КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 24-сентябры № 532 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү жанатолуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбооружактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри аталган мыйзам долбоо-рун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. Премьер-министр И.Чудинов
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 1-статья. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасы-нын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.; 1998-ж., № 6,226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 1. 86-статьянын 1-пунктунун үчүнчү абзацынын биринчи сүйлөмү үчүн-чү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Каттоодон баш тартуу мыйзамдарда каралган негиздер боюнча жүргү-зүлөт.". 2. 87-статьянын 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "5. Саясий партиялардан, диний уюмдардан жана башка коммерциялыкэмес уюмдардан тышкары юридикалык жактардын уюштуруу документтерин өз-гөртүү юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органы аларды белгиленген тар-типте бекиткен күндөн тартып күчүнө кирет. Саясий партиялардын, диний уюмдардын жана башка коммерциялык эмесуюмдардын уюштуруу документтерин өзгөртүү алар мамлекеттик каттоодонөткөн күндөн тартып күчүнө кирет. Мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жактын уюштуруу докумен-ттерин өзгөртүү мамлекеттик каттоо жүргүзгөн органга мындай өзгөртүүлөржөнүндө билдирүү жиберген күндөн тартып күчүнө кирет. Мында юридикалыкжактар жана алардын уюштуруучулары ушул өзгөртүүлөрдү эске алуу мененүчүнчү жактарга карата мындай өзгөртүүлөрдүн каттоосу жоктугуна шылтоокылууга укугу жок.". 3. 91-статьянын 3-пунктунда "Кодекс" деген сөз ", мыйзам" дегенсөз менен толукталсын. 4. 97-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын: "4. Юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органы жоюу балансын бекитүүжөнүндө чечимди юридикалык жактын милдеттенмелери, анын ичинде үчүнчүжактардын алдында кепилдик милдеттенмелери жок болгон учурда гана кабылалышы мүмкүн. Юридикалык жак жоюлгандан кийин анын кредитордук карызы бар экен-диги аныкталган учурда юридикалык жактын уюштуруучулары (катышуучулар,акционерлер) кредитордун алдында юридикалык жактын ишмердиги токтотул-гандыгы каттоодон өткөн учурдан тартып 2 жылдын ичинде кредитордун та-лабы берилген шартта Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толукжоопкерчиликте болушат.". 5. 98-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "98-статья. Юридикалык жакты жоюунун тартиби 1. Жоюу комиссиясы кредиторлорду аныктоого жана дебитордук карыз-дарды алууга бардык аракеттерди жасайт, ошондой эле юридикалык жактынжоюлуп жаткандыгы жөнүндө анын кредиторлоруна кат жүзүндө кабарлайт. 2. Эгерде жоюлуп жаткан юридикалык жактын (мекемелерден башкасы-нын) акча каражаты кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетиш-сиз болсо, анда ал ушул Кодекстин 100-статьясында белгиленген тартиптегана жоюлушу мүмкүн. 3. Жоюлуп жаткан юридикалык жактын кредиторлоруна акча суммаларынтөлөө ушул Кодекстин 99-статьясында белгиленген кезектүүлүк тартиби бо-юнча жоюу комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт. 4. Кредиторлор менен эсептешүү бүткөндөн кийин жоюу комиссиясы жо-юу балансын түзөт, ал юридикалык жактын мүлкүнүн менчик ээси же юриди-калык жакты жоюу жөнүндө чечим кабыл алган орган тарабынан бекитилет. 5. Жоюлуп жаткан мекеменин акчалай каражаты кредиторлордун талап-тарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болгон учурда кредиторлор талаптары-нын аткарылбай калган бөлүгүн бул мекеменин менчик ээсинин мүлкүнүнэсебинен канааттандыруу доосу менен сотко кайрылууга укуктуу. 6. Юридикалык жактын кредиторлорунун талаптары канааттандырылган-дан кийин калган мүлкү, эгерде мыйзамда же ушул юридикалык жактын уюш-туруу документтеринде башкача каралбаса, бул мүлккө карата буюм укугуже бул юридикалык жакка карата милдеттенмелик укугу бар юридикалык жак-тын уюштуруучуларына (катышуучуларына) берилет. 7. Юридикалык жактын жоюлушу аяктады, ал эми юридикалык жак ишинтоктотту деп каттоочу уюмдун тиешелүү чечими кабыл алынган учурдан тар-тып эсептелет.". 2-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ыла-йык келтирсин. 3-статья. Бул Мыйзам 2009-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти