Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы N 130 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 23-сентябры № 523 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Түштүк региондор аралык башкармалыгын өзгөртүп түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмүноптималдаштыруу, министрликтин системасында кайталоочу звенолорду жоюу,милдеттерди жана маселелерди аткаруу сапатын жогорулатуу максатындаКыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Түштүк региондор аралык башкармалык бөлүү жана анын базасындаОш, Жалал-Абад жана Баткен облустук башкармалыктарды түзүү жолу мененөзгөртүп уюштурулсун. 2. "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин масе-лелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-майын-дагы № 175 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кыр-даалдар министрлигинин башкаруу схемасына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизил-син: - "Түштүк" деген сөз "Ош, Жалал-Абад, Баткен облустук башкармалык-тары" деген сөздөргө алмаштырылсын. 3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үч айлыкмөөнөттө: - өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин; - Ош, Жалал-Абад, Баткен облустук башкармалыктарынын ортосундамилдеттерди кайра бөлүштүрүүнүн жана өзгөртүп түзүүнүн жүрүшүндө бошо-тулуучу кызматкерлерди ишке орноштуруу боюнча тиешелүү чаралардыкөрсүн; - зарыл болгонго жараша ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруучужана башка маселелер боюнча тиешелүү сунуштарды киргизсин. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдарбөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов