тармагындагы компетенттүү органдар менен макулдашуу боюнчаотун-энергетикалык ресурстарды өндүрүүнүн жана керектөөнүн көлөмү жананоменклатурасы жана менчигинин түрүнө карабастан ишканалар жана уюмдарүчүн аларды пайдалануунун натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрү тууралуу мам-лекеттик статистикалык отчет берүүнү киргизүүнү камсыз кылат.". 11. 14-статья күчүн жоготту деп табылсын; 12. 20-статьянын экинчи бөлүгү "энергия үнөмдөө программаларын ат-каруунун" деген сөздөрдөн кийин жана Кыргыз Республикасынын энергия иш-теп чыгаруучу, ташуучу, бөлүштүрүүчү жана башка энергокомпанияларынынкоторууларынын эсебинен" деген сөздөр менен толукталсын. 13. 22-статья төмөнкү мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын: "Энергияны үнөмдөө фондунун каражаттарын бөлүштүрүү тартиби КыргызРеспубликасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.". 14. 23-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "23-статья. Энергияны үнөмдөөгө түрткү берүү Энергетикалык ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорула-тууга түрткү берүү төмөнкү жолдор менен ишке ашырылат: - долбоорду каржылоонун жалпы көлөмүнүн максималдуу үлүшүн КыргызРеспубликасынын Өкмөтү аныктаган социалдык маанилүү долбоорлорго Энер-гияны үнөмдөө фондусунан гранттарды берүү; - энергияны үнөмдөөчү иш-чараларды киргизүүгө сарпталган, аныничинде энергияны керектөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча мамле-кеттик программалардын (долбоорлордун) алкагында курулуучу жањыланыптуруучу булактарды пайдалануу менен энергетикалык түзүлүштөргө капитал-дык сарпталган энергетикалык ресурстарга баалардын эсебин алуу; - тизмеси энергияны үнөмдөөчү тармактарда ыйгарым укуктуу мамле-кеттик орган тарабынан даярдалып жана бекитилүүчү энергияны үнөмдөөчүтехникалардын амортизациясынын, материалдардын, эсептегич приборлордун,энергетикалык ресурстарды контролдоонун жана жөнгө салуунун тездетилгенчен-өлчөмдөрүн аныктоо; - үнөмдөлгөн энергиянын көлөмүнө жараша энергия үнөмдөөчү иш-чара-ларга бекер каржылык салым кошуу же үлүштүк катышуу; - биомассаны жана жањыланып туруучу булактардан иштеп чыгарылганэлектрэнергияга акчалай жардам берүү. Энергияны үнөмдөө тармагындагы программаларга ылайык ишке ашырылатурган курулмалар жана энергиянын жањыланып туруучу булактарын пайдала-нуучу энергетикалык түзүлүштөр үчүн электр энергиясына баалар бул түзү-лүштөрдү энергияны үнөмдөө тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор-ган менен макулдашылган мөөнөттө курууга капиталдык салымдардын өзүнактоосун камсыз кылууга тийиш. Электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди аныктоо учурунда мам-лекеттик ыйгарым укуктуу орган электр жана жылуулук энергиясын керек-төөчүлөрдүн энергияны үнөмдөөгө экономикалык негизделген чыгымдарын эс-ке алууга тийиш. Көрсөтүлгөн каражаттарды топтоонун тартиби жана энер-гия үнөмдөө долбоорлорун каржылоо максатында аларды керектөөчүлөр тара-бынан пайдалануунун тартиби энергияны үнөмдөө тармагындагы ыйгарымукуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат жана Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтү тарабынан бекитилет. 15. 24-статьянын экинчи бөлүгү алып салынсын. 16. 25-статьянын экинчи бөлүгү алып салынсын. 17. VII главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "VII глава Энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу чөйрөсүндөгү үгүт, билим берүү жана кадрларды даярдоо". 18. Төмөнкү мазмундагы 28-1-статья менен толукталсын: "28-1-статья. Билим берүү жана кадрларды даярдоо Орто, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим бе-рүү мекемелери, ошондой эле билим берүү ишмердигин турмушка ашыруу уку-гу бар кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо мекемелери энергия мененжабдуу тармагындагы кызматкерлерди окутуу жана даярдоо боюнча програм-маларда энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдалануунун негиздерин,анын ичинде энергиянын жањыланып туруучу булактарын жана отундун аль-тернативдүү түрлөрүн натыйжалуу пайдалануунун негиздерин кароого тий-иш.". 2-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдикукуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 3-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти