Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 30 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 23-сентябры № 524
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап
турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча
мамлекеттик агенттиктин кызматкерлеринин
ведомстволук форма кийими жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Мыйзамынын44-статьясына, Кыргыз Республикасынын "Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу" Мыйзамынын 43-статьясына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 24-августундагы № 560 "Кийимдин аскердик, атайын жана ведомстволук формаларын кийип жүрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү
коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери-
нин ведомстволук форма кийиминин тиркелген сүрөттөмөсү бекитилсин.
2. Ведомстволук форма кийимдин комплектисинин баасы төмөнкүдөй тө-
лөнөөрү белгиленсин:
50 проценти бекитилген сметанын чегинде:
- борбордук аппараттын жана мамлекеттик коруктун, мамлекеттик
улуттук жаратылыш парктарынын кызматкерлери үчүн - Кыргыз Республикасы-
нын айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба боюнча мамлекеттик органына
караштуу республикалык жаратылышты коргоо жана токой чарбасын өнүктүрүү
фондунун каражатынын эсебинен;
- структуралык подразделениелер үчүн - өздүк атайын каражаттарынын
эсебинен.
50 процентин Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жана то-
кой чарба боюнча мамлекеттик органынын кызматкерлери төлөшөт.
3. Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба
боюнча мамлекеттик органынын кызматкерлерине ведомстволук форма кийимди
тигүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу "Мамлекеттик сатып алуулар
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:
- Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 17-июлундагы № 444 "Кыргыз
Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин экология
блогунун структуралык подразделениелеринин жана ведомствого караштуу
уюмдарынын кызматкерлери үчүн форма кийимдери жана айырмалоо белгилери
жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы №
377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" ток-
томунун 44-пункту.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу
бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 23-сентябрындагы
№ 524 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо
жана токой чарба боюнча мамлекеттик органынын
кызматкерлеринин ведомстволук форма кийиминин
СҮРӨТТӨЛҮШҮ
Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой
чарба боюнча мамлекеттик органынын кызматкерлеринин ведомстволук форма
кийими "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы-
нын 44-беренесине, "Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 43-беренесине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин
75-беренесине ылайык иштелип чыккан.
Ведомстволук форма кийимдин комплекти төмөнкүлөрдөн турат:
- күндө кийиле турган костюм;
- кышкы күрмө;
- кызматтык баш кийим.
Эркектер үчүн күндө кийиле турган костюм
Костюм күрмөдөн жана шымдан турат да, көгүш-жашыл түстөгү жүн же
жарым жүндүү кездемеден жасалат жана бир өњчөй ачык түстөгү көйнөк жана
кызматтык кийимдин өњүндөгү жагоо менен кийилет.
Күрмө кенен көрүнүштө жана көкүрөк ортосунан этегине чейин тике
кеткен сыдырма салынган, ичинде каптамасы, капталдарында сыдырмалуу
кыйшык салынган чөнтөктөрү бар, кайырма жакалуу жана капталдарында чой-
мо салынган жана кайып тигилген курлуу.
Өњүрлөрү бүгүлгөн, тигиштери бастырылып, кабылып тигилген, сыртына
капталып салынган клапандуу чөнтөктөрү бар.
Арты туурасынан салынган тигиш менен бастырылган. Жењдерине эки
тигиш жаткырылып, жењинин учтары бүчүлөнөт. Сол жењдин ийиндеги тигиши-
нен 5-10 см аралыкта экология эмблемасы (шеврон) тагылып тигилет.
Чөнтөктөрдүн клапандары, жењдин учтары кызматтык үлгүдөгү топчулар
менен топчуланат.
Шым тикесинен түз кетет, кайытып тигилген куру бар, тасма-сыдырма
жана курдагы топчу аркылуу бүчүлөнөт. Курдун сол жактагы алдыњкы бөлүгү
бош келип, топчуга бүчүлөнөт.
Каптал чөнтөктөрү төмөнкүдөй негизги деталдардан: алдыњкы жарым
тилкеден жана кесилген каптал бөлүктөн туруп, чөнтөк тарапка кеткен түз
линиялуу. Арт тарабынын оњ жарым тилкесинде төрт бурчтук көрүнүшүндө
кесип оюп жасалган чөнтөк салынган, ал бооруна жасалган илмекке топчу
аркылуу бүчүлөнөт.
Курда аны белге ылайыктуу кылып өткөрүү үчүн алты-сегиз тешикче
жасалган.
Алдыњкы жана арткы жарым бөлүктөрүндө белдин тушунан бирден таноо
кетет.
Чөнтөккө көздөй кеткен линиянын четинен 0,5 см аралыктагы жасалга-
лоо тигиши кетет.
Аялдардын күндө кийиле турган костюму
Костюм күрмөдөн жана юбкадан турат да, көгүш-жашыл түстөгү жүн же
жарым жүндүү кездемеден жасалат жана бир өњчөй ачык түстөгү кыска
көйнөк жана кызматтык кийимдин өњүндөгү жагоо менен кийилет.
Кенен көрүнүштө жана көкүрөк тушунан тикелей күрмөнүн этегине че-
йин сыдырма салынган, капталдарында сыдырмалуу кыйшык салынган
чөнтөктөрү бар, кайырма жакалуу жана капталдарында резина чоймо салын-
ган жана кайып тигилген кур бар.
Өњүрлөрү бүгүлгөн, тигиштери бастырылып, кабылып тигилген, сыртына
капталып салынган клапандуу чөнтөктүү.
Арты туурасынан салынган тигиш менен бастырылган. Жењдерине эки
тигиш жаткырылып, жењинин учтары бүчүлөнөт. Сол жењдин ийиндеги тигиши-
нен 5-10 см аралыкта экология эмблемасы (шеврон) тагылып тигилет.
Чөнтөктөрдүн клапандары, жењдин учтары кызматтык үлгүдөгү топчулар
менен топчуланат.
Юбка тикесинен түз кетет, үч тигиш жаткырылган. Арткы тилкесинин
ортоњку тигиши бир тараптуу бүгүшкө өтүп кетет.
Юбканын жогору жагында кайытып тигилген жана топчулар менен бүчү-
лөнгөн курлуу.
Белдемчинин бүчүсү сол капталдагы тигиште тасма-сыдырма аркылуу
бекитилет.
Алдыњкы жана арткы тилкелеринде бел тушунан өткөн экиден таноо ке-
тет.
Кышкы күрмө
Күрмө көгүш-жашыл түстөгү жүн же жарым жүндүү кездемеден тигилген
жана этегине чейин ичтелген, тери жакалуу жана капюшондуу, тикелей кет-
кендей тигилип, көкүрөк ортосунан тике түшкөн сыртынан көрүнбөгөн сы-
дырмасы бар.
Этек тараптары бел курчоосу боюнча ички "көшөгөлөр" менен каптал-
ган жана үстү жана этек жактарында сыртынан тигилген клапандуу чөнтөк-
төрү бар.
Жасалма териден жасалган жакасы бар.
Арты бүтүндөй бычылып, бел курчоосу боюнча кеткен ички "көшөгөлөр"
менен капталган.
Жењдери бир тигиштүү таноолорго ээ. Жењдердин алды жабык кесилген
жана бүгүлүп кеткен тигиш менен иштелген.
Сол жењде 5-10 см аралыкта экология эмблемасы (шеврон) тагылып ти-
гилет.
Кызматтык баш кийим
Кызматтык баш кийим - кепка.
Жылдын жылуу мезгилинде форма кийимди баш кийимсиз кийүүгө уруксат
берилет.
Кепка көгүш-жашыл түстүү жүн же жарым жүндүү кездемеден тигилип,
сүйрү көрүнүштөгү калыптан, кырынан, калканчыдан жана кайрымадан турат.
Кепканын капталдарында абаны желдетүүчү үч тешик жасалып, аларга металл
шакекчелер кийгизилген.
Кайрыманын үстүњкү бөлүгү каптал жактарынан кадоолор менен беки-
тилген.
Алды тараптан шапкенин кырына белгиленген үлгүдөгү белги тагылып
бекитилген.
Жылдын суук мезгили үчүн кепканын ичи кебезден жасалган каптама
менен жылууланган.
Айлана чөйрөнү коргоо жана экологиялык
посттордун инспекторлору үчүн кызматтык төш белги
Кызматтык төш белги алтын түстөгү жээктүү жашыл сегиз учтуу жылдыз
көрүнүшүндө жасалган. Кызмат белгисинин борборунда экология эмблемасы-
нын сүрөтү түшүрүлгөн.
Эмблеманын кыры боюнча тегерете "КУРЧАП ТУРГАН ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО" де-
ген жазуу жана төш белгинин сериялык номери түшүрүлгөн.
Кызматтык төш белгинин өлчөмдөрү: вертикаль жана горизонталь боюн-
ча диаметринин эњ кењейип өткөн жери жылдыздын нурунун учуна чейин 70
мм, төш белгинин ортосунда жайгашкан экология эмблемасынын диаметри 30
мм. Төш белги төштүн сол тарабына тагылат.
Фурнитура
Баш кийим үчүн кокарда алтын өњдүү металлдан жасалган жана алтын
өњдүү рельефтүү жээктелиштен турат да, анын ортосуна бет жагынан түстүү
эмаль менен капталган экологиялык эмблеманын сүрөтү түшүрүлгөн.
Кокарданын өлчөмү мындай: вертикаль жана горизонталь боюнча диа-
метринин эњ кењейип өткөн жери алтын түстүү дөмпөк жээктин кырына чейин
30 мм, экология эмблемасынын диаметри 20 мм.
Металлдан жасалган, алтын түстөгү экологиялык эмблеманын сүрөтү
түшүрүлгөн кызматтык топчулардын диаметрлери мындай:
- күрмөнүн жењинин уч тарабы үчүн 14 мм (кичинекей);
- кышкы күрмө үчүн 25 мм (чоњ).
Экология эмблемасы
Эмблеманын жогорку бөлүгүндө жаратылыш сакчысынын символун
түшүндүргөн алтын түстүү бүркүт түшүрүлгөн.
Эмблеманын ортосунда дөмпөйтүлгөн көрүнүштөгү кар чокулуу көгүлтүр
тоолор түшүрүлгөн. Эмблеманын төмөнкү бөлүгүндө жашыл түстөгү тянь-шань
карагайынын сүрөтү түшүрүлгөн.
Жењге тагыла турган белги (шеврон) түстүү кооз сүрөттөр түшүрүлгөн
винил терисинен жасалган. Төш белги четтери боюнча алтын түстөгү жээк-
телиштер менен кооздолгон көгүлтүр түстөгү тегерек көрүнүшкө ээ. Жогору
тарабында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун сүрөтү түшүрүл-
гөн. Ортосунда экология эмблемасы тартылган. Алтын түстөгү ички теге-
ректин диаметри боюнча үстү тарабында "ЭКОЛОГИЯ", ал эми төмөн жагында
"КЫРГЫЗСТАН" деген жазуулар түшүрүлгөн.
Экология эмблемасы түшүрүлгөн белги оњ жењге тагылат.
Ведомстволук форманын кийүү мөөнөттөрү
-----------------------------------------------------------------------
|№№ | Аталышы | Кийүү мөөнөтү (жыл) |
|к/б| | |
|---|------------------------------------|----------------------------|
| 1 |Костюм | 3 |
|---|------------------------------------|----------------------------|
| 2 |Кышкы күрмө | 4 |
|---|------------------------------------|----------------------------|
| 3 |Форма баш кийим | 3 |
-----------------------------------------------------------------------